Балдары


Пайгамбарыбыздын үч уулу, төрт кызы, бардыгы жети перзенти болгон. Хазрети Фатимадан башкасынын бардыгы Расулуллахтан мурда кайтыш болушкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын теги Хазрети Фатима энебиз менен уланган. Неберелери Хазрети Хусейндин урпагы «сеййид», Хазрети Хасандын урпагы «шериф» деп аталат. Сеййиддер менен шерифтерге көрсөтүлгөн урмат – Пайгамбарыбызга урмат болуп саналат. Аларды жакшы көрүү соңку демде ыйман менен кетүүгө себеп болот.

Касым (радыйаллаху анх): Расулуллахтын үч уулунун улуусу. Ошондуктан Расулуллах Абул Касым деп аталды. Пайгамбарлыгынан мурун Меккеде дүнүйөгө келген. Энеси – Хадича (радыйаллаху анха). Он жети айлык кезинде көз жумган.

Зейнеп (радыйаллаху анха): Расулуллахтын кыздарынын улуусу. Пайгамбарыбыз отуз жаштагы кезинде дүнүйөгө келди. Пайгамбарлыктан мурда энеси Хадичанын небере иниси Абу Ас бин Раби менен турмуш курду. Абул Ас алгач ыйман келтирбеди. Бадир согушунда туткунга түшүп, аялын Мединага жиберүү шарты менен бошотулду. Өз тууганы менен бирге жиберсе да капырлар Зейнепти (радыйаллаху анха) жолдо артка кайтарышты. Расулуллах алейхиссалам Зейд бин Харисаны (радыйаллаху анх) Меккеге жиберип, Зейнепти (радыйаллаху анха) түнү Мединага качырып жиберди. Абул Ас Худайбийа согушунан кийин ыйман келтирди. Зейнеп (радыйыллаху анха) ага кайрадан берилди. Хижраттын сегизинчи жылы отуз бир жашта кайтыш болду. Баласы Али Мекке алынган кезде Расулуллахтын төөсүнө учкашып алган эле. Зейнептин (радыйаллаху анха) кызы Уммаманы Хазрети Али өзүнө никеледи.

Рукаййа (радыйаллаху анха): Расулаллахтын экинчи кызы. Ал Пайгамбарыбыз отуз үч жаш курагында дүнүйөгө келген. Өтө сулуу болчу. Абу Лахабдын баласы Утба менен никеленди. «Таббат» сүрөсү келген соң Утба тойдон мурда ажырашты. Вахий келип, Хазрети Осман менен никеси кыйылды. Экөө бирге эки жолу Хабашстанга хижрат кылды. Жыйырма эки жашта Бадр согушунан мурда ооруп калды. Хазрети Османга Бадрга барбай аялына кызмат кылуу буюрулду. Бадр согушунун сүйүнчү кабары Мединага жеткен күнү жерге берилди.

Умму Гүлсүм (радыйаллаху анха): Расулуллахтын үчүнчү кызы. Абу Лахабдын экинчи уулу Утайбага никеси кыйылса да

«Таббат» сүрөсү түшүрүлгөн соң тойлору боло электе ажырашты. Утайба Расулуллахка жаман сөздөрдү айтты. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам): «Йа, Раббим! Ага жырткычтарыңдын бирин жибер», - деп баддуба кылды. Шамга бара жаткан жолунда Утайбаны арстан жарып өлтүрдү. Рукаййа (радыйаллаху анха) кайтыш болгондон кийин вахий келип, Умму Гүлсүм (радыйаллаху анха) Хазрети Осман менен никеленди. Хижраттын тогузунчу жылы кайтыш болду. Жаназа намазын Расулуллах окуп, жерге берген кезде кабырынын жанында туруп мубарек көзүнөн жаш акты.

Фатима (радыйаллаху анха): Расулуллахтын төртүнчү кызы, Хазрети Алинин жубайы жана Хазрети Омардын кайненеси. Никеси кыйылганда он беш жашта болчу. Махры төрт жүз мыскал күмүш болгондугу тууралуу «Мавахиб-и ладуниййа» аттуу китепте Севик согушунда жазылган. Бул 57, 14 мыскал алтын өлчөмүндө дегенди билдирет. Али (радыйаллаху анх) жыйырма бир жашта болчу. Алар Ахли Байт деп аталды. Ак жуумал, өтө сулуу болчу. Хасан, Хусейн жана Мухсин деген үч баласы, Умму Гүлсүм жана Зейнеп деген эки кызы болгон. Расулуллахтын урпагы Фатимадан (радыйаллаху анха) тарады. Зейнеп Абдуллах бин Жафар Таййар менен никелешип, алардын Али жана Умму Гүлсүм деген балдары болду. Алар шариф-и Жафаридеп аталышат.

Абдуллах (радыйаллаху анх): Расулуллахтын Хадича энебизден туулган акыркы уулу. Расулуллахка пайгамбарлык келгенден кийин туулуп, али эмчектеги кезинде көз жумган. Таййиб жана Тахир деп да аталган. Абдуллах көз жумганда Ас бин Ваил «Мухаммед абтар болду», б.а., теги кесилди деди. Аллаху таала Аска «Инна атайна» сүрөсү аркылуу жооп берди.

Ибрахим (радыйаллаху анх): Расулуллахтын уул балдарынын үчүнчүсү жана бардык балдарынын эң кенжеси. Гераклиус Мысыр бийлөөчүсү болгон Мукавкыс белек кылып жиберген Хазрети Марийадан туулган бала. Хижраттын сегизинчи жылы дүнүйөгө келип, бир жарым жашында көз жумду. Ал ооруп жатканда Расулуллах аны кучагына алып, мубарек көздөрүнөн жаш акчу. Кайтыш болгонунда күн тутулду дешти. Расулуллах (саллаллаху алейхи  ва саллам) муну укканда: «Ай менен күн  Аллаху  тааланын бар жана бир экендигин көрсөткөн эки макулугу. Бирөөнүн өлүүсүнө, тирүүлүгүнө байланыштуу тутулбайт. Аларды көргөндө Аллаху тааланы ойлогула», - деген. Ибрахим кайтыш болгондо: «Йа Ибрахим! Өлүмүңө катуу кайгырдык. Көзүбүз ыйлап, жүрөгүбүз сыздады. Бирок, Раббибизди ачууланта турчу эч нерсе айта албайбыз», - деди.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш