Ахли байт


Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын бардык үй-бүлө мүчөлөрү «ахли байт» деп аталат. Мубарек жубайлары, кызы Хазрети Фатима менен күйөөсү Хазрети Али жана алардын мубарек балдары Хасан менен Хусейн (радыйаллаху анхума) жана алардын да балдарынын бардыгы, ошондой эле, Пайгамбарыбыздын таза урпагына таандык болгон Хашим уулдары ахли байт болуп саналышат.

Аллаху таала Курани каримде ахли байт тууралуу мындай дейт: «Аллаху таала силерден бардык кемчилик менен кирлерди кетиргиси келет жана силерди толук таза кылып тазалагысы келет» («Ахзаб» сүрөсү, 33).

Сахабалар: «Йа, Расулаллах! Ахли байт кимдер?» - деп сурашты. Ошол кезде Имам Али келди. Расулуллах аны чапанынын астына алды. Кезек менен Фатима-туз-захра, Имам Хасан жана Имам Хусейн келди. Булардын ар бирин жанына алып: «Мына, булар – менин ахли байтым», - деди. Бул адамдар Ал-и Аба жана Ал-и Расул деп да аталат.

Пайгамбарыбыздын Ахли байтын сүйүү акыретке ыйман менен кетүүгө, акыркы демде саламатка ээ жетүүгө себеп болот. Ахли байтты жакшы көрүү – бардык момунга фарз. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) бир хадиси шарифинде: «Ахли байтым Нух алейхиссаламдын кемеси сыяктуу. Аларга баш ийгендер амандыкка жетишет. Калгандары куруйт», - деген.

Ахли байти набавинин артыкчылыгы менен кемелдиги өтө көп. Санап бүтүү мүмкүн эмес. Аларды айтып жеткизүүгө, мактоого адамдын күчү жетпейт. Алардын мааниси менен улуулугу бир гана аяттар менен түшүнүлөт.

Имам Шафии хазреттери: «Эй, ахли байти Расул! Силерди жакшы көрүүнү Аллаху таала Курани каримде буюрууда. Намаздарында силерге дуба кылбагандардын намаздарынын кабыл болбоосу силердин кадырыңар менен даражаңарды көрсөтөт. Даражаңардын улуулугу ошончолук, силерге Аллаху таала Курани каримде салам айтууда», - деп, муну эң сонун түрдө билдирген.

Хазрети Анас мындай дейт: «Расулуллахтан: «Ахли байтиңизден эң көп кимди жакшы көрөсүз?» - деп суралганда «Хасан менен Хусейнди», - деп жооп берди».

Хазрети Абу Хурайра  айтат:  «Расулуллахтын  жанында элем. Хасан (радыйаллаху анх) келди. «Йа, Раббим! Муну жакшы көрөмүн. Сен да аны жакшы көр жана муну жакшы көргөндөрдү да жакшы көр», - деди. Дагы бир жолу: «Хасан менен Хусейн дүнүйөдөгү менин жыпар жыттарым», - деди»

Пайгамбарыбыз алейхиссалам дагы мындай дейт: «Өзүмөн кийин силерге эки нерсе калтырамын. Буларга жабышсаңар жолдон чыкпайсыңар. Биринчиси экинчисинен чоң. Биринчиси Аллаху тааланын китеби болгон Курани карим, көктөн жерге чейин созулган бекем жип. Экинчиси – Ахли байтым. Булардын экөө бири-биринен ажырайбайт. Буларга баш ийбегендер менин жолуман ажырайт.»

Хазрети Хасан менен Хазрети Хусейн ооруп калышкан эле. Пайгамбарыбыз Хазрети Али менен Хазрети Фатимага: «Бул сүйүктүүлөрүңөр үчүн бир назир атагыла», - деди. Хазрети Али менен Хазрети Фатима энебиз жана Фыдда деген күңдөрү үч күндөн орозо кармоону атады. Хасан менен Хусейн хазреттери оорууларына шифаа табышты. Бирок, үйлөрүндө жей турчу эч нерсе жок эле. Хазрети Али бир яхудиден карызга арпа алды. Үчөө тең убада кылган орозолорун кармоого ниеттеништи. Арпанын бир бөлүгүн Хазрети Фатима үгүтүп, беш нан бышырды. Өздөрү беш киши болчу. Ооз ачар маал болгон эле. Ар биринин алдына бир бирден нан коюп, ооз ачууга отурушту. Бир кедей келип: «Йа ахли байти Расулуллах! Мискин, кедей мусулмандардын биримин. Мага жей турчу нерсе бергиле. Аллаху таала силерге Бейиштин сыйын берсин», - деди. Алар колдорундагы нанды ага садака кылып беришип, өздөрү суу менен ооздорун ачышты. Эртеси дагы орозо кармашты. Кызматчы дагы бираз арпа үгүтүп, дагы беш нан бышырды. Ооз ачар маалды нандарын алдыларына алып, ооздорун ачайын деп жатышканда бир жетим келди. Бешөө тең нандарын ошол жетимге берип, аны кубантып, өздөрү ооздорун суу менен ачып уйкуга жатышты. Эртеси дагы орозо кармашты. Калган арпаны да үгүтүп беш нан бышырды. Ооз ачар кезде бир туткун келип:

«Үч күндөн бери ачмын. Мени заалымдар байлап, тамак беришпеди. Аллаху таала үчүн мага жардам бергиле», - деди. Бешөө тең нандарын ошого беришип, дагы да суу менен ооздорун ачышты. Ушундан кийин бир аят келип: «Алар атагандарын орундашты. Узак жана үзгүлтүксүз кыямат күнүнөн корккондуктан катуу каалап турган тамактарын да мискин, жетим, туткундарга берди. Аларга биз буларды Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн жегиздик. Силерден кайтарым иретинде бир рахмат дагы, эч нерсе күтпөдүк, эч нерсе тилебейбиз дагы, деди. Ошондуктан, Хак таала аларга шарабы тахур ичирди...» («Инсан» сүрөсү, 7-9, 21)

Абу Хурайра (радыйаллаху анх) айтат: «Пайгамбарыбыз: «Силердин           жакшыңар        –менден кийин   ахли байтыма жакшылык кыла турганыңар», - деген».

Хазрети Али айтат: «Пайгамбарыбыз: «Ахли байтыма жакшылык кылгандарга кыямат күнү шапаат кыламын».

«Сырат көпүрөсүнөн буттары тайбай өтө тургандар – ахли байтымды жана сахабаларымды жакшы көргөндөр», - деген».

Имам Раббани хазреттери билдирген бир хадиси  шарифинде:«Алини жакшы көргөн адам мени жакшы көргөн, ага душмандык кылган адам чынында мага душмандык кылган болот. Аны таарынткан мени таарынтат. Мени таарынткан Аллаху тааланы таарынткан болот», - делинген.

Расулуллах алейхиссалам мындай деп буюрду: «Аллаху таала мага төрт адамды жакшы көр деп буюрду. Аларды өзүнүн да жакшы көргөндүгүн билдирди». «Алар ким? Аттарын айтасызбы?» - деп суралган кезде: «Али ошолордон, Али ошолордон, Али ошолордон, Абу Зарр, Микдад жана Салман», - деп жооп берди.

«Үй-бүлөм тууралуу мени таарынткандарга оор азап бар».

Бир хадиси шарифте да: «Фатима – менин бир бөлүгүм. Аны таарынткан адам мени таарынтат», - деген. Хазрети Абу Хурайра айтат: «Пайгамбарыбыз Хазрети Алиге: «Фатима мага сенден да сүйкүмдүү. Сен мага андан да азизсиң (кадырлуусуң)», - деди.

Дагы бир хадиси шарифте мындай делинген:

«Силерге Ислам динин алып келгендигим үчүн силерден эч нерсе талап кылбаймын. Бир гана мага жакын болгон ахли байтымды жакшы көрүүңөрдү каалаймын».

Ислам аалымдары ахли байтты жакшы көрүүнү акыретке ыйман менен кетүүнүн шарты деп санашкан. Аларда Расулуллахтын кичине бөлчөктөрү бар. Ахли байтты кадырлоо, урматтоо – ар мусулмандын милдети.

Улуу Ислам аалымы Имам Раббани (рахметуллахи алейх) айтат: «Атам захир батын илимдеринде, б.а., фыкых жана көңүл илимдеринде чоң аалым болгон. Ар дайым ахли байтты жакшы көрүүнү насыят кылчу. Бул сүйүү адамдын акыретке ыйман менен кетүүсүнө көп жардамдашат», - дечү. Ал кайтыш болордо жанында болдум. Соңку маалында анын эсине анын насыятын түшүрүп, бул сүйүүнүн кандай таасир кылгандыгын сурадым. Кыйналып жатса да: «Ахли байттын сүйүүсүнүн дарыясында сүзүп жүрөм», - деди. Дароо Аллаху таалага шүгүр кылып, мактоо айттым. Ахли байтка болгон сүйүү ахли сүннөттүн казынасы болуп саналат. Акырет табыштарын ушул казына алып келет.»

Расулуллахтын ахли байты үчкө бөлүнөт: Несеб, теги аркылуу тууган болгондор. Ага эжелери кирет. Экинчи – таза жубайлары. Үчүнчүсү – жубайларынын чачын тароо, тамактарын бышыруу, бөлмөсүн жыйноо, кир жуу жана ошол сыяктуу үй чарбачылыгы менен алектенген кызматчы аялдар. Сырттагы иштерди аткарган, мечитте азан окуган Билал, Салман, Сухайб (радыйаллаху анхум) да Анын үйүнөн ичип-жечү.

Хазрети Фатима менен кыяматка чейинки балдары – ахли байт болуп саналат. Аларды күнөөкөр болсо да жакшы көрүү керек. Аларды жакшы көрүү, аларга көңүл менен, дене жана мал-мүлк менен көмөктөшүү, аларды урматтап кадырлоо ыйман менен жан тапшырууга себеп болот. (Сириянын Хама калаасында сейиддер үчүн сот мекемеси бар болчу. Бул мубарек үй-бүлөдөн туулган балдар эки күбөкөр аркылуу казынын алдында тиркөөгө алынчу. Бул иш британдыктардын берилген досу Мустафа Рашид Паша тарабынан токтотулган).


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш