Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Пайгамбарыбыздын үй-бүлөсү




Пайгамбарыбыздын үй-бүлөсү


Расулуллах саллаллаху алейхи васаллам Хазрети Хадича  энебиз кайтыш болгондон кийин экинчи жолу элүү беш жашында Хазрети Абу Бакрдын кызы Хазрети Айша энебизге үйлөндү. Аллаху тааланын буйругу менен никеге турган болчу. Хазрети Айша энебиз менен соңку сегиз жыл өмүрүн бирге өткөрдү.

Калган аялдарына диний, саясый себептер менен же мээримдүүлүк кылуу, жакшылык жасоо ниети менен үйлөнгөн. Алардын бардыгы жесир калып, көпчүлүгү улгайган жашта болгон. Мисалы, Меккедеги капырлардын мусулмандарга көрсөткөн азаптары адам чыдагыс абалга жеткен кезде сахабалардын бир бөлүгү Хабашстанга хижрат кылган эле. Хабаш падышасы Нажаши христиан болчу. Мусулмандардан артүрдүү суроолорду сурап, алган толук кандуу кемел жоопторуна таңкалып, ыйман келтирген. Мусулмандарга көптөгөн жакшылыктарды кылды. Ыйманы алсыз болгон Убайдуллах бин Жахш кедейликтен кутулуу үчүн попторго алданып, муртад болгон, динин дүнүйөгө алмаштырып жиберген эле. Расулуллахтын эжесинин баласы болгон ал малун аялы Умми Хабибаны да (радыйаллаху анха) динден чыгып, бай болууга кыйнады. Бирок, аялы кедейлик менен өлүмгө ыраазы экенин, бирок, Мухаммед алейхиссаламдын дининен чыкпай тургандыгын айткандыктан аны менен ажырашып кетти. Кедейчиликтен кыйналып өлгөнүн күтүп отурган эле. Бирок, аз убакыттан кийин өзү өлдү. Умми Хабиба (радыйаллаху анха) Меккедеги Курайштын ошол кездеги баш кол башчысы Абу Суфйандын кызы болчу. Расулуллах алейхиссалам ал кездерде Курайш аскери менен катуу кагылыш ичинде эле. Абу Суфйан Ислам динин жоюш үчүн болгон күчүн жумшап күрөшүп жаткан эле.

Расулуллах Умми Хабибанын ыйманынын күчтүүлүгүн жана башына түшкөн оор кайгысын укту. Нажашиге: «Ошол жердеги Умми Хабибага үйлөнөмүн. Никемди кый. Кийин аны бул жакка жибер», - деп кат жазды. Нажаши андан мурда мусулман болгон эле. Катта жазылгандарга урмат көрсөтүп, ошол жердеги мусулмандарды сарайына чакырып, дасторконун жайды. Хижраттын жетинчи жылы нике кыйылып, сыйлыктар берилди. Ушундайча Умми Хабиба (радыйаллаху анха) ыйманынын сыйына жетти, бай болуп, ырахат өмүр сүрдү. Анын аркасы менен башка мусулмандар дагы ырахаттыкка жетишти. Жаннатта аялдар күйөөлөрүнүн жанында боло тургандыктан ага Бейиштин эң бийик даражасы сүйүнчүлөндү, дүнүйөнүн бардык лаззаттары менен ниматтары бул сүйүнчүнүн жанында кичине болуп калды. Бул нике Абу Суфйандын алдыда мусулман болуу кадырына жетүүсүнө себеп боло тургандай кылып даярдалган эле. Ушундан көрүнүп тургандай бул нике Расулуллахтын акылынын, зээнинин, хикматынын, жакшылыгынын жана мээримдүүлүгүнүн деңгээлин көрсөтөт.

Экинчи мисал: Хазрети Омардын кызы Хазрети Хафса (радыйаллаху анха) жесир калган эле. Хижраттын үчүнчү жылы Хазрети Омар Хазрети Абу Бакрдан жана Хазрети Османдан «Кызымды аласыңбы?» деп сураганында алар ойлоно тургандыктарын айтышкан эле. Бир күнү Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) ошол үчөө жана башкалардын жанында турганда: «Йа, Омар! Сен бир нерсеге капалуу сыяктуусуң. Себеби эмне?» - деп сурады. Чыны идиштеги сыянын түсү оңой көрүнгөн сыяктуу Расулуллах алйхиссалам да бардык адамдын оюн бир караганда түшүнчү. Керек деп эсептесе сурачу. Ага, негизи эле бардык адамдарга чындыкты айтуубуз парз болгондуктан Хазрети Омар: «Йа Расулаллах! Кызымды Абу Бакрга жана Османга сунуштагам, алар албады», - деди. Расулуллах эң жакшы көргөн бул үч сахабасынын капа болууларын каалабай аларды кубантуу үчүн: «Йа, Омар! Кызыңды Абу Бакрдан жана Османдан да кайырлуу адамга бергиң келеби?» - деп сурады. Хазрети Омар аң-таң болуп калды. Анткени, Хазрети Абу Бакр менен Хазрети Османдан артык болчу адамдын жок экенин билчү. «Ооба, йа Расулаллах», - деди. Расусуллах алейхиссалам: «Йа, Омар, кызыңды мага бер», - деди. Ушундайча Хазрети Хафса (радыйаллаху анха) Хазрети Абу Бакрдын жана Хазрети Османдын жана бардык момундардын энеси болду жана булар ага кызмат кылышты. Хазрети Абу Бакр, Хазрети Омар жана Хазрети Осман бири-бирине жакындай түшүштү.

Үчүнчү мисал: Хижраттын бешинчи же алтынчы жылында Мусталак тайпасынан алынган жүздөгөн туткундун арасында болгон Жувайрия (радыйаллаху анха) деген кыз ошол тайпанын башчысы болгон Харистин кызы болчу. Расулуллах аны сатып алып, азат кылып, өзү менен никесин кыйдырганда сахабалардын (алейхимуррыдван) бардыгы: «Биз Расулуллах алейхиссаламдын үйбүлөсүнүн, энебиздин туугандарын күң катары, кызматчы катары колдонуудан уялабыз», - деп бардыгы туткундарын азат кылышты. Бул нике жүздөгөн туткундун азат кылынуусуна себеп болду. Хазрети Жувайрия (радыйаллаху анха) бул окуяны ар дайым айтып, мактанып отурчу. Хазрети Айша (радыйаллаху анха): «Жувайриядан ашкан кайырлуу, берекелүү аял көрбөдүм», - дечү.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш