Мужизалары


Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын хак пайгамбар экенин көрсөтө турган күбөкөрлөр өтө көп. Аллаху таала:

«Сен болбогондо ааламдарды жаратпас элем», - деген. Бардык болмуштар Аллаху тааланын бар экенин, бир экенин көрсөтүү менен катар Мухаммед алейхиссаламдын хак пайгамбар экенин жана анын үстөмдүгүн көрсөтүүдө. Үммөтүнүн олуяларында пайда боло турчу кереметтердин бардыгы анын мужизалары болуп саналат. Анткени, кереметтер ага баш ийе тургандарда, анын жолу менен жүргөн адамдарда болот. Жада калса, бардык пайгамбарлар анын үммөтүнөн болууну каалагандыктан, бардыгы анын нурунан жаратылгандыктан алардын мужизалары да Мухаммед алейхиссаламдын мужизалары болуп саналат.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын мужизалары заманга байланыштуу үчкө бөлүнгөн: Биринчиси, мубарек руху жаратылгандан баштап пайгамбарлыгы билдирилгенге (бисетке) чейинкилер. Экинчиси – бисеттен баштап кайтыш болгонго чейинки мезгилдегилер. Үчүнчүсү – кайтыш болгондон баштап кыяматка чейин болгон жана боло турган нерселер. Булардан биринчилери ирхас деп аталат. Мунун ар кайсынысы көрүп же көрбөй акыл менен түшүнүлө турган мужизалар болуп экиге бөлүнөт. Бул мужизалардын санынын көптүгү ошончолук, эсебин билүү мүмкүн эмес. Экинчи бөлүмдөгү мужизалардын саны үч миңдей болгону билдирилген. Булардан машхур болгондорунун бир нечеси төмөндө билдирилди:

1-Мухаммед алейхиссаламдын мужизаларынын эң чоңу – Курани карим. Азыркыга чейин келген акындар менен адабиятчылар Курани каримдин жүйөөсүндө жана маанисинде таң калышкан. Анын бир дагы аятына окшой турган нерсе жаза албаган. Чечендик өзгөчөлүгү, жазылуу усулу адам сөзүнө окшобойт. Б.а., бир сөзү алынып ташталса же бир сөзү кошулса маанисиндеги асемдик бузулат. Биз сөзүнүн ордуна койууга башка сөз издегендер андай сөздү табышпаган. Тартиби арап акындарынын ырларына окшобойт. Өткөн жана келечекте боло турган көптөгөн нерселер тууралуу кабар берет. Аны окугандар менен тыңдагандар чарчашса тажашпайт. Аны окуп тыңдаган кезде адамдын дарттарын кетире тургандыгы көптөгөн тажрыйбалар менен аныкталган. Тыңдаган кезде жүрөктөрүндө коркунуч сезими пайда болуп, ушундан кайтыш болуп кеткендер да кездешкен. Канчалаган Ислам душмандары Курани каримди угуу аркылуу жүрөктөрү жумшарып, ыйман келтиришкен.

2-Бир күнү Пайгамбарыбыздын агасы Аббастын үйүнө барып, Аббас менен анын балдарын жанына отургузду. Алардын үстүн жамынгычы менен жаап: «Йа, Раббим! Бул агам менен ахли байтимди жапканым сыяктуу Сен да аларды Жаханнам отунан корго», - деди. Дубалдан үч жолу «амин» деген үн угулду.

3-Бир күнү колуна бут кармап турган бир адамдан: «Мына бул бут мага сүйлөсө ыйман келтиресиңби?» - деп сурады. Ал адам: «Мен бул бутка элүү жылдан бери ибадат кылып келем. Эч качан мага сүйлөгөнүн көрбөдүм. Сага кандай сүйлөйт?», - деди. Мухаммед алейхиссалам: «Эй, бут! Мен киммин?» - деген кезде:

«Сен Аллахтын пайгамбарысың» деген үн угулду. Буттун ээси дароо ыйман келтирди.

4-Расулуллах саллаллаху алейхи ва саллам бир талаада кетип бара жатканда үч жолу «Йа, Расулаллах» деген үндү укту. Үн чыккан жерди караса байланып турган кийикти көрдү. Анын жанында бир адам уктап жаткан экен. Кийиктен эмне каалап жаткандыгын сураганда: «Мына бул аңчы мени кармап алды. Каршыдагы тоодо эки бала элигим бар. Мени бошотсоңуз барып аларды эмизип келейин», - деди. Расулуллах: «Сөзүңө туруп кайтып келесиңби?» - деди. «Аллах үчүн сөз беремин, келбесем Аллаху таала мени азаптасын», - деди кийик. Расулуллах кийикти бошотту. Кийин бираздан кийин кайтып келди. Расулуллах аны байлады. Уктап жаткан адам ойгонуп: «Йа Расулаллах, бир буйругуңуз барбы?» - деди. «Мына бул кийикти бошот», - деди Расулуллах. Адам кийикти бошотту. Кийик: «Ашхаду ан ла илаха иллаллах ва аннака Расулуллах», - деп кетип калды.

5-Тирмизи менен Насаи хазреттеринин «Сүнен» аттуу китептеринде мындай делинген: «Эки көзү тең көрүнбөгөн сокур адам келип, Йа Расулаллах, Аллаху таалага дуба кылыңыз! Көзүм ачылсын», - деди. Расулуллах ал адамга жакшылап даарат алууну, кийин «Йа, Раббим, сага жалбарамын. Сүйүктүү пайгамбарың Мухаммед алейхиссаламды арачы кылып сенден тилеймин. Эң катуу сүйгөн пайгамбарым – Мухаммед алейхиссалам! Сизди василе (арачы) кылып Раббиме жалбарамын. Тилегимди сиздин урматыңыз үчүн кабылдоосун сураймын. Йа, Раббим! Ушул улуу пайгамбардын шапаатын тийгизе көр. Анын урматына дубамды кабыл кыл» деген дубаны окуп айтты. Ал адам даарат алып, дубаны окуган кезде көздөрү ачылды. Бул дубаны мусулмандар дайыма окушуп, тилектерине жетип келишкен.

6-Бир аял белеке катары Расулуллах алейхиссаламга бир идиш бал жиберди. Расулуллах балды кабыл кылып, бош идишти кайтарды. Аллаху тааланын кудурети менен идиш балга толгон абалда кайтып келди. Аял келип: «Йа, Расулаллах! Эмне күмөн бар?» - деп сурады. «Сенин белегиңди кабылдады. Сага кайтып келген бал Аллаху тааланын сенин белегиңе берген берекеси», - деди. Аял кубанып балды үйүнө алып барды. Бала-чакасы менен ал балды айлар бою жеди. Эч азайбады. Бир күнү жаңылышып, балды башка идишке салып койду. Ошол идиштен жеп бүтүрүштү. Бул жагдай Пайгамбарыбызга айтылганда: «Жиберилген идиште тура бергенде дүнүйө токтогонго чейин жешмек, эч азаймак эмес», - деди.

7-Үммөтүнөн көп адамдын деңиз аркылуу согушка бара тургандыгын жана Умму Хирам (радыйаллаху анх) деген  сахаба аялдын ошол согушта боло тургандыгын кабарлаган. Хазрети Османдын халифалык кезинде мусулмандар кемелер менен Кипр аралына барып согушту. Ал аял дагы барды. Ошол жерде шейит болду.

8-Хазрети Муавияга: «Бир күнү үммөтүмө башчы боло турган болсоң жакшылык кылгандарга сыяпат көрсөт! Жамандык кылгандарды кечир!» - деди. Муавия Осман (радыйаллаху анх) кезинде Шамда жыйырма жыл бийлөөчү, кийин жыйырма жыл халифа болду.

9-Абдуллах ибни Аббастын энесин карап: «Сенин бир уулуң болот. Туулган кезде мага алып кел», - деди. Баланы алып келген кезде кулагына азан менен коомат окуп, мубарек оозунун суусунан баланын оозуна сүрдү. Атын Абдуллах деп коюп, энесине берди.

«Халифалардын атасын ал, алып бар», - деди. Баланын атасы Хазрети Аббас муну угуп, себебин сураганда: «Ооба, ошондой дедим. Бул бала халифалардын атасы. Алардын ичинде Саффах, Махди жана Иса алейхиссалам менен бирге намаз окуган бир адам болот», - деди. Аббаси мамлекетин көптөгөн халифалар башкарды. Алардын бардыгы Абдуллах бин Аббастын тегинен болду.

10-Агасынын баласы Абдуллах бин Аббастын маңдайына мубарек колун коюп: «Йа, Раббим! Муну динде терең аалым кыл, хикмат ээси кыл! Курани карим илимдерин ага ихсан кыл!» - деди. Ушундан кийин Хазрети Абдуллах бин Аббас бардык илимде, асыресе тафсир, хадис жана фыкых илимдеринде өз доорунун аалымы болду. Сахабалар менен табииндер бардык нерсени ошондон үйрөнүшчү. «Таржуман-ул-Куран», «Бахрул-илм» жана «Раис-ул-муфассирин» деген аттар менен таанымал болду. Ислам мамлекеттери анын шакирттерине толду.

11-Кызматчыларынан болгон Анас бин Маликке «Йа, Раббим! Мунун мал-мүлкү менен балдарын көп, өмүрүн узун кыл. Күнөөлөрүн кечир» деп дуба кылды. Убакыт өткөн сайын мал-мүлкү көбөйө берди. Бакчалары жыл сайын жемиш берди. Көп баласы болду. 110 жыл өмүр сүрдү. Өмүрүнүн соңунда «Йа Раббим! Хабибиңдин мен үчүн кылган дубаларынын үчөөсүн кабыл кылдың, ихсан кылдың. Төртүнчүсү эмне болду?» - дегенде «Төртүнчүсү да кабыл болду, кайгырба» деген үндү укту.

12-Хижраттын үчүнчү жылы Расулуллах алейхиссалам Каттан согушунда бир талдын түбүндө жалгыз өзү жатканда Дасур деген бир күчтүү алп капыр кылыч менен келип: «Сени менден ким куткарат», - деди. Расулуллах: «Аллаху таала куткарат», - дегенде Жабраил алейхиссалам адам кейпинде келип, капырды төшкө чапты. Ал кулап, кылычы колунан түшүп калды. Расулуллах кылычты колуна алып: «Сени менден ким куткарат», - деди. «Мени куткара турчу сенден ашкан кайырлуу адам жок», - деп жалбарынды. Аны кечирип, бошотуп жиберди. Ал ыйман келтирип, башка көптөгөн адамдардын ыйманга келүүсүнө себепчи болду.

13-Расулуллах алейхиссалам бир күнү даарат алып, масысынын бирин кийип, экинчисине колун созгон кезде бир куш келип масысын алып асманга көтөрүлүп силкиди. Ичинен бир жылан түштү. Кийин куш масыны жерге таштады. Ушул күндөн баштап бут кийин кийимди кийээр кезде алгач силкүү сүннөт болду.

14-Хазрети Анас айтат: «Расулуллахтын мубарек жүзүн сүртүп жүрчү жүз аарчысы бар болчу. Ошону менен жүзүн сүртүп, кирдеген кезде отко таштачу. Кири күйүп, жүз аарчы күйчү эмес. Таптаза болуп чыкчу».

15-Ухуд согушунда Абу Катаданын (радыйаллаху анх) бир көзү агып түштү. Агып түшкөн көзүн Расулуллахка алып барды. Расулуллах алып келген көздү мубарек колу менен ордуна коюп: «Йа, Раббим! Көзүн жакшы кыла көр», - деди. Бул көзү экинчисинен да жакшы көрө турган болду. Абу Катаданын (радыйаллаху анх) неберелеринин бири халифа Омар бин Абдулазиздин (радыйаллаху анх) жанына барат. Андан: «Сен кимсиң?» - деп сурайт. Ал бир ыр окуп, Расулуллах мубарек колу менен көзүн салып берген адамдын небереси экенин билдирет. Халифа бул ырды уккандан кийин ага илтипат көрсөттү.

16-Расулуллах алейхиссалам бир күнү Хазрети Фатиманын үйүнө учурап, ал-ахвалдарын сурады. Хазрети Фатима: «Атакем!

Үч күндөн бери балдарым менен эч нерсе жебедик. Ачтыкка сабыр кылуудабыз. Меники маанилүү эмес. Бирок, Хасан менен Хусейндин абалына кыйналамын», - деди.

Пайгамбарыбыз: «Эй, Фатима! Жаным кызым! Сен үч күндөн бери ачсың. Мен болсо төрт күндөн бери ачмын», - деди. Неберелери Хазрети Хасан менен Хусейндин ачка экендиктерине катуу кайгырды.

Хазрети Али эмгектенип, табыш таап мубарек балдарына жей турчу нерселерди алып келүү үчүн жолго чыкты. Мединадан чыккан кезде бир кудуктун башына төөлөрүн сугарууга келген бир айылдык адамды көрөт. Анын жанына барып: «Эй, арап! Акыга төөлөрүңдү сугарткың келеби?» - деп сурады. Тиги киши: «Ооба, мен да ошондой адам издеп жүргөн элем. Кааласаң кел, төөлөрүмдү сугар. Тарткан ар челегиңе үч хурма беремин», - деди. Хазрети Али макулдашып, суу тарта баштады. Тогуз челек тарткандан кийин челектин жиби үзүлүп, челек кудукка түшүп кетти. Муну көргөн тиги адам ордунан учуп туруп, Хазрети Алини бетке чапты.

Кийин тарткан сегиз челек суусу үчүн жыйырма төрт хурма берди. Бул абалга өтө капа болгон Хазрети Али колун кудукка созуп, челекти алды да кудуктун жанына коюп, ал жерден кетип калды. Колу ушунчалык терең кудуктун түбүнө кандайча жетти?... Же бул адам келе тургандыгы билдирилген диндин өкүлү бекен? Ушундай ойлорго баткан айылдык адам «Анын пайгамбары – хак пайгамбар. Ишендим», - деди.

Мындан мурда кылган чоң кылмышына өкүнүп, «Мындай адамга көтөрүлө турчу кол кесилип, сөөгү сындырылуусу керек», - деп колун кылычы менен чаап таштады. Колу катуу ооруганы менен көңүлү жай алган эле. Кесилген колун экинчи колуна алып Наби мечитине барды. Сахабалардан пайгамбардын кайда экендигин сурады. Кызынын үйүнө кеткенин билди. Хазрети Фатиманын үйүн сурап, ошол тарапка бет алды.

Ал кезде Пайгамбарыбыз неберелери Хазрети Хасан менен Хусейнди мубарек тизесине отургузуп, алып келинген хурмаларды жегизип отурган эле.

Айылдык адам кылган кылмышынын каталыгын ойлогон кезде жин тийип кеткен сыяктуу көз жашын төгө баштаган эле.

Ошентип, Хазрети Фатиманын үйүнө келип, эшигин какты. Ичинен ааламдардын мырзасы жүзүнөн нур чачып күндөй болуп сыртка чыкты. Айылдык адам Расулуллахты көрөр замат: «Ишендим, сиз Аллаху тааланын Расулусуз. Кылган ишиме өкүнөмүн, мени кечириңиз, йа Расулаллах», - деп жалынды.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: «Колуңду эмнеге кестиң», - деп сураганда: «Сизге ишенген мубарек жүздү урган бул кол менен жүрүүдөн уялганыман... Жаным сизге курман болсун йа Расулаллах», - деди.

Мээримдүүлүк дарыясы болгон сүйүктүү Пайгамбарыбыз ал адамдан кесилген колду алып «Бисмиллахиррахманиррахим» деп, кан шоргологон билеги менен бириктирди. Кол Аллаху тааланын уруксаты менен Пайгамбарыбыздын мужизасы катары мурунку калыбына келди. Аллаху тааланын бардык нерсеге күчү жетет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш