Ысымдары


Сүйүктүү пайгамбарыбыздын эң көп айтылган ысымы – Мухаммед. "Өтө көп макталган”, "айрыкча жактырылган” деген маанилерге келет. Бул ат Курани каримде Али Имран, Ахзаб, Фатх жана Мухаммед сүрөлөрүнүн катары менен 144, 40, 29, жана 22-чи аяттарында төрт жолу айтылат. Саф сүрөсүнүн 6-чы аятында Хазрети Исанын үммөтүнө "Хак тааланы көп мактаган, жактырган” маанисин берген "Ахмед” деген ат менен кабар берилгендиги тууралуу айтылат. Курани каримде Мухаммед жана Ахмед аттарынан башка Махмуд, Расул, Наби, Шахид, Башир, Назир, Мубашшир, Мунзир, Даи-и илаллах, Сираж-ы мунир, Рауф, Рахим, Мусаддык, Музаккир, Муддассир, Абдуллах, Карим, Хак, Мунир, Нур, Хатамун-набийин, Рахмет, Нимет, Хади, Таха, Ясин... деп да айтылган. Булардан башка мубарек ысымдарынын бир нечеси Курани каримде, бир нечеси хадиси шарифтерде, бир нечеси мурунку пайгамбарларга жиберилген касиеттүү китептерде айтылган.

Пайгамбарыбыздын ысымдары кээ бир хадистерде Махи, Акиб, Мукаффи, Набиййур-рахме, Набиййут-тавбе, Набийй-ул-мулахим, Каттал, Мутевеккил, Фатих, Хатам, Мустафа, Умми, Кусем (бардык жакшылыкты өз боюна жыйнаган) деген аттары да кездешет.

Бир хадиси шарифте Пайгамбарыбыз: "Мага тиешелүү беш  ат бар: Мен Мухаммедмин, Мен Ахмедмин, Мен Махимин, Аллаху таала мен аркылуу куфурлукту жоет. Мен Хаширмин, калк кыямат күнү менин уруксатым менен жыйналат. Мен Акибмин, менден кийин пайгамбар жок”, - деген.

Сүйүктүү пайгамбарыбызга Хазрети Хадичадан туулган жана кичинекей кезинде кайтыш болгон баласы Касымга байланыштуу "Абул Касым” деген лакап ат берилген. Ошондой эле, Пайгамбарлыгынан мурун аны дагы тууралык, ишеничтүүлүк, чынчылдык сыяктуу чексиз асыл касиеттерине байланыштуу Курайш уруусунун арасында Ал-Амин деп да аталган.

Расулуллахтын Курани каримде өткөн аттарынын бири Курани каримдин жүрөгү болуп саналган Ясин сүрөсүндөгү "ясин” сөзү. Улама-и расихин деген аалымдар катарынан болгон Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери: "Ясин – "Эй менин махабат дарыямдын сүзүүчүсү болгон хабибим (сүйүктүүм)” деген сөз” – деген.

Пайгамбарыбызды мактаган түрдүү-түрдүү өлөңдөр, ошону менен катар ага арналып көптөгөн эмгектер жазылган. Булардын ичинде атактары чыккан, аттары кылымдан кылымга тараган атактуу адамдардын өздөрү Расулуллахты мактоодо алсыз экендиктерин баян кылышкан. Аны көрүп сулуулугуна ашык болгондор тилдери буралганга чейин айтууга тырышышкан жана сулуулугун түшүндүрүп жеткирүүгө адам баласынын күчү жетпейт дешкен.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш