Хатижа-тул-Кубра (радыйаллаху анха): Ал
– Хувайлид бин Асад бин Абдил Узза бин Кусайдын кызы. Расулуллахтын алгачкы жубайы.
Өтө бай, илимдүү жана өтө акылдуу эле. Бүт мал-мүлкүн Расулуллахка арнаган. 24
жыл жакшы кызмат кылды. Хижраттан үч жыл мурда 65 жашында Меккеде көз жумган.
Эң алгачкы ыйман келтирген аял. Расулуллахтын бардык кыздарынын жана эки
уулунун энеси.
Айша
(радыйаллаху анха) айтат: "Пайгамбарды башка жубайларынан Хатижаны кызганганым
сыяктуу кызганып көргөн эмесмин. Аны өзүм көргөн жокмун. Бирок, Пайгамбар ал
тууралуу көп айтчу. Көбүнчө, кой сойгондо анын этинен Хатижанын жакындарына
берип жиберчү. Хатижанын атын айта баштаса: "Дүйнөдө андан башка аял жокпу?” –
дечү элем. Расулуллах болсо анын маанилүү иштерин атап: "Ал менин балдарымдын энеси”, - деп жооп берчү”.
Хазрети Айша (радыйаллаху анха):
Расулуллахтын жубайы. Абу Бакр Сыддыктын кызы. Өтө акылдуу, зейиндүү, илимдүү,
адептүү, тартиптүү аял эле. Адабият билими өтө күчтүү эле. Эсте сактап калуу
жөндөмдүүлүгү күчтүү болгондуктан сахабалар көп нерсени андан сурап үйрөнүшчү.
Аят аркылуу макталган. Ижтихады Хазрети Алиден башка болгондуктан Жамал
окуясында Хазрети Али менен күрөшкөн сахабалардын катарында болгон. Хазрети Али
шейит болгондо өтө катуу кайгырган. Шииттер аны Алини көрө алчу эмес деп
айыптап жалаа жабышат. Ал эми: "Алини
жакшы көрүү - ыймандан”, - деген хадиси шарифти Хазрети Айшанын өзү риваят
кылган. Ошентип, аны сүйүүнү жана бардык адамдардын аны сүйүүсү керек экендигин
билдирген. Хижраттан 8 жыл мурда туулуп, хижраттын 57-жылы Мединада кайтыш болгон.
Айша (радыйаллаху анха) айтат: "Сахабалар Пайгамбарыбызга белектерин менин үйүмдө
болгон кезинде алып келишчү. Ушундайча Расулуллахтын көңүлүн алууну каалашчу”.
"Расулуллахтын жубайлары эки топко бөлүнүшчү. Биринчи топто мен, Хафса, Сафия
жана Савда болчубуз. Экинчи топто Умму Салама жана калган жубайлары эле. Экинчи
топтогу аялдар Умму Саламаны Расулуллахка жиберип, Пайгамбарыбыз сахабаларына
"Белек бергиси келген адам Мен кайсыл үйүмдө болсом, ошол жерге алып келсин”, -
деп айтсынчы дейт. Умму Салама ушуну айтканда "Мени таарынтпагыла. Мага периште вахийди бир гана Айшанын үйүндө
болгон убагымда алып келет”, - дейт. Умму Салама: "Эй, Расулуллах! Сизди
таарынтып коюудан Аллах сактасын. Тообо кылдым”, - дейт. Ал аялдар кийин
Хазрети Фатиманы да ошол өтүнүч менен жиберишет. Ошол учурда: "Эй, кызым! Менин жакшы көргөнүмдү (Айшаны)
сен да жакшы көрбөйсүңбү?” - деп
айтат. Фатима (радыйаллаху анха): "Ооба”, - деп жооп берет. Пайгамбарыбыз: "Андай болсо аны жакшы көр”, - деп
айтты”.
Савда бинти Зема (радыйаллаху анха):
Савда бинти Зам’а – Расулуллахтын жубайы. Күйөөсү менен бирге ыйманга келип,
Хабашистанга көчүп барышкан эле. Меккеге кайтып келишкенде күйөөсү кайтыш болот. Расулуллах алгач
Айшаны анан Савданы никесине алган. Хазрети Умардын халифалыгы кезинде дүйнөдөн
кайткан.
Зейнеп бинти Хузайма (радыйаллаху
анха): Ал көп ибадат кылып, көп садага берчү. Мурун Абдуллах бин Жахштын аялы
болгон. Абдуллах – Расулуллахтын тай эжеси Умайманын баласы болуп, Ухуд
согушунда шейит болгон. Зейнеп Расулуллах менен никелешүү бактысына ээ
болгондон кийин сегиз ай өтүп кайтыш болгон.
Умму Салама (радыйаллаху анха): Чыныгы
аты Хинд эле. Күйөөсү Абу Салама экөө Хабашистанга алгачкылардан болуп хижрат
кылган. Абу Салама – Расулуллахтын тай эжеси Барранын уулу Убайдуллах бин
Жахштын бир тууганы эле. Ал Мединада Ухуд согушунда алган жаракатынан кайтыш
болгон. Умму Салама Абу Бакр менен Умардын никелешүү талаптарын кабыл албайт.
Расулуллах
менен никелешүү бакытына ээ болот. Х.59 (м.678) жылы Мединада 84 жашында кайтыш
болгон. Пайгамбарыбыздын жубайларынын арасында эң акыркы кайтыш болгон энебиз
ушул киши эле.
Зейнеп бинти Жахш (радыйаллаху анха):
Ал – Расулуллахтын тай эжеси болгон Умайманын кызы, Абдуллах бин Жахштын карындашы
эле. Атасынын аты – Бурра. Исламды кабылдабагандыктан "Жахш” деп аталды. Зейнеп
алгачкы ыйман келтиргендердин бири. Расулуллах алгач аны баласы сыяктуу болгон
Зейд бин Хариса менен никелейт. Зейд Зейнептин укугун орундай албай турган
болгондуктан экөө хижраттын 3-жылы ажырашат. Кийин Расулуллахтын өзү аны
никесине алууну каалайт. Зейнеп аны укканда кубанганынан эки рекет намаз окуду.
"Эй, Раббим! Сенин Расулуң мени каалайт. Эгер аны мени менен никесин жазсаң,
мени ага Сен бер”, - деп дуба кылат. Дубасы кабыл болуп, "Азхаб” сүрөсүнүн "Зейд аны менен ажырашкандан кийин биз аны
сага жубай кылдык” деген 37-аяты түштү. Зейнептин никеси Аллах тарабынан
кыйылгандыктан Расулуллах нике жөрөлгөсүн кылган жок. Зейнеп (радыйаллаху анха) ошол тууралуу
ар дайым сыймыктанып, "Ар аялды атасы турмушка берет. Ал эми мени болсо Аллаху
таала никеледи”, - деп айтчу эле. Ал кезде 38 жашта эле. Хижраттын 20-жылы 53
жашында кайтыш болгон. Өтө кайрымдуу киши болуп, садага берүүнү жакшы көрчү.
Кол өнөрчүлүктө да чебер эле. Жасаган нерселери жана колуна түшкөн нерселерин
баарын туугандарына жана кедейлерге таратчу. Халифа Омар (радыйаллаху анх)
Пайгамбарыбыздын жубайларынын ар бирине он эки миң дирхамдан берчү эле. Ал
болсо буларды алар замат баарын садага кылып берчү. Расулуллахтын өзүнөн кийин
алгач кайтыш болгон жубайы болчу. Хазрети Айша аны көп мактаган. "Жубайларымдын арасында мага эң алгач жете
турганы колу ачык болгону” деген хадиси шариф анын биринчи болуп кайтыш
боло тургандыгынан кабар берген. Анткени, эң көп садага берген жубайы ошол
болчу. Француздун адепсиз акыны Вольтер Расулуллахтын (алейхиссалам) Хазрети
Зейнеп энебиз менен болгон никелешүүсүн чындыкка терс сүрөттөп, жалааларга толо
ыр менен пъеса жазган. Адабиятчы жана ойчул деген атка жарашпай турган ушул бир
жаман чыгармасы үчүн чиркөөдөн кууган чоң душманы папанын көңүлүнөн чыгып, ага
мактоо мазмунундагы кат жазган. Мусулмандардын халифасы Султан II.Абдулхамид хан бул пъесанын
сахнага коюла тургандыгын угуп, Франция жана Англия өкмөттөрүнө ультиматум
коюп, дароо мунун алдын алып, бүткүл адамзатын мындай ашкере
адамгерчиликсиздиктен, уятсыздыктан куткарган.
Хазрети Сафийа (радыйаллаху анха): Ал -
Хайбар яхудилеринин башчысы болгон Хуай ибни Ахтабдын кызы. Хайбардагы бир
яхуди менен кудалашып коюлган эле. Кийин өтө бай адам Кенан бин Хакикке
турмушка чыгат. Хижраттын 7-жылы Хайбар шаары согуштун натыйжасында
мусулмандардын колуна өткөндө Сафийа да туткунга түшөт. Пайгамбарыбыздын
ырайымы менен туткундан бошотулду. Ыйман келтирип, Расулуллах менен никеленди.
Хижраттын 50 (м.670) жылы Мединада кайтыш болду.
Хазрети Маймуна (радыйаллаху анха):
Ысымы Барра болчу, Пайгамбарыбыз аны Маймуна деп атады. Хайбар шаары алынгандан
кийин Меккеге умрага барган кезде Маймунанын күйөөсү кайтыш болду. Ага Расулуллах менен никелешүү мартабасы насип болду.
53 жылы (м.673) Меккеде ооруп калды. "Мени Меккеден чыгаргыла! Анткени,
Расулуллах мени Меккенин сыртында дүйнөдөн кайтаарымды айткан”, - деген.
Шаардан чыгарылгандан кийин Расулуллах менен никеси кыйылган жерде кайтыш
болду.
Хазрети Марийа (радыйаллаху анха):
Пайгамбарыбыздын алейхиссалам күңү болгон. Ыйман келтирип, Пайгамбарыбыз менен
никеси кыйылды. Марийа (радыйаллаху анха) Мысырдагы Александриянын бийлөөчүсү
Мукавкыстан белек катары жиберилгендиктен анын теги жана туулган жылы так
белгилүү эмес. Расулуллахтын Хазрети Марийадан Ибрахим деген уулу болгон. Хазрети
Марийа өтө салмактуу, тынч жана өзү менен өзү жүргөн адам эле. Хазрети Омардын
халифалыгынын акыркы жылдарында 637 (х.16) жылы кайтыш болгон. Баки
мазарлыгында жерге берилген.
Хазрети Райхана (радыйаллаху анха):
Пайгамбарыбыздын күңү болуп жүрүп мусулмандыкты кабылдаган. Мединадагы яхудилердин
Бани Курайза тайпасынан чыккан. Толук ысымы – Райхана бинти Шамъун ибни Йазид
же Райхана бинти Зейд ибни Амр ибни Ханифа бин Шамъун бин Йезид. Туулган жылы
так белгилүү эмес. Пайгамбарыбыздан мурда 631 (х.10) жылы Мединада кайтыш болду.
Баки мазарлыгына жерге берилген.
Хадиси
шарифте: «Бардык аялдарыман менен
үйлөнүүм жана кыздарымды турмушка берүүмдүн баары Жабраилдин (алейхиссалам) Аллаху тааладан алып келген уруксаты
менен жүзөгө ашты», - делген.
Расулуллах
алейхиссаламдын көп айым менен баш кошуусунун эң маанилүү себептеринин бири –
Ислам динин таратуу үчүн болчу. Хижаб аяты келүүдөн мурун, б.а., аялдардын
жабык жүрүүсү буюрулуудан мурда аялдар да Расулуллахка барып, билбегендерин
сурап билишчү. Расулуллах бирөөнүн үйүнө барса аялдар да келип отуруп, тыңдашчу
жана пайдаланышчу. Хижаб аяты келип, аялдардын чоочун эркектер менен бир жерде
отуруусуна, сүйлөшүүсүнө тыюу салынгандан кийин бөтөн аялдарды кабылдабады.
Алардын билбеген нерселерин жубайы Хазрети Айшадан сурап билүүлөрүн буюрду.
Келип сураган адамдардын көптүгүнөн аларга жооп берүүгө Хазрети Айша үлгүрө
алчу эмес. Ушундай маанилүү кызматты жеңилдетүү жана Айша энебиздин (радыйаллаху
анха) ишин оңойлотуу үчүн жубайларын никеледи. Аялдарга тийиштүү жүздөгөн назик
маселелерди мусулман аялдарга өзүнүн мубарек аялдары аркылуу билдирди. Жубайы
бирөө гана болгондо бардык аялдардын андан сурап билүүлөрү кыйын, жада калса,
мүмкүн эмес болмок. Аллаху тааланын динин толук түрдө жарыялап, таратуу үчүн
көп аялга үйлөнүү жүгүн мойнуна алды.