Хилйа-и саадат


Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын келбетинин, көрүнүшүнүн сүрөттөлүүсү хилйа-и саадат деп аталат.

Ислам аалымдары Мухаммед алейхиссаламдын көрүнгөн бардык мүчөлөрүн, келбетин, касиеттерин, көркөм мүнөзүн жана өмүрүнүн бардык учурларын ачык түрдө далилдер  менен  жазып калтырышкан. Бул маалыматтар Пайгамбарыбыздын өзүнүн сөздөрү болгон хадиси шарифтерден жана сахабаларынын билдирген кабарларынан жыйналган. Буларды камтыган туундулар сийар китептери деп аталат. Миңдеген сийар китептеринин ичинде Пайгамбарыбыздын хилйаи саадатын сүрөттөгөн эң атактуу китептер Имам Тирмизинин «Аш-шамаил-ур-расул» жана Кады Ийаддын «Шифа-и шариф» атуу китептери, Имам Байхакинин жана Абу Нуайм Исфаханинин «Далаил-ун-нубувва», ошондой эле Имам Касталани хазреттеринин «Мавахиб-и-Ладуниййа» атуу эмгектери болуп эсептелет.

Хадиси шарифтерде мубарек жүзү менен бардык мүчөлөрү жана үнү бардык адамдардын жүздөрүнөн, мүчөлөрүнөн, үндөрүнөн сулуу болчу. Мубарек жүзү бираз тоголок болчу, ал кубанганда айдай нурланчу. Кубангандыгы мубарек маңдайынан белгилүү болчу. Расулуллах алейхиссалам күндүз кандай көрсө Пайгамбарыбыз бардык адамдардын эң сулуусу эле. Мубарек

Күндүз кандай көрсө, түндө да ошондой көрө турган. Алдындагыларды кандай көрсө, артындагы нерселерди да ушундай көрө турган. Муну далилдеген жүздөгөн окуя китептерде жазылган. Көз менен көрүүнү жараткан Аллаху тааланын башка дене мүчөлөрү менен көрүүнү да жаратууга кудурети жетет. Эки жагын же аркасын карай турган болгондо толук денеси менен бурулуп карачу. Жерди асмандан көп карачу. Кирпиктери узун, көздөрү ири, кареги капкара эле. Көздөрүндө бираз кызгылтың бар эле. Түнү көзүнө сүрмө сүрчү. Пайгамбарыбыздын маңдайы ачык, жарым ай сымал каштарынын ортосу ачык эле. Эки кашынын арасындагы тамыр ызаланганда бүлөөлөнүп чыкчу. Мубарек мурду сулуу, ортосу бираз бийик эле. Мубарек башы чоң болчу. Мубарек оозу кичине эмес эле. Мубарек тиштери ак, алдыңкылары сейрек болчу. Сүйлөгөн кезде тиштеринин арасынан нур төгүлгөндөй болор эле. Аллахтын кулдары ичинде ал сыяктуу эч ким так жана асемдүү сүйлөй албайт. Анын сөздөрүн түшүнүү оңой жана көңүлдөрдү өзүнө тартчу эле. Сүйлөгөндө сөздөрү бермет маржан сыяктуу даана-даана болгондуктан санагысы келген адам кыйналбастан санай алмак. Кээде жакшы түшүнүктүү болушу үчүн сөздөрүн үч жолу кайталачу. Бейиште адамдар Мухаммед алейхиссалам сыяктуу сүйлөшөт. Ыйык үнү да эч кимдин үнү жетпей турган жерлерге чейин жеткендиги керемет болчу.

Расулуллах саллаллаху алейхи ва саллам жылуу жүздүү болгон. Жылмайып күлчү жана мубарек алдыңкы тиштери көрүнчү. Күлгөн кезде нуру дубалдарда чагылышчу. Ыйлаганы да күлгөнү сыяктуу жеңил болчу. Каркылдап күлчү эмес жана кыйкырып ыйлачу эмес. Ал кайгырганда мубарек көзүнөн жаш агып, мубарек көөдөнүнүн добушу угулчу. Үммөтүнүн күнөөсүн ойлонгондо Аллаху тааладан коркконунан жана Курани каримди тыңдаганда жана кээде намаз окуганда ыйлачу.

Пайгамбарыбыздын мубарек манжалары ири жана мубарек колдору эттүү эле. Мубарек алаканы кең болчу. Денесинин жыты өтө жагымдуу эле. Мубарек денеси ары жумшак, ары күчтүү эле. Анас бин Малик айтат: «Расулуллахка он жыл кызмат кылдым. Мубарек колдору жибектен жумшак болчу. Мубарек денеси мускустан да, гулдөн да жыпар жыттуу эле. Мубарек колу, буту, манжалары узун эле. Мубарек буттарынын манжалары ири, асты өтө бийик эмес жана жумшак эле. Мубарек курсагы кең жана төшү менен бир деңгээлде эле. Кең далылуу, кең төштүү болчу. Пайгамбарыбыздын жүрөгү назаргахи илахи (Аллахтын назар сала турган жери) эле.

Бою узун да, кыска да эмес, орто бойлуу эле. Жанына узун бойлуу адам келсе, андан узун болуп көрүнчү. Отурганда ыйык ийини башкалардын ийининен бийик көрүнчү. Ыйык чач-сакалы жаратылышынан бираз тармал болчу, аларды боёчу эмес. Кайтыш болгон кезде чачы жана сакалынын агы жыйырмадан аз эле. Мурут коюп жүрчү. Мурутунун узундугу каштарындай эле. Кол астында жеке чачтарачы бар болчу. Мухаммед алейхиссалам мисвак менен тарагын жанынан таштачу эмес. Мубрек чачы менен сакалын тараган кезде күзгүгө каранчу. Расулуллах алейхиссалам алдын гана карап ылдам басчу. Анын бир жерден өткөнү анын жыпар жытынан белгилүү болчу. Расулуллах алейхиссалам «араб» болчу. Кызыл менен ак аралашкан түстүү, сулуу, нурдуу, сүйкүмдүү болчу. Пайгамбарыбызды кара деген адам капыр болот. "Араб” сөзү сөздүктө "сулуу” дегенди билдирет. Мисалы, «лисан-и араб» - «сулуу сөз» деген сөз. Терминдик мааниси, б.а., география тили менен араб деген сөз – Арабстанда туулуп-өскөн, ошол жердин абасы менен, суусу менен, азыгы менен чоңоюп өскөн жана ошолордун тегинен чыккан адам дегенди билдирет. Анатолиялыктардын Түрк, Болгариялыктардын болгар, Германиядагылардын немис деп аталгандыгы тууралуу Расулуллах алейхиссалам дагы Арабстанда туулгандыктан араб болуп эсептелет. Араптар ку жуумал, буудай түстүү болот. Асыресе Пайгамбарыбыздын теги ак жуумал жана сулуу жүздүү болушкан. Чоң аталарынан болгон Ибрахим алейхиссалам да ак жуумал болгон. Ал Басралык Тарух деген ак жуумал бир момундун уулу болчу. Капыр болгон Азер Ибрахим алейхиссаламдын атасы эмес, атасынын тууганы жана өгөй атасы болгон.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын атасы Абдуллахтын сулуулугу Мысырга чейин таралып, маңдайындагы нурга байланыштуу эки жүзгө жакын кыз ага турмушка чыгуу үчүн Меккеге келишкен. Бирок, Мухаммед алейхиссаламдын нуру Хазрети Аминага насип болду.

Агасы Аббас менен Аббастын уулу Абдуллах ак жуумал болгон. Пайгамбарыбыздын кыяматка чейинки үй-бүлөсү көркөм жана ак жуумал болот. Расулуллахтын сахабалары да ак жуумал, сулуу болушкан. Осман радыйаллаху анх саргыч өңдүү болгон. Пайгамбарыбыздын грек императору Гераклиуска жиберген адамы Дыхйа-и Калби өтө сулуу адам болгон. Ал көчөдөн өтсө грек кыздары аны көрүү үчүн көчөгө чыгышчу. Жабраил алейхиссалам Пайгамбарыбызга көбүнесе Дыхйанын (радыйаллаху анх) келбетинде келчү.

Мысыр, Шам, Африка, Сицилия жана Испаниянын жергиликтүү тургундары араб эмес. Араптар Исламды таратуу үчүн Арабстандан чыгып, ошол жерлерге чейин баргандыктан азыркы кезде араптар ал жерлерде да бар. Ошону менен катар Анатолияда, Индустанда жана башка мамлекеттерде дагы бар. Бирок, бул элдердин эч кайсынысынын жергиликтүү тургундарын арап деп атоо туура эмес.

Мысырдыктардын өңү кара-тору келишет. Хабашстандыктардын өңү кара болот. Алар хабаш (эфиоп) деп аталат. Зенгибар тургундары негр деп аталат. Алар да кара. Пайгамбарыбыздын туугандарын, неберелерин жакшы көрүү жана урматоо – ибадат болуп саналат. Аларды бардык мусулмандар жакшы көрүшөт. Анатолияга (Түркияга) конокко келген кара түстүү адамдар, эфиопиялыктар менен негрлер урматка ээ болуш үчүн өздөрүн араппыз деп таанытышчу. Анатолиянын ак көңүл мусулмандары алардын сөздөрүнө ишенишип аларды жакшы көрүп, урматташкан. Анткени, бул сүйүүдө кара-ак деп бөлүнүү жок эле. Кара түстүү мусулман ак түстүү капырдан канча эсе жогору, кадырлуу болот. Адамдын кара болуусу анын ыйманынын абыроюн түшүрбөйт. Билал Хабаши хазреттери менен Расулуллах өтө жакшы көргөн Хазрети Усама кара болчу. Жамандыктары жана жийиркенерлик иштери менен таанылган Абу Лахаб менен Абу Жахл деген капырлар ак түстүү болушкан. Аллаху таала адамдын түр-түсүнө эмес ыйманынын күчтүүлүгүнө, такыбаалыгына карайт. Бирок, каралардын өздөрүн арап деп таанытуулары Ислам душмандарынын, яхудилердин пайдасына жарады. Бир жагынан кара адамдарды төмөн жана жийиркеничтүү кылып таанытышты. Аларды кул катары колдонушту. Бир жагынан кара мышыктарды, иттерди «Арап, арап» деп чакырып, гезит-журналдарга жарыяланган кара сүрөт же карикатураларды арап деп аташып, жаштарга арапты кара деп таанытууга, ушундайча, мусулман балдарын Пайгамбарыбыздан алыстатууга тымызын аракет кылышты.

Көркөм мүнөздүн бардыгы Мухаммед алейхиссаламда жыйналган эле. Бул жогору ахлак ага Аллаху таала тарабынан берилген болуп, эмгектин аркасынан кол жеткизиле турган касиеттер эмес эле. Ал эч качан бир мусулмандын атын атап каргачу эмес, ыйык колу менен эч кимди урчу эмес. Өз напси үчүн эч кимден өч алууга тырышчу эмес. Бир гана Аллах үчүн, Аллах жолунда өч алчу. Туугандары, сахабалары, кызматчылары менен өтө карапайымдуулук менен карым-катнаш кылчу. Үй жумуштарында өтө жумшак жана жарык маанайлуу эле. Ооруп калгандардын жагдайын сурап, жаназаларына катышчу. Сахабаларына жардам берип, балдарды көтөрүп ойночу. Руху периштелер ааламында болчу.

Мухаммед алейхиссаламды кокустан көрүп калган адамды коркуу басчу. Ал эми өзү жылуу жүздүү болбогондо, пайгамбардык сүрү себебинен анын жанына эч ким отуруп, сөзүн угууга батына алмак эмес. Бирок, өзү болсо катаал мүнөздүү эмес болчу жана уяттуулугу ушунчалык көп болгондуктан маңдайында маектешип турган адамдын бетине тик карачу эмес. Ал адамзаттын эң жоомарты эле. Бирөө бир нерсе сураса эч качан жок деген эмес. Суралган нерсе бар болсо берчү, жок болсо жооп берчү эмес. Жакшылыктары ушунчалык эле, Грек императору, Иран Падышалары эч бири анын кылган жакшылыгын жасай алмак эмес. Бирок, өзү кыйынчылык менен өмүр сүрүүнү каалачу, жеп-ичүү тууралуу ойлочу эмес. «Тамак-аш алып келгиле жейли» же «Мындай тамак бышыргыла» деген эмес. Тамак алып келсе жечү, кандай тамак берилсе аны кабылдачу. Кээде айлар бою аз жеп, ач жүрүүнү жактырчу. Кээде көп жечү. Тамактан кийин суу иччү эмес. Сууну отурганда иччү. Башкалар менен бирге отуруп тамак жеген кезде колун тамакка эң акыркы болуп узатчу. Бардык адамдардын белегин кабылдачу. Белек алып келген адамга артыгы менен ага да белек берчү.

Ар түрдүү кийимдерди кийүү адаты болчу. Чет элден адам келсе кооздонуп, баалуу кийимдерди кийип, көркөм жүзүн көрсөтү. Агат ташынан күмүш шакек тагынчу жана мөөр катары колдончу. Шакегинин бетинде «Мухаммадун расулуллах» деген жазуу бар болчу.Төшөгү териден тигилген, ичине курма багынын бууласы салынган эле. Кээде ушул төшөгүнө, кээде жерге төшөлгөн териге, кээде камыш төшөгүнүн үстүнө, кээде кургак топуракка жатчу. Мубарек алаканынын оң жагын астына коюп, оң жагына карап жатчу. Зекет малын алчу эмес, чийки пияз жана сарымсак сыктуу нерселерди жечү эмес жана ыр-өлөң айтчу же ырдачу эмес.

Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын мубарек көзү уктаса да жүрө- гү уктачу эмес. Ачка жатып, ток ойгончу. Эч качан эстечү эмес. Мубарек денеси нурдуу болчу, көлөкөсү жерге түшчү эмес. Кийимине чымын кончу эмес, чиркей жана башка жандыктар аны чакчу эмес. Аллаху таала тарабынан Расул (элчи) экендиги билдирилгенден кийин шайтандар көккө чыгып, көктөн кабар алалбай турган, төлгөчүлөр кайыптан кабар алалбай турган болушту. Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи ва саллам биз билбеген бир өмүр менен азыр өмүр сүрүүдө. Денеси эч качан чирибейт. Кабырында бир периште турат, үммөтүнүн айткан салаваттарын ага кабарлап турат. Минбары менен кабырынан арасы Равда-и мутаххара деп аталат. Бул жер Жаннат бакчаларынын бир бакчасы. Кабырын зыярат кылуу ибадаттардын эң кадырлуусу болуп саналат.

Пайгамбарыбыздын сулуулугун улуу сахабалар мындай баяндашат:

Абу Хурайра хазреттери: «Расулуллахтан ашкан сулуу адам көрбөдүм, жүзү күндөй жаркырап турчу. Күлгөн кезинде тиштери дубалга шоола чаччу», - деген.

Ибни Абу Хала: «Пайгамбарыбыздын мубарек жүзү айдын он төртү сыяктуу жаркырачу», - деди.

Хазрети Али: «Аны кокустан көргөн адам анын айбаттуулугунан тайсалдачу. Аны менен сүлөшүп, тааныган адам дароо жүрөгү жылып, аны жакшы көрө баштачу», - деди.

Жабир бин Самура: «Расулуллах мубарек колу менен бетимди сыйпады. Колунан атыр жыт сатуучулардын сумкасынан колун жаңыдан чыгарган кезиндеги жытты сездим. Расулуллах бирөө менен кол алышып амандашкан болсо ал адамдын колунан ошол күнү ошол жыпар жыт кетпей турчу», - деди.

Хазрети Айша: «Расулуллах бир баланын башын сыласа башка балдардын ичинде ошол бала жыпар жыты менен өзгөчөлөнүп турчу», - дейт.

Расулуллах саллаллаху алейхи ва саллам бир күнү үйүндө уктап жаткан эле. Анас бин Маликтин апасы Үммү Сулейм келди. Расулуллах алейхиссалмдын уктап жатканында мубарек жүзүнөн тер тамчылары көрүнүп турду. Үммү Сулейм Пайгамбарыбыздын тер тамчыларын жыйнай баштады. Ойгонуп, себебин сураганда Пайгамбарыбыздын сүт таежеси болгон Үммү Сулейм: «Аны үйдө атыр сууларыбызга кошобуз. Сиздин териңиз – эң жагымдуу жыпар жыт», - деди.

Пайгамбарыбыз өтө асемдүү сүйлөчү. Сөзүн эмнеден баштап, эмне менен аяктоону жакшы билчү. Сөздөр анык, ачык, айкын жана чечендик сыпаты болор эле. Анын сөздөрүнөн маанинин тууралыгы ар качан байкалып турчу, түшүндүрө билүү жөндөмдүүлүгү жогору болгондуктан сүйлөгөндө чарчачу эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш