Истигфары


Пайгамбарыбыз алейхиссалам жаратылгандардын эң үстөмү болуу менен бирге Аллаху тааланы эң жакшы тааныган жана Андан эң жакшы коркчу. Хак таала аны күнөө кылуудан сактаса да ал ар дайым токтоосуз ибадат кылып, Аллаху таалага дуба кылып, истигфар айтчу. Түндүн алгачкы убактында (куптандан кийин) уктап, акыркы убактында ибадат кылчу.

Ибн Аббас (радыйаллаху анх) айтат: «Бир түнү момундардын энеси Хазрети Маймунанын (радыйаллаху анха) үйүндө конокто болдум. Расулуллах түндүн ортосуна чейин же бираз мурда же кийинки убакытка чейин уктады. Кийин ойгонуп отурду, колу менен бетин сыйпап уйкусун ачты. Туруп, асылып турган суу кумганын алып, даарат алды. «Али Имран» сүрөсүнүн соңку он аятын окуп, намазга турду. Мен да туруп, Расулуллах сыяктуу даарат алып, анын жанына барып намазга турдум. Расулуллах эки рекет намаз окуду. Кийин дагы эки рекет окуду. Андан кийин дагы эки рекет окуду. Кийин витир намазына турду. Андан кийин багымдат намазынын азаны чакырылганына чейин жатты. Кийин туруп, эки рекет намаз окуду да мечитке барып, багымдат намазынын фарзын окуду.»

Хазрети Айша (радыйаллаху анха) энебиз  айтат:  «Расулул лах алейхиссалам бир түнү уйкуга жаткан болчу. Ойгонуп: «Йа, Айша! Уруксат берсең бул түнү Раббиме ибадат кылайын», - деди. Кийин турду. Курани карим окуп, ыйлады. Жада калса, аккан көз жашынан эки көзү суу болуп кетти. Ал окуусун уланта берди, окуган сайын мубарек көз жашы денесинин бардыгын суулады. Бул абал таңга чейин уланды.

Таң эрте Билал Хабеши (радыйаллаху анх) келип, жагдайды көрүп: «Ата-энем сизге курман болсун, йа, Расулаллах! Аллаху таала сиздин өткөн жана болочоктогу каталарыңызды кечирбедиби?» - дегенинде Расулуллах: «Эй, Билал! Мен шүгүр кылуучу кул болбоюнбу, Аллаху таала бул түнү: «Көктөр менен жердин жаратылуусунда түн менен күндүздүн бири-биринен кийин келүүсүндө акыл ээлери үчүн арийге көптөгөн белгилер, ишаралар бар», - деген. («Али Имран» сүрөсү, 189) аяти каримасын түшүрдү», - деди.

«Муслимде» билдирилген хадиси шарифте болсо: «Жүрөгүмө ошондой нерселер келет, ар күнү жана түнү булардан Аллаху таалага ирет истигфар кыламын» жана «Жүрөгүмдө (ила хий нурдун келүүсүнө кедерги боло турган) парда пайда болот. Ошондуктан, күнүгө 70 жолу истигфар кыламын» жана

«Аллаху таалага күнүнө 100 жолу истигфар айтамын», - деген.

Пайгамбарыбыздын алейхиссалам Аллаху тааладан корко тургандыгы ошончолук, каркылдап күлгөнү көрүлбөгөн.

Имам Тирмизинин Абу Зардан (радыйаллаху анх) алган хадиси шарифинде: «Күмөнсүз, силер көрбөгөндөрдү мен көрөмүн. Укпагандарыңарды угамын. Көктө периштелер сажда кылбай турган төрт жагы тең бошорунжок. Валлахи, менин билгенимди билсеңер аз күлүп, көп ыйламаксыңар. Жолго түшүп, болгон үнүңөр менен Аллаху таалага жалбармаксыңар», - делген.

Абу Хурайранын (радыйаллаху анх) риваят кылган хадиси шарифинде Расулуллах: «Эч кимди амалы Жаннатка алып барбайт», - деген. «Сизди дагыбы, йа, Расулаллах?» - деп суралганда: «Ооба, мени да амалым Жаннатка алып барбайт. Бир гана Аллаху тааланын мээрими менен ырайымдуулугу мени жабат», - деген.

Ибн Омар (радыйаллаху анх) айтат: «Расулуллах менен бир  ге жыйналып отурганыбызда: «Йа, Раббим! Мени кечир жана тообомду кабыл кыл. Сен тооболорду кабыл кылуучусуң жана ырайымдуусуң», - деп жүз жолу санап отурчубуз.»

Анас бин Малик (радыйаллаху анх) Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) дайыма «Аллахумма йа мукаллиб-эл-кулуб, саббит калби ала диник» деп айтып жүрчү», - дейт.

Тирмизинин Абу Саид-ил Худриден (радыйаллаху анх) жеткирген хадиси шарифинде Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деген: «Төшөккө жаткан кезиңде үч жолу «Астагфируллахэл азыйм аллази ла илаха илла хуал-хаййул-каййум ва атубу илайх» деп айткан адамдын күнөөлөрү деңиздин көбүгүндөй же Тамим аймагынын кумундай же бак жалбырактарынын санындай же дүнүйөнүн күндөрүндөй көп болсо да Аллаху таала анын күнөөлөрүн кечирет».

Бухари менен Муслим хазреттеринин накыл кылгандары боюнча Расулуллах мындай истигфар айтчу: «Аллахуммагфирли хатиати ва жахли, ва исрафи фи амри ва ма анта аламу бихи минни».

(Аллахым! Сен билген жана менин билип же билбей, чектен чыккан каталарымды кечир).

«Аллахуммагфирли хазли ва жидди ва хатаи ва амди ва куллу залика инди. Аллахуммагфирли ва каддамту вама аххарту вама асрарту вама аланту вама анта аламу минни антал мукаддаму ва антал муаххару ва анта ала кулли шайин кадир».

(Аллахым! Тамашалап, чындап, унутуп жана билип жасоом мүмкүн болгон бардык кемчиликтеримди кечир. Аллахым! Мурун жана кийин, жашыруун жана ачык кылган, Сен билген бардык кемчиликтеримди кечир. Эң оболку менен эң соңку болгон – Сенсиң. Бардык нерсеге күчү жеткен - Сенсиң).


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш