Аллаху таала
сүйүктүү Пайгамбарына (саллаллаху алейхи ва саллам) берген жакшылыктары менен
ихсандарын айткан кезде, аны эң жакшы, эң көркөм мүнөздөр менен кооздогонун
айтып: "Сен жакшы мүнөздүү болуп
жаратылдың”, - деген. Хазрети Икрима мындай деди: "Абдуллах ибн Аббастан
уктум. Бул аяти каримадагы "хулукы азим”, б.а., жакшы мүнөздөр Курани каримде
билдирген мүнөздөрү болуп саналат. Аяти каримада: "Сен хулукы азим боюнча жаратылдым”, - деп айтылган. (Калам сүрөсү,
4) Хулуки азим – Аллаху таала менен сырдаш болуу, ал эми адамдар менен жакшы
мүнөздүү болуу дегенди билдирет. Көптөгөн адамдын ислам динине кирүүлөрүнө
Расулуллахтын көркөм мүнөзү себеп болгон.
Сөздөрү
жагымдуу, таттуу болгон, көңүлдөрдү ээлеп алып, рухтарды багындырчу.
Акылдуулугу ошончолук, Арабстанда орой, катаал адамдардын арасында туулуп, өтө
жакшы башкарып, алардын көрсөткөн жамандыктарына сабыр кылып, аларды жумшартып,
багындырды. Көпчүлүгү диндерин таштап, мусулман болушту жана Ислам жолунда өз
аталарына, өз балдарына каршы согушушту. Анын жолунда мал-мүлктөрүн, мекенин
курман кылып, кандарын төгүштү. Негизинде алар мындай нерселерге үйрөнүшкөн
эмес эле. Эч кандай аракетинде, эч
кандай ишинде, эч кандай сөзүндө, эч качан, эч кандай жаман нерсе, эч кандай
кемчилик байкалбаган. Өзүнө катыштуу маселеде эч кимге таарынчу эмес эле,
бирок, дин душмандарына, динге тил тийгизгендерге, колу менен зыян бергендерге
каршы катуу болгон.
Мухаммед
алейхиссаламдын миңдеген мужизалары көрүлгөн, муну дос да, душман да айткан.
Бул мужизалардын эң баалуусу – адептүү жана көркөм мүнөздүү болуусу эле. Абу
Саид Худри хазреттери мындай дейт: "Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам)
малга чөп берчү. Төөнү байлачу. Үйүн шыпырчу. Койду саачу. Бут кийиминин
жыртылган жерин өзү тикчү, кийимин да өзү жамачу. Кызматчылар менен бирге
отуруп тамактанчу. Кызматчысы тегирмен тартып, чарчаган кезде ага жардам берчү.
Базардан керектүү заттарын алып, баштыкка салып, үйүнө алып келчү. Кедей-бай,
чоң-кичине туш келген адам менен кездешип калган кезде аларга биринчи болуп
салам берчү. Алар менен биринчи саламдашуу үчүн мубарек колун биринчи болуп
сунчу. Кулга, беделдүү адамга, мырзага, кара адамга, ак адамга, баарына тең
карачу. Ким чакырса да чакырылган жерге барчу. Алдына койгон нерсени аз болсо
да төмөн саначу эмес. Кечтен таңга, таңдан кечке тамак алып кой чу эмес. Өтө
жакшы мүнөздүү эле. Жакшылык жасаганды жакшы көрчү, бардык адамдар менен жакшы
мамиле кылчу эле. Жылуу жүздүү, жылуу сөздүү болчу, сүйлөп жатканда күлчү эмес.
Муңдуу сыяктуу болуп көрүнчү. Бирок, кабагы карышкан эмес эле. Кичипейил,
карапайым болчу. Айбаттуу болчу, адамда урмат менен коркунуч уялатчу. Бирок,
орой эмес эле. Назик жана жоомарт эле. Эч нерсени ысрап кылчу эмес, орунсуз
жерге эч нерсе берчү эмес, бардык адамга мээрим менен карачу эле. Мубарек башын
алдына карай ийип басчу эле. Эч кимден эч нерсе күтчү эмес, үмүт кылчу эмес.
Бактылуу, тынч өмүр сүргүсү келген адам ал сыяктуу болуусу керек”.
Анас бин Малик
мындай дейт: "Расулуллахка он жыл кызмат кылдым, бир да жолу "уф” деген эмес.
"Муну эмнеге ушундай жасадың, муну эмнеге жасаган жоксун”, - деген эмес.”
Абу Хурайра:
"Бир согушта капырлардын жок болуулары үчүн дуба кылуусун сурадык. "Мен лаанат үчүн, адамдардын азап чегүүлөрү
үчүн жиберилген жокмун. Мен бардык адамга жакшылык жасоо жана
адамдардын бакытка жетүүлөрү үчүн жиберилдим”, - деди. Аллаху таала
"Анбия” сүрөсүнүн 107-чи аятында: "Сени
ааламдарга ырайымдуулук, жакшылык үчүн жибердик”, - деген.
Абу Саид Худри
мындай дейт: "Расулуллахтын уяттуулугу намыстуу мусулман кыздарынын уятынан да
көп болчу”.
Анас бин Малик
мындай дейт: "Расулуллах бирөө менен саламдашкан кезде ал адам колун
тартмайынча мубарек колун андан мурун тартчу эмес. Ал адам бетин терс
бурмайынча мубарек жүзүн андан терс бурчу эмес. Бирөөнүн жанында отурган кезде
тизелеп отурчу, ага урмат көрсөтүү үчүн буттарын созуп отурчу эмес”.
Жабир бин
Сумура мындай дейт: "Расулуллах аз сүйлөчү. Керек кезде же бирөө бир нерсе
сураганда гана сүйлөчү. Мындан ар бир мусулман пайдасыз, бош сөздөрдү айтпоосу
керек экендиги түшүнүлдү. Сүйлөгөндө анык, түшүнүүгө оңой, жеңил жана орду
менен сүйлөчү.”
Анас бин Малик
мындай дейт: "Расулуллах ооруган адамдын көңүлүн сураганы барчу эле. Жаназанын
артынан басчу. Чакырылган жерге барчу. Эшекке да минчү. Расулуллах багымдат
намазынан чыккан кезде Мединанын балдары менен жумушчулары суу толгон идиштерин
ага алып барып, андан мубарек манжаларын сууга салууну суранышчу, кышта суу
муздак болсо да алардын көңүлүн кайтарбай, колун салчу”. (Мединалыктар анын
мубарек колу тийген сууну ичип берекеттенишчү.)
Дагы да Анас
бин Малик хазреттери айтат: "Бир кичинекей кыз Расулуллахтын колунан кармап,
бир ишке алып барса, аны менен артынан барып ишин бүтүрүп берчү”.
Жабир
хазреттери мындай дейт: "Расулуллах алейхиссаламдан бир нерсе суралганда "жок”
дегенин уккан жокмун”.
Пайгамбарыбыз
уяттуулук жагынан бардык жаратылгандардан жогору эле. дабаардык
жаратылгандардын жогору болчу эле. Ылайыксыз, орунсуз нерселерди карачу эмес.
Эч кимди ал адам жактырбаган сөз менен чакырчу эмес.
Хазрети Айша энебиз
айтат: "Расулуллахка бирөөнүн бир жактырбаган иши тууралуу айтылганда ал
адамдын атын айтпастан жалпы мааниде, "Адамдар эмнеге андай кылышат”, - дечү. Ушунтип
ал адамдын атын атабай андай иштерден алыстатчу”.
Анас бин Малик
айтып берген: "Бир күнү Пайгамбарыбыздын алдына бетине сары бир нерсе сүртүлгөн
бир адам келди. Ага эч нерсе айткан
жок. Аны таарынта турчу эч нерсе айткан жок. Ал чыккандан кийин: "Бетиндегини сүртүп алуусун айтсаңар
болмок”, - деди.”
Расулуллах
алейхиссалам урууларды бирлештирүүчү эле. Аларды бири-бирине жек көрдүртчү
эмес. Ар уруунун чоңуна сый-сыйапат көрсөтүп, аны төргө отургузчу.
Эч кимди
өзүнүн мубарек дидарынан куру кылчу эмес. Сахабаларын издеп, келбегендерди
сурап отурчу. Жанында отургандарга насыят айтып, алардын насибин берчү.
Кыймыл
аракетинен бирин башкасынан артык көрөт деген ой эчкимде пайда болчу эмес.
Жанына бир нерсени даттанып келген адамга чыдап, сабыр менен укчу.
Келген адам
өзү кетип калмайынча аны таштап кетчү эмес. Көркөм мүнөзү менен ахлагын бардык адамга
бирдей сунчу. Анын алдында акы жана адилеттик жагынан бардык адам тең эле. Эч
кимдин эч кимден артыкчылыгы, айырмасы жок эле.
Хазрети Айша
энебиз айтат: "Расулуллах алейхиссалам сыяктуу көркөм мүнөзгө ээ болгон адамды
көргөн жокмун. Сахабаларынын же ахли байтинен бири аны чакырса "Лаббайк”
(кулагым сизде, угуп турамын) деп турчу.
Пайгамбарыбыз
сахабаларын эң жакшы аттар менен чакырчу, эч кимдин сөзүн бөлчү эмес. Сүйлөшүп
отурган адам сөзүн аяктабастан же кетүү үчүн турбастан анын сөзүн бөлчү эмес.
Анын жакшы
мамилеси, шапааты, мээримдүлүгү тууралуу Аллаху таала "Тообо” сүрөсүнүн, 128-чи
аятында: "Силердин кыйналганыңар аны
таарынтат жана кайгыртат. (Ал) Силерди
кыя албайт, момундарга өтө мээримдүү, аларга көп жакшылык тилейт”, - деген.
Жана "Анбия” сүрөсүнүн 107-чи аятында: "(Эй, хабибим!) Сени ааламдарга бир гана ырайымдуулук үчүн жибердик”, - деген. Пайгамбарыбыз
үммөтүнө катыштуу көп нерселерди кыйын болот деп жеңилдеткен. "Эгер үммөтүмө кыйынчылык кылбаганымда ар
даарат алганда мисвак колдонууну буйрук кылмакмын”, - деген.
Сөзүндө туруу
маселесинде да адамдар арасында Пайгамбарыбыздан ашкан адам жок.
Абдуллах бин
Абил-Хамса айтып берген: "Пайгамбарыбыз менен ага али пайгамбарлыгы билдириле
электе соода жасаган элек. Өз эсебинде бир калдык калган эле. Ага бир убаккыта
баланча жерде кездешүүгө сөз берип, кийин унутуп кетиптирмин. Үч күндөн кийин
берген сөзүм эсиме түшүп, ошол жерге жүгүрдүм. Анын үч күндөн бери ошол жерде
күтүп турганын көрүп, таң калдым. Мага "Жигит!
Мени чарчаттың. Мен сени ушу жерде үч күндөн бери күтүп турамын”, - деди.
Пайгамбарыбыздын
саллаллаху алейхи ва саллам кичи пейилдик касиети эч кимде, жада калса, эч бир
пайгамбарда (алейхимуссалам) болбой тургандай даражада жана теңдешсиз эле.
Текебердик
сезим анда эч качан болгон эмес. Пайгамбарыбызга "кожоюн (чексиз укуктуу)
пайгамбар” же "кул пайгамбар” болууну тандоого эркиндик бергенде кул пайгамбар
болууну тандаган.
Ушундан кийин
Исрафил алейхиссалам пайгамбарыбызга "Күмөнсүз, Аллаху таала кичипейилдүүлүк
көрсөткөн ошол касиетти да сизге берген. Анткени, кыяматта сиз Адам урпагынын
эң улуусусуз. Кабырдан турган алгачкы адам - сизсиз. Алгачкы болуп шапаат
кылган да - сизсиз”, - деди.
Пайгамбарыбыз
Хазрети Айша энебизге мындай деди: "Мага Меккенин ташынын, топурагынын алтын болушу сунушталды. Жок, йа
Раббим дедим. Бир күн ач, бир күн ток болоюн. Ач калган күнү сага жалбарып дуба
кыламын. Ток болгон күнү сага хамду санаа кыламын”, - дедим”.
Жабраил
алейхиссалам Пайгамбарыбызга келип: "Аллаху тааланын сизге саламы бар. Кааласа
бул тоолорду ага алтын кылайын. Кайда барса да ошол алтын тоолору аны менен
бирге болот деди”, - деди.
Пайгамбарыбыз: "Эй, Жабраил! Дүйнө – үйү
жоктун үйү. Жана (ал) – мүлкү жоктун
мүлкү. Аларды акылсыз адам гана жыйнайт”, - деди. Андан кийин
Жабраил алейхиссалам: "Йа Мухаммед (алейхиссалам)! Аллаху таала сизди сөзүнө
туруктуу, күчтүү кылган”, - деди.
Хазрети Айша
энебиз: "Бир ай үйүбүздө тамак бышыруу үчүн от жакпаган күндөр болду. Бир гана
курма менен суу болгон”, - деген.
Ибни Аббас
хазреттери: "Расулуллах менен ахли байти бир нече түн кечки тамак ичпестен
жатар эле. Кечке жечү эч нерсе таппайт элек”, - деген.
Хазрети Айша
энебиз айтат: "Расулуллах алейхиссаламдын мубарек карды тамакка эч качан тойгон
эмес. Бул тууралуу эч кимге даттанган эмес. Муктаждык ал үчүн байлыктан артык
болгон. Түнү бою ачкалыктан кыйналса да бул анын күндүзгү орозосуна кедерги
болчу эмес.
Ал кааласа,
Раббисинен жер бетинин бардык казыналарын, тамактары менен рахат өмүр сүрөр
эле. Сөз беремин, анын бул абалын көргөндө жаным сыздап ыйлайт элем. Колу менен
мубарек ичин сылап, "Жаным сизге курман болсун, сизге кыйындык алып келген бул
дүнүйөдө бир аз нерсе алсаңыз болбойбу?” – деп айтар элем. Ал: "Эй, Айша! Мен дүйүнөнү эмне кылам? Улул
азмдан болгон пайгамбар досторум мындан да оор азаптарга чыдады. Бирок, ошол
абалдары менен өмүр сүрүүлөрүн уланткан. Раббилерине жетишти. Ошол себептен
Раббилери алардын Өзүнө кайтууну керемет түрдө жүзгө ашырды, соопторун
арттырды. Мен ырахат өмүр сүрүүдөн тартынамын. Анткени, андай өмүр мени алардан
артка калтырат. Мен үчүн эң жакшы жана эң сонун нерсе –
жакындарыма, досторума жолугуу жана алардын катарына кошулуу”, - деди.
Расулуллах ушу сөзүнөн бир айдан кийин кайтыш болду.”
Пайгамбарыбыздын
жоомартыгы да ооздон оозго аңыз-дастанга айланган. Бул жагынан да эч ким аны
менен тең келе албайт.
Ибни Аббас
мындай дейт: "Расулуллах алейхиссалам жакшы- лык жасоо жагынан адамдардын
ичиндеги эң жоомарты болгон. Рамазан айында жана Жабраил алейхиссалам менен
кездешкен кезде чоң жоомарттык кылган”, - деген.
Анас бин Малик
айтат: "Расулуллах менен бирге келе жаттым эле.
Үстүндө Йемендик чапан (Бүрди Нажрани) бар болгон. Артынан бир адам келип,
жакасынан ошончолук катуу таркандыктан чапанынын жакасы мубарек мойнун тытып,
из калтырды. Расулуллах бул адамга акырын гана жылмайып, ага бир нерсе
берилүүсүн буюрду”.
Расулуллахтын
бир кары аял кошунасы бар эле. Ал кызын Расулуллахка жиберип: "Намаз окуганга
кийген кийимим жок. Мага намазда жамынууга бир кийим жибериңиз”,- деп суранат.
Расулуллах алейхиссаламдын дал ошол убакытта ашыкча кийим жок эле. Үстүндөгү
"антарини” (узун көйнөк) чечип, ошол аялга жиберет. Намаз убакыты келген кезде
кийимсиз болгондуктан мечитке бара алган жок. Сахабалар муну угуп: "Расулуллах
ошончолук жоомарт, кийимсиз калып мечитке келе албай отурат. Биз да бардык
нерсебизди кедейлерге тараталы”, -
дешти. Аллаху таала "Исра” сүрөсүнүн 29-чу аятын жиберди. Алгач хабибине: "Сараңдык кылба, эч нерсе бербей койбо”, -
деп, андан кийин: "Кыйынчылыкка түшө
турганчалык жана намазды өткөрүп жибере турганчалык, капалана турганчалык
деңгээлде бардык нерсеңди таратпа! Садакада орто жолду карман”, - деп
буюрду.
Ошол күнү
намаздан кийин Хазрети Али Расулуллахтын жанына келип, "Йа Расулаллах! Бүгүн
бала-чакам үчүн сегиз дирхам күмүш карыз алган эле. Анын жарымын сизге берейин.
Өзүңүзгө антари (кийим) алыңыз”, -
деди. Расулуллалах базарга барып, эки дирхамга бир антари сатып алды. Калган
эки дирхамга азык-түлүк алууга бара жатканда бир сокур адамдын отурганын көрдү.
Ал: "Аллах ыразычылыгы үчүн жана Жаннат кийимине кол жеткизүү үчүн ким мага
көйнөк берет?” деп отурду. Алган кийимин ошого берди. Сокур адам кийимди колуна
алган кезде жыпар жытты сезди. Мунун Расулуллах алейхиссаламдын мубарек колунан
келгенин түшүндү. Анткени, Расулуллахтын бир жолу кийген нерсеси эскирип,
сөгүлсө да жыпар жыт жыттанып турчу. Сокур адам: "Йа Раббим! Ушу көйнөктүн урматына
менин көздөрүмдү ача көр”, -деп дуба кылды. Ошол замат эки көзү ачылды. Расулуллах ал жерден кетти. Бир
дирхамга бир кийим сатып алды. Калган бир дирхамга азык-түлүк алууга бара
жатканда бир кызматчы кыздын ыйлап турганын көрүп, "Кызым эмнеге ыйлап жатасын?” - деп сурады. Ал: "Бир яхудинин
кызматчысымын. Кожоюнум мага бир дирхам
берип, жарты дирхамга чыны, жарты дирхамга май сатып алууга жиберген. Ошолорду
алып бара жаткан элем. Колуман түшүп, чыны сынды, май да кетти. Эмне кыларымды
билбей жатам”, - деди. Расулуллах акыркы дирхамын кызга берип: "Ушуга чыны менен май ал”, - деди. Кыз:
"Үйгө кеч барганым үчүн яхуди мени урат деп корком”, - деди. Пайгамбарыбыз: "Коркпо, сен менен бирге барып, сага
тийбесин деп сураймын”, - деди. Яхудинин үйүнө барып, эшигин какты. Яхуди
эшикти ачып, Расулуллахты көрүп таң калды. Расулуллах яхудиге болгон жагдайды
айтып, кызга ачууланбоосун сурады. Яхуди Расулуллахтын бутуна жыгылып: "Миңдеген
адамдын баш таажысы болгон, миңдеген арстан буйругун орундоо үчүн күтүп турган
эй улуу Пайгамбар! Бир кызматчы кыз үчүн мен сыяктуу бир байкуштун үйүнүн
эшигин кадырланттыңыз. Йа Расулаллах! Бул кызды сиздин урматыңызга азат кылдым.
Мага ыйманды, Исламды үйрөтүңүз. Сиздин алдыңызда мусулман болоюн”, - деди.
Расулуллах алейхиссалам ага мусулмандыкты үйрөттү. Ал мусулман болду. Үйүнө
кирди. Бала-чакасына болгон окуяны айтты. Бардыгы мусулман болду. Мунун баары
Расулуллахтын көркөм мүнөзүнүн берекеси менен ишке ашты.
Расулуллахтын
жакшы касиеттери өтө көп. Ар бир мусульмандын аларды үйрөнүп, андан үлгү алуу
керек. Ушундайча, дүйнөдө жана жана акыретте балекеттерден, кыйынчылыктардан
кутулуу, пайгамбарыбыздын шапаатына жармашуу насип болот.
Анын көркөм
мүнөздөрүнүн кээ бирлери булар:
Расулуллахтын
илими-ирфаны, түшүнүгү, акылы, зейини, жоомарттыгы, карапайымдыгы, мээрими,
сабыры, кайраты, камкорлугу, чынчылдыгы, ишенимдүүлүгү, эрдиги, улуулугу,
чечендиги, салмактуулугу, намыстуулугу, кемелдиги, ынсабы, уяттуулугу,
такыбаалыгы бардык пайгамбарлардан артык болгон. Досунан, душманынан көргөн
зыяндарын, азаптарын кечирчү. Эч кайсынысына жамандык менен жооп кайтарчу эмес.
Ухуд согушунда капырлар анын ыйык жаагын канатып, мубарек тишин сындырган кезде
муну кылгандар үчүн "Йа Раббим! Аларды
кечир. Жахилдиктерине багыштап кечир” деген.
Өзүн эч кимден
жогору кармачу эмес. Бир сапарда кой этинен шишкебек жасайлы деген кезде бири:
"Мен соёюн”, - деди. Дагы бири: "Мен терисин сыйырайын”, - деди.
Жана да бирөө: "Мен бышырайын”, -
деди. Расулуллах: "Мен отун жыйнаймын”, -
дегенде сахабалар: "Йа, Расулаллах! Сиз демалыңыз, биз жыйнайбыз”, - дешти. "Ооба, силердин бардык нерсени жасаарыңарды
билемин. Бирок, жумуш иштеп жаткандардан бөлүнүп отура албайм. Аллаху таала
досторунан бөлүнүп отургандарды сүйбөйт”, - деп, отун жыйноого кетти.
Сахабалар
отурган жерге келген кезде төр жакка өтчү эмес. Кайсы жер бош болсо, ошол жерге
отурчу эле. Колуна таягын алып бир күнү көчөгө чыкканда аны көргөндөр ордунан
турду. "Өзгөлөрдүн бир-бирине урмат
көрсөткөнү сыяктуу, мен үчүн ордуңардан турбагыла! Мен да силер сыяктуу бир
адаммын. Бардык адам сыяктуу ичип-жейм. Чарчаганда отурамын”, - деди.
Көбүнчө
тизелеп отурчу. Тизелерин көтөрүп эки колун кошуп отурган кездери да болгон.
Тамак ичүүдө, кийингенде жана бардык нерседе кызматчыларын өзүнөн бөлчү эмес.
Аларга жумуштарында жардам берчү. Эч качан бирөөнү уруп, жаман сөз айтканы
көрүнгөн эмес. Ага ар убакыт кызмат жасаган Анас бин Малик: "Расулуллахка он
жыл кызмат кылдым. Бирок, Ал кишинин жасаган кызматы менин ага жасаган
кызматымдан артык болот. Мага таарынганын, катуу сүйлөгөнүн эч качан көргөн
эмесмин”, - деген.
Багымдат
намазын окуп болгондон кийин бурулуп жамаат ка карап: "Ооруп калган тууганыбыз барбы? Барып
көңүлүн сурайлы”, - дечү. Оору адам жок болсо: "Жаназа чыгарган үй барбы, барып жардам берели”, - дечү. Кайтыш
болгон адам бар болсо аны жууга, кепендөөгө жардам берип, жаназасын окуп,
кабырга жерге берүүгө чейин барчу эле. Кайтыш болгон адам жок болсо: "Түш көргөн адам бар болсо айтсын, угалы,
жоруйлу”, - дечү.
Конокторуна,
сахабаларына кызмат кылып: "Бир коомдун
эң жогорусу – ошол коомго кызмат кылганы”, - дечү.
Эч качан
каткырып күлгөнү көрүнгөн эмес. Жай күлүмсүрөчү.
Кээде күлгөн
кезде мубарек алдыңкы тиштери көрүнчү.
Орунсуз, пайдасыз
сөздөрдү сүйлөчү эмес. Керектүү кезде кыска, пайдалуу, мааниси ачык сөздөрдү
айтчу. Түшүнүктүү болуу үчүн кээде бир сөзүн үч жолу кайталап айтчу.
Айбаттуулугунан
эч ким анын жүзүн карай алчу эмес. Бирөө келип мубарек жүзүн караган кезде,
толкунданганынан өзүн тер басчу. Ошондо пайгамбарыбыз: "Кысылба! Мен падыша эмесмин, заалым эмесмин. Эт шорпосу менен күн
көргөн карапайым бир аялдын уулумун”, - дечү. Ушундан кийин ал адамдын
коркунучу басылып, дартын айтчу.
"Ичиңерде Аллаху тааланы жакшы тааныган
жана андан эң көп корккон - менмин”, "Менин көргөнүмдү көрсөңөр аз күлүп, көп
ыйламаксыңар”, - дечү. Асмандан булут көрсө: "Йа Раббим! Бул булут менен бизге азап жибербе”, шамал турса: "Йа Раббим! Бизге кайырлуу шамал жибер”, асман
күркүрөгөндө: "Йа Раббим! Бизге
таарынып, өлтүрбө. Азабыңды жибербе. Кечире көр”, - деп дуба кылчу. Намазда
турганда көкүрөгүнөн ыйлаган адамдын үнү сыяктуу бир үн чыкчу. Курани карим
окуганда да ошондой болчу.
Жүрөгүнүн
кубаты, баатырлыгы адамды таң калдырчу. Хунайн согушунда мусулмандар таралып,
үч-төрт эле адам менен калган эле. Бир нече жолу капырлардын чабуулуна жалгыз
каршы чыкчу жана чегинбеди.
Өтө жоомарт
эле. Жүздөгөн төө менен койду таратып, өзүнө эч нерсе калтырчу эмес. Канчалык
катуу жүрөктүү капырлар анын бул үстөмдүктөрүн көрүп, ыйман келтиришкен.
Аялдарына жана
бир нече кызматчысына кээде бир жылдык арпа менен курма бөлүп коюп, ал жердеги
кедейлерге да садака берчү.
Койдун этин,
эттин шорпосун, ашкабакты, таттууларды, балды, курманы, сүттү, каймакты,
дарбызды, коонду, жүзүм менен бады- раңды жакшы көрчү.
Сууну акырын,
бисмиллах менен баштап, үч жутум менен иччү.
Аягында
"алхамдулиллах” деп, дуба кылчу.
Кийүү жаиз
болгон нерселерден тапканынын бардыгын кийе берчү. Калың кебезден ихрам сыяктуу
тигилбеген нерселерди жамынып, жапкыч оронуп, көйнөк менен чапан да кийчү.
Булар кебезден, жүндөн же кылдан токулчу. Көбүнчө ак кийчү, кээде жашыл түсүн
да кийчү. Тигилген кийим кийген кездери да болгон. Жума жана Айт күндөрү жана
чет мамлекеттерден элчилер келгенде
жана согуш маалында баалуу көйнөктөрдү, жашыл, кызыл, кара кийимдерди да кийчү.Колун билектерине чейин, мубарек бутун балтырынын жарымына чейин жабчу.
Арабстандагы
адат боюнча чачын кулагынын жартысына чейин өстүрчү, артын кесип кыскартчу.
Чачына атайын дайындалган жыпар жыттуу май сүрчү. Колуна,
башына, бетине жыпар жыттарды сепчү.
Төшөгү ичи
курма буласына толтурулган териден жасалган болчу. Жүн толтурулган бир төшөк
алып келингенде аны кабылдабай: "Йа,
Айша! Аллаху таалага сөз берем, эгер кааласам Аллаху таала мени бардык жерде
алтын менен күмүшкө бөлөйт эле”, - деген. Кээде (камыштан токулган)
төшөнүч, тактай, жүндөн токулган кийиз же кургак топурак үстүнө жатчу.
Ар түн сайын
көзүнө үч жолу сурма сүрчү.
Үйүндө күзгү,
тарак, сурма идиши, мисвак, кайчы, ийне, жип ар дайым болчу. Жолго чыкканда
аларды да ала жүрчү.
Куптандан
кийин түндүн ортосуна чейин уктап, андан кийин туруп багымдат намазына чейин
ибадат кылчу. Оң жагына карап жатып, оң колун жаагынын астына коюп, кээбир
сүрөлөрдү окуп жатчу.
Тафаул кылчу.
Б.а., биринчи көргөн нерсесин, кокустан көргөн нерсесин жакшылыкка жоручу. Эч
нерсени жамандыкка жоручу эмес.
Кайгылуу
убаккытарда сакалын кармап, ойлончу.
Таарынган
кезде дароо намаз окучу. Намаздын лаззатары менен кайгыдан арылчу.
Пайгамбарыбыз
Аллаху тааладан катуу коркуп, Ага ушунчалык көп ибадат кылган, анын бул абалына
эч ким чыдай алмак эмес. Мубарек буттары шишигенче намаз окучу. ”Йа Расулаллах!
Сиздин өткөн-кеткен бардык күнөлөрүңүз кечирилсе да эмнеге өзүңүздү ушунчалык
кыйнайсыз?” – дегендерге: "Мен Аллаху
тааланын эң көп шүгүр эткен кулу болбоюнбу?” - деп жооп берчү.