Улама-и
расихин деп аталган, захир жана батын илимдеринде адис жана Пайгамбарыбыздын
мурасчылары болгон улуу Ислам алымдары аны бардык сулуулугу менен көрүп, ашык
болушкан. Алардын башында Абу Бакр Сыддык (радыйаллаху анх) келет. Ал
Расулуллахтагы пайгамбардык нурун көрүп, анын артыкчылыгын, көркөмдүгүн жана
үстөмдүгүн түшүнүп, ашык болгону ушунчалык, бул маселеде ага эч ким жете
албаган. Хазрети Абу Бакр ардайым, ар караган нерсесинен Расулуллахты көрөр
эле. Бир жолу бул жагдайын: "Йа, Расулаллах! Кайда карасам да сизди көрөмүн”,
- деп
билдирген. Бир жолу да "Бардык жакшылыктарымды сиздин бир катаңызга алмаша алсам
го”, – деген. Расулуллах алейхиссаламдын сулуулугуна күбө болуп, аны
сүрөттөгөндөрдүн бири Хазрети Айша энебиз болгон. Хазрети Айша аалым, мужтахид,
акылдуу, зээндүү, адептүү болгон. Өтө чечен жана так сүйлөчү эле. Курани
каримдин маанилерин, адал менен арамды, арап ырлары менен эсеп илимин өтө жакшы
билген. Расулуллахты мактоочу ырлары бар. Бул эки ырды Хазрети Айша энебиз
айткан:
"Ва лав самиу фи Мысра авсафе хаддихи Лама
базалу фи савми Юсуфа мин накдин.
Лавима Залиха лав Раайна жабинаху,
Ла асарна билкатил Кулуби алал айди”. Котормосу:
"Эгер
Мысырдагылар анын (Пайгамбарыбыздын) жүзүнүн сулуулугун угушканда (сулуулугу
аңыз-дастанга айланган) Юсуф алейхиссаламга эч акча беришмек эмес эле. Башкача
айтканда, бардык мал мүлкүн анын жүзүн көрүш үчүн жыйнашмак эле. Залиханы "Юсуф
алейхиссаламга ашык болгон” деп жамандаган аялдар Расулуллахтын нурдуу жүзүн
көрүшкөндө колдорун эмес жүрөктөрүн кесип, анын оорусун сезишмек да эмес”.
Хазрети Айша
энебиз мындай дейт: "Бир күнү Расулуллах бут кийиминин боосун чыгарып жаткан
эле. Мен жип ийирип отурган элем. Мубарек жүзүн карадым. Жаркыраган маңдайынан
тер тамчылап турган эле. Тердин ар тамчысы айланага нур чачып, көздөрүмдү
чагылдырды. Таңыркап туруп калдым. Ал мага карап: "Эмнеге таңыркап турасың,
сага эмне болду?” – деди. "Йа, Расулаллах! Мубарек жүзүңүздөгү жаркыраган нурга
жана мубарек маңдайыңыздагы тер тамчыларынын төккөн шооласын карап, эсимен
танып турамын”, – дедим. Ал туруп алдыма келди. Көздөрүмдүн арасынан өөп: "Йа,
Айша! Аллаху таала сага жакшылыктарды насип кылсын! Мени кубанткандай сени
кубанта албадым”, –деди. Башкача айтканда, сенин мени кубантууң менин сени
кубантканыман көп деди. Хазрети Айшанын мубарек көздөрүнүн арасынан өбүүсү
Расулуллахты жакшы көрүп, анын сулуулугун сүйүү менен жана жамалын түшүнүү
менен көргөндүгүнөн. Ошол себептен бул кылган аракети макулданып, макталган.
Расулуллах
алейхиссаламдын мубарек денесиндеги жашыруун асемдикти көрсөтө турчу
сулуулуктары башка эч кимде кездешпейт. Имам Куртуби: "Расулуллахтын сулуулугу
айланасындагыларга толук көрүнгөн эмес. Эгер чыныгы сулуулугу көрүнгөндө
сахабалар ага кароого чыдай алышмак эмес. Эгер чын сулуулугун көрсөтсө эчким
карап турууга чыдамак эмес эле”, - дейт.
Юсуф
алейхиссалам адамдарга ачык сулуулугу менен, ал эми Пайгамбарыбыз жашыруун сулуулугу
менен көрүнгөн. Юсуф алейхиссаламдын дидары көрүнгөндө колдор кесилди.
Пайгамбарыбыздын кемелдиги менен поптордун белдиктери кесилди, буттар
кыйратылды, куфурлук булуттары ыдыратылды.
Сахабалар
(радыйаллаху анхум) Пайгамбарыбыздан: "Йа, Расулаллах! Сиз сулуусузбу, же Юсуф
алейхиссалам сулуубу?” – деп сурашты. Пайгамбарыбыз: "Тууганым Юсуф менден сулуу, мен андан сүйкүмдүүмүн.
Анын көрүнгөн сулуулугу менин көрүнгөн сулуулугуман көп”, - деди.
Пайгамбарыбыз
бир хадиси шарифинде: "Аллаху тааланын
жиберген бардык пайгамбары жылуу жүздүү, асем үндүү болгон. Силердин
пайгамбарларыңар алардын эң жылуу жүздүүсү жана асем үндүүсү”, – деди.
Расулуллах
алейхиссаламдын Курани каримде аталган ысымдарынын бири – Курани каримдин
жүрөгү болуп саналган Ясин сүрөсүндөгү "Ясин” сөзү. Уламаи расихин аалымдарынан
болгон Сеййид Абдулхаким Арваси: "Ясин, "Эй менин махабат дарыямдын сүзүүчүсү
болгон сүйүктүүм” деген маанини берет” – деген. Бул дарыянын атын уккандар,
алыстан көргөндөр, жакын баргандар, ичине түшүп насип кылынгандай терең
сүзгөндөрдүн бардыгы өмүрлөрүнүн бардык убактында Расулуллахка деген ашыктык
сезимине бөлөнүп, көз жаштарын төгүп отуруп, таасирдүү сөздөр менен ушул
сезимдерин жеткизишкен. Ошолордун ичиндеги эң жогорусу жана атактууларынын бири
жана ушул махабат дарыясында чоң үлүшү бар адам – Мавлана Халид Багдади
хазреттери болуп саналат. Ал Расулуллахка деген махабат менен ашыктык сезимин
ырга кошуп ырдаган.
Пайгамбарыбызды
мактоочу бөлөк-бөлөк жазылган ырлар менен мактоолорго кошо Ал тууралу көптөгөн чыгармалар
жазылган. Аларды жазгандардын ичинде атагы менен эмгектери бүткүл аалам менен
кылымдарды каптагандарынын өзү Пайгамбарыбызды мактоодо алсыз экендиктерин
айткан. Аны көрүп сулуулугуна ашык болгондор тил байлыктарынын жеткенинче
сүрөттөөгө аракет кылышкан, бирок бардыгы бир ооздон ал сулуулукту сүрөттөөгө
адам баласынын күчү жетпей турганын айткан. Ислам аалымдарынын китептеринде
ошол ашыктардын жүздөгөн баяндоолору берилген. Аларды окугандар Аллаху тааланын
сүйүктүү пайгамбарын акыл жетпей тургандай даражада жана адам карап тойо албай
тургандай сулуулукта жаратканын ошол учурда гана түшүнөт. Көрбөсө да ага
көңүлдөрү байланат. Хабибуллахка ашык болгондор ар деминде ичине кирген абанын
сериндигинде Ага болгон сүйүүнүн
даамын сезишет. Айга ар караган сайын анын көздөрүнөн келген шооланын
чагылуусун издеп лаззат алат.
Анас бин
Маликтен риваят кылынган бир хадиси шарифте: "Эч ким мени өзүнөн,
балдарынан, атасынан жана бардык жаратылган нерседен да артык сүймөйүнчө толук
ыйман келтирген болуп саналбайт”, - делген.
Бир күнү
Хазрети Омар Пайгамбарыбызга: "Йа, Расулаллах! Аллаху таалага ант кылам, мен
үчүн жанымдан башка бардык нерседен артыксыз”, - деди. Пайгамбарыбыз: "Силердин бирөөң мени жанынан артык
көрмөйүнчө ыйман келтирген болуп саналбайт”, - деди. Ошондон баштап Хазрети
Омар: "Йа, Расулаллах! Сизге Курани каримди жиберген Аллаху таалага ант кылам,
сиз мен үчүн жанымдан да артыксыз”, - дегенде "Эй, Омар! Эми (толук) болду”,
- деген.
Бир адам
Пайгамбарыбызга барып: "Эй, Аллаху тааланын Расулу! Кыямат качан болот?”, -
деди. Пайгамбарыбыз: "Кыямат үчүн эмне
даярдадың?” – деп сурады. Ал адам: "Көп намаз окуп, орозо кармап, садага
берип кыяматка даярдана албадым. Бирок, мен Аллаху тааланы жана анын Расулун
жакшы көрөмүн”, - деди. Анда ага Пайгамбарыбыз: "Адам сүйгөнү менен бирге болот”, - деди.
Пайгамбарыбыз
кайтыш болгондон кийин андан айрылганына чыдай албаган Билал Хабеши
(радыйаллаху анх) Мединада жүрө албай Шам калаасына кеткен эле. Ошол жерде
бираз убакыт калгандан кийин бир түнү түшүндө Пайгамбарыбыздын ага: "Мени зыярат кылбайсыңбы, йа, Билал?” – дегенин
көрүп, ойгонгондон кийин дароо Мединага карай шашты. Медина-и мунавварага
келгенде эч кайда бурулбастан түптүз Пайгамбарыбыздын кабри шарифине бет алды.
Чоң урмат жана таазим менен кабырдын алдына келген Билал Хабаши (радыйаллаху
анх) Расулуллах менен өткөзгөн ошол бактылуу күндөрүн эске алып сагыныч көз
жаштарын төктү. Кабыр башында узун убакыт ыйлап отурду. Расулуллахтын
неберелери Хазрети Хасан менен Хазрети Хусейндин өтүнүчтөрүн кайтара албай бир күнү
таң намазы үчүн азан окуй баштады. Пайгамбарыбыз доорунда күндө беш ирет Медина
асманын жаңыртып турган тааныш добуш бүткүл Мединарлыктарды толкундандырып,
үйлөрүнөн көчөгө тартып чыккан эле. Нурдуу Медина калкы сүйүктүү Пайгамбарыбыз
Расулуллах заманын эске салган Билал
Хабашинин (радыйаллаху анх) окуган азанынын таасиринен ыйлашты. Хазрети Билал
Хабаши да өзүн кармай албай ыйлагандыктан азанды араң бүтүрө алды.
Расулуллахты
сүйүү бардык мусулмандар үчүн фарзи-айн болуп саналат. Ага деген махабат бир көңүлгө
орносо Ислам менен өмүр сүрүү, ыйман менен Исламдын лаззатына, тойбой турган
рахатына эрүү өтө оңой болот. Бул махабат эки дүйнөнүн Мырзысына толук моюн
сунууга себеп болот. Бул махабат аркылуу Аллаху тааланын сүйүктүү Пайгамбарына
берген чексиз жана айтып түшүндүрүү мүмкүн болбогон ниматтарга жана берекеге
кол жеткизүү болот. Улуу-кичүү бардык мусулманды тикелей Расулуллахтын
сүйүүсүнө алып бара турган Ахли сүннөт алымдары менен алардын китептери ушул
берекенин далили болуп саналат.
Расулуллахтын
мубарек ысымын айткан же уккан мусулмандын Расулуллахтын сухбатында отургандай
үнсүз, адеп менен көңүл жана дене менен урмат кылып отуруу важип болот.
Пайгамбарыбыздын
сөздөрүндө жана иштеринде кездешкен бир нерсени анын атагын көтөрө тургандай
бир нерсе менен мактоо ага деген таазим менен урматты билдирет. Адамдар
арасында төмөн даражада колдонулган сөздөрдү Пайгамбарыбызды сыпаттодо
колдонбоо да ага деген таазим болуп саналат.
Мисалы,
пайгамбарды кедей деп айтууга болбойт. Чабан дегенге болбойт. "Расулуллах тигил
нерсени жакшы көрөр эле” деп айтылган кезде "А мен болсо аны жактырбаймын” деп
айтпаш да ага деген урмат болуп саналат. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва
саллам): "Мен сүйөнүп отуруп тамак
жебейм”, – деген сөзүнө карата "А мен болсо жөлөнүп жейм” дегенден кийин
тескериленип бир нерсеге жөлөнүп отуруп же жанбаштап тамак жеген дурус болбойт.
Буларга маани берүү да Расулуллахка деген урмат болуп саналат. Буларды
менсинбегендигин көрсөтүү максаты менен атайын урматсыздык кылуу куфурлукка жол
ачат.
Курани
каримдин жана хадис китептеринин үстүнө башка туш келген китеп же башка бир зат
койбоо да Аллаху таала менен Расулуна таазим болуп саналат. Алардын үстүндөгү
чаңды сүртүү, Аллаху тааланын ысымы же Расулуллахтын ысымы жазылган баракты
жерге таштабоо да Аллаху таала менен Расулуна деген урматты билдирет.
Мындай
кагаздарды жыртууга болбойт. Ислам тамгалары менен жазылган кагаздарга да көп
урмат көрсөтүү керек. Эгер ичинде Аллаху тааланын ысымы менен аяттары бар
китептер менен барактар эскирип жыртылса, аларды таза кездемеге ороп, топуракка
көмүү кажет же суу менен жууп, бетиндеги жазуларды өчүрүү керек же жагуу керек.
Жагыла турган болсо, күлүн топуракка көмүү керек. Жагуу жазууну жууп
кетиргенден жакшырак. Анткени, жууганда колдонула турган суу тебеленди болушу
мүмкүн.
Расулуллахтын
хареми (ордосу) болгон Медина-и мунаввара шаарына таазим менен урмат
көрсөтүү ал жерде тыйым салынган нерселерден (же күнөө кылуудан) тыйылуу жана
Медина-и Мунаввара калкына сый-урмат көрсөтүү Расулуллахка деген урмат болуп
эсептелет.