Расулуллахтын шапааты


Пайгамбарыбыз алейхиссалам кыямат күнү үммөтүнө  шапаат кылат, аларды кыйындык менен кайгыдан куткарат. Бир хадиси шарифте: "Мага үммөтүмдүн жарымын Жаннатка кирүү менен шапааттын экөөнүн бирин тандоого уруксат берилди. Мен шапаатты тандадым. Анткени, ал кеңирээк. Аны бир гана динди кармангандар үчүн деп ойлобогула, ал ошол менен катар ката жазаган күнөлөр үчүн да...”, - деди.

Абу Хурайрынын (радыйаллаху анх) жеткизген хадиси шарифинде Пайгамбарыбыз: "Шапаатым, жүрөгү тилин тастыктагандай түрдө, ихлас менен "Ла илаха иллаллах” деп шапаат келмесин айткан адамга болот”, - деген.

Кээ бир хадиси шарифтерде да мындай айтылган:

"Үммөтүмдүн ичинде ахли байтимди жакшы көргөндөргө шапаат кыламын”.

"Үммөтүмдүн чоң күнөө кылгандарына шапаат кыламын”.

"Сахабаларыма тил тийгизгендерден башка бардык мусулмандарга шапаат кыла аламын”.

"Үммөтүмдөн өз напсине зулумдук жасагандарга, напсилерине алдангандарга шапаат кыламын”.

"Кыямат күнү эң биринчи мен шапаат кыламын”. "Шапаатыма ишенбеген адам ага жабыша албайт”.

Кыямат күнү суурду үйлөөнүн коркунучунан адамдар үйүлүп, көздөрүн кайда кароолорун билбей дабдырайт. Момундар менен капырлар махшар аянтына жөнөлүшөт. Бул кыямат күндүн катаалдыгын арттырган азап болуп саналат.

Бул кезде Аршты сегиз периште көтөрүп келет. Бир периште бир аттаганда жыйырма миң жылдык дүнүйөнүн жолун жүрөт.

Периштелер менен булуттар Арш-аъла орногонго чейин адам акылы жетпеген түрдө тасбих айтат. Ушундайча, Арш-аъла Аллаху тааланын ошол үчүн жараткан "ак жер”-ге орношот. Бул кезде Аллаху тааланын эч ким чыдап тура албаган азабынан баштар төмөн ийилет. Бардык адамдар кыйналып шапаат издешет.

Пайгамбарлар менен аалымдарды коркунуч бийлейт. Олуялар менен шейиттер Аллаху тааланын адам чыдагыс азабынан кыйкырышат. Алар ушундай абалда турганда күндүн шооласынан да өткөн шоола аларды ороп алат. Ансыз да күндүн ысыктыгына чыдай албай тургандар андан жаман кыйналат. Миң жыл ушундай турат. Аллаху таала тарабынан аларга эч нерсе айтылбайт.

Ушу убакытка адамдар алгачкы пайгамбар болгон Адам алейхиссаламга барышат, "Йа Адам алейхиссалам! Сиз кадырлуу жана абройлуу пайгамбарсыз. Аллаху таала сизди жаратып, периштелерди сизге сажда кылдырды. Сизге өз рухунан үйлөдү. Эсепти баштоо үчүн шапаат кылыңыз, Аллаху тааланын кандай өкүмү болсо да ыраазыбыз. Жана кайда барууну буйрук кылса ошол жакка баралык. Бардык нерсенин ээси жана кожоюну болгон Аллаху таала макулуктарына каалаганын кылсын”, - деп жалынышат.

Адам алейхиссалам мындай дейт: "Мен Аллаху таала тыюу салган бактын жемишин жедим. Ошондуктан, Аллаху тааладан уяламын. Бирок, силер Нух алейхиссаламга баргыла”. Ушунтип миң жыл кеңешип турушат.

Андан кийин Нух алейхиссаламга барып: "Чыдай алгыс абалдабыз. Биздин өкүмүбүздүн батыраак чыгуусу үчүн шапаат кылыңыз. Бул махшар азабынан кутулалы”, - деп жалынышат. Нух алейхиссалам аларга: "Мен Аллаху таалага дуба кылдым. Жер бетинде канча адам бар болсо, ошолордун бардыгы дубамдын себебинен сууга чөктү. Ошондуктан, Аллаху тааладан уяламын. Бирок, силер Халиллуллах болгон Ибрахим алейхиссаламга баргыла. Аллаху таала "Хаж” сүрөсүнүн акыркы аятында: "Ибрахим (алейхиссалам) силер дүйнөгө келе электе силерге мусулман деген атты койду”, - деген. Мүмкүн, силерге ал шапаат кылат”, - деди.

Дагы да өз арасында миң жыл акылдашат. Андан кийин Ибра- хим алейхиссаламга барышат. "Эй, мусулмандардын атасы! Сиз Аллаху тааланын өзүнө халил кылган адамысыз. Бизге шапаат кылыңыз. Аллаху таала жаратылгандарга өкүмүн берсин”, - дешет. Ибрахим алейхиссалам аларга: "Мен дүйнөдө үч жолу кинайа сөз айттым. Аларды айтып, дин жолунда күрөштүм. Эми Аллаху тааладан бул түрдө шапаат кылууга уруксат сурагандан уяламын. Силер Муса алейхиссаламга баргыла. Анткени, Аллаху таала аны менен сүйлөштү жана ага руханий жакындык көрсөттү. Ал силер үчүн шапаат кылат”, - деп айтат.

Ушу маселе боюнча дагы миң жыл кеңешишет. Бирок, ошол убакытта абалдары андан да кыйын болот. Махшар жери өтө тараят. Андан кийин Муса алейхиссаламга барып: "Йа, Ибни Имран! Сиз Аллаху тааланын өзү менен сүйлөшкөн, Тоорат түшүрүлгөн пайгамбарсыз. Эсептин башталуусу үчүн бизге шапаат кылыңыз. Анткени, бул жерде турганыбызга көп болду. Бул жердеги сыгылыштан бут-буттун үстүнө чыкты”, - дешти.

Муса алейхиссалам аларга: "Мен Аллаху тааладан Фараон элине алар унутпаган жаза берүүнү жылдар бою тиледим. Кийин келгендерге үлгү болууларын сурадым. Эми шапаат кылууга уяламын. Бирок, Хак таала - ырайым, мээрим ээси. Силер Иса алейхиссаламга баргыла. Анткени, мыкты билим жагынан расулдардын эң сахихи, марифат менен такыбаалык жагынан эң күчтүүсү жана даанышмандык жагынан эң жогоркусу - ал. Силерге ал шапаат кылат”, - дейт.

Адамдар махшар азабынан кутулуу үчүн Иса алейхиссаламга барышат. «Сиз аллаху тааланын руху менен сөзүсүз. Аллаху таала сиз үчүн «Али Имран» сүрөсүнүн 45-аятында: «Дүнүйөдө жана акыретте важих, башкача айтканда, өтө кадырлуу», - деди. Бизге шапаат кылыңыз», - дейт.

Иса алейхиссалам: "Менин коомум мени жана энемди Аллахтан башка илах деп кабылдады. Бул абалда мен кантип шапаат кыламын. Алар мага да сыйынышат, мени уул, Аллаху тааланы ата дешти. Бирок, силер бирөөнүн идиши болуп, ичинде нафакасы болбогонун жана ооздун мөөрлүү эмес экенин көрдүңөрбү? Пайгамбарлардын эң жогоркусу жана акыркысы Мухаммедге саллаллаху алейхи ва саллам баргыла. Анткени, ал дааватын менен шапаатын үммөтү үчүн дайындады. Анткени, коому ага көп жолу азап көрсөттү. Мубарек маңдайын жарды, мубарек тишин сындырды. Аны жинди деп айыпташты. Бирок, ал улуу пайгамбар алардын абройлууларынын эң абройлуусу, кадырлууларынын эң кадырлуусу эле. Алардын көрсөткөн ырайымсыз азаптарына Юсуф алейхиссаламдын туугандарына айткан "Эми силердин айыбыңарды ашкерелөө жок. Архамуррахимин болгон Хак таала силерди кечирди” деген аят менен жооп берген”, - деди. Иса алейхиссалам пайгамбарыбыздын саллаллаху алейхи ва саллам үстөмдүктөрүн айткан кезде, адамдардын бардыгынын ага батыраак жеткиси келген.

Дароо Мухаммед алейхиссаламдын минбарына барышат. Ага: "Сиз хабибуллахсыз. Хабиб – арачылардын ичинде Аллахка эң жакыны. Бизге шапаат кылыңыз! Анткени, пайгамбарлардын алгачкысы болгон Адам алейхиссаламга бардык. Бизди Нух алейхиссаламга жиберди. Нух алейхиссаламга бардык. Ал Ибрахим алейхиссаламга жиберди. Ибрахим алейхиссалам Муса алейхиссаламга жиберди. Муса алейхиссаламга бардык. Ал Иса алейхиссаламга, ал бизди сизге жиберди. Йа Расулаллах саллалаху алейхи ва саллам! Сизден кийин барчу жер жок”, - дешти.

Расулуллах алейхиссалам: "Аллаху таала уруксат берип, ыраазы болсо шапаат кыламын”, - деди.

Сурадикат-и жалалга, б.а., жалал пардасына барды. Аллаху тааладан шапаат кылууга уруксат сурайт. Ага уруксат берилет. Пардалар алынат. Арш-аълага киришет. Сажда кылашат. Миң жыл саждада болушат. Ошондон кийин Хак таалага ошончолук мактоолорду айтышат, аалам жаратылгандан бери мындай мактоолорду эч ким айткан эмес. Кээ бир арифтер Аллаху таала ааламдарды жараткан кезде алардын ушундай мактоолор айтууну буюрганын билдирген.

Махшарда адамдардын абалдары бара-бара кыйындай берет. Машакаттары менен кыйынчылыктары арта түшөт. Адамдардын ар бири дүйнөдө сактаган мал-мүлктөрүн моюндарына жүктөп алат. Төөнүн зекетин бербеген адамдын мойнуна төө жүктөлөт. Кыйкырып, ооруганы ошончолук чоң тоолордой болот. Уй, кой зекетин бербегендер да ошондой болушат. Алардын кыйкырган үндөрү асмандын күркүрөгөнүнө окшойт.

Эгер зекетин, б.а., үшүрүн бербегендердин мойнуна ошончолук эгин жүктөлөт. Эгиндин кандай түрүнөн бербеген болсо, ошол түрдө эгин жүктөлөт. Оор салмактын астында "ва вайла, ва сабура” деп кыйкырат (вайл – азап сөзү. Адам азапка чыдабаган кезде ушундай кыйкырат. Сабур сөзү куруган убакытта колдонулду).

Алтын, күмүш жана (кагаз) акча жана башка соода мүлктөрүнүн зекетин бербегендерге коркунучтуу жылан жиберилет. Алар кыйкырып: "Бул эмне?” - деп сурашканда периштелер: "Бул  дүйнөдө зекетин бербеген мүлктөрүңөр”, - деп жооп беришет. Мына, бул коркунучтуу абал "Али Имран” сүрөсүнүн 180-чи аятында: "Дүйнөдө аягандары кыямат күнү моюндарына тагылат”, - деп билдирилген.

Дагы бир топ адамдын аврат жерлери жаракат болуп, ириң агат. Алардан чыккан жаман жыт айланасындагылардын тынын алат. Булар – зинакорлук жасагандар жана харам иш кылгандар.

Дагы бир топ адамдар бак бутактарына илинип турушат. Алар дүйнөдө ливата (гомосексуализм) жасагандар.

Бир топ адамдардын тилдери ооздорунан чыгып, көкүрөгүнө жетип өтө начар абалда болот. Адамдар аларды көргөнү келбейт. Алар – калпты айтып, жалаа жапкандар.

Дагы бир топ адамдардын курсагы тоодой болуп чоңоюп кетет. Булар дүйнөдө зарылсыз жана мамилесиз пайызга акча менен зат алгандар жана бергендер. Ушу сыяктуу харам иш кылгандардын күнөөлөрү өтө жаман түрдө ачылат.

Аллаху таала: "Йа Мухаммед, башыңды саждадан көтөр! Айт, угулат. Шапаат кыл, кабыл болот”, - деп буюрду. Расулуллах алейхиссалам: "Йа, Раббим! Кулдарынын арасынан жаман менен жакшыларды ажырат. Убакыттары көпкө созулду. Ар кайсы күнөөлөрү менен Арасат жеринде маскара болду”, - деди.

"Ооба, йа, Мухаммед!” деген добуш келди. Хак таала Жаннатка буйрук берет, ар түр зыйнаты менен зыйнаттанат. Арасат майданына алып келет. Ал ушунчалык жыпар жыттангандыктан беш жүз жылдык жолдо сезилет. Мындан көңүлдөр ырахаттанат. Рухтар тирилет. (Бирок, капырлар, муртаддар жана мусулмандарды кемсинткендер, жаштарды алдап, ыймандарынан тайдыргандар) жана жаман иш-аракет жасагандар Жаннаттын жытын сезишпейт.

Махшарда Хак таала Бейиш менен Тозокту алып келүүнү буйрук кылат. Ошол кезде Тозоктун коркунучтуу үнү чыгып, күркүрөп, от чачып, андан бүт асманды карайткан түтүн чыгат. Күрүлдөгөн добуш менен ысыктыгы адам чыдай алгыс болот. Адамдардын бардыгы буттары басып тура албай, тизелеп отура калышат.

Жада калса, пайгамбарлар менен расулдар да өздөрүн кармай алышпайт. Хазрети Ибрахим, хазрети Муса, хазрети Иса Арш-аълага асылышат. Ибрахим алейхиссалам өзү курман кылган Исмаил алейхиссаламды унутат. Муса алейхиссалам тууганы Харун алейхиссаламды, Иса алейхиссалам энеси Хазрети Мариямды унутат. Бардыгы: "Йа Раббим! Бүгүн напсимден (өзүмдөн) башка башка эч нерсени каалабаймын”, - дешет.

Мухаммед алейхиссалам болсо: "Үммөтүмө саламаттык бер, куткара көр, йа Раббим!”- дейт. Ал жерде буга эч ким чыдап тура албайт. Анткени, Аллаху таала бул тууралуу "Жасиа” сүрөсүнүн 28-чи аяти каримасында: "Бардык үммөтүң Хак тааланын коркунучунан тизелеп отурганын көрөсүң. Ар кими дүнүйөдө кылган иштеринин китебине (эсебине) чакырылат”,- деп буюрган.

Аллаху таала Мүлк сүрөсүнүн сегизинчи аятында: "Ачуу менен катаалдыгынан Нар (от) экиге бөлүнгөндөй болот”, - деген.

Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи ва саллам чыгып, Тозокту токтотот. "Кор болуп, залил болуп артка кайт! Сага түшкөндөр топ-топ болуп келгенге чейин”, - дейт.

Жаханнам: "Йа, Мухаммед! Мага уруксат бер. Анткени, сен мага харамсың”, - дейт. Арштан бир үн: "Эй Жаханнам! Мухаммед алейхиссаламдын сөзүн ук. Ага багын”, - дейт. Ошондон кийин Расулуллах Жаханнамды тартып, Арш-аъланын сол жагындагы бир жерине орноштурат. Махшардагылар Пайгамбарыбыздын ушу кайрымдуу аракети менен шапаатын бири-бирине сүйүнчү кылып кабарлашат. Коркунучтары бир аз басылат. "Анбия” сүрөсүндөгү 107-чи аяттын "Сени ааламдарга ырайымдуулук иретинде жибердик” деген мааниси ушу жерде ачыкка чыгат.

Жыйынтыктап айтканда, Расулуллах алейхиссалам алты жерде шапаат кылат. Биринчиси, Макамы Махмуд деген шапааты менен баардык адамды махшарда күтүп туруу азабынан куткарат. Экинчиси, көп адамды Жаннатка киргизет. Үчүнчүсү, азап тартуулары керек болгон адамдарды азаптан куткарат. Төртүнчүсү, күнөөсү коп болгон мусулмандарды Жаханнамдан чыгарат. Бешинчиси, сообу менен күнөөсү тең болуп, Араф деген жерде күтүп тургандарды Жаннатка киргизет. Алтынчысы, Жаннатагылардын даражаларынын көтөрүлүүсү үчүн шапаат кылат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш