Пайгамбарыбыздын достору, аял же эркек, бала
же эр жеткен мусулман Расулуллахты бир гана жолу көргөн болсо алар «сахиб» же
«сахаби» деп аталат. Көптүк түрү «асхаб» же «сахаба» же
«сахб» деп аталат. Пайгамбарыбызды мусулман
болуудан мурда көрүп, Пайгамбарыбыз кайтыш болгондон кийин ыйманга келген же
мусулман болуп, кийин муртад болгон (динден чыккан) адам сахаби болуп
эсептелбейт. Сахаби болгондон кийин муртад болуп, Расулуллах кайтыш болгондон
кийин кайрадан ыйман келтирген адам сахаби болот. Пайгамбарыбыз алейхиссалам жиндердин
да пайгамбары болгондуктан жин сахабалар да болот. Асхабы кирам диний өкүмдөр
маселесинде эң урматтуу, абыройлуу адамдар болуп саналат. Анткени, алар
Курани каримди Пайгамбарыбыздан үйрөнүп, өздөрүнөн кийинкилерге үйрөтүп
түшүндүрүшкөн. Пайгамбарыбыздын кылган жана айткандары тууралуу маалыматтар
алардын өз көздөрү менен көрүп, угуп жеткирген нерселерине таянат.
Мына ушулардын толук түрдө жеткирген өкүмдөрү
хадиси шарифтердин негизин калаган. Исламда ижма-и уммат, б.а., аалымдардын сөз
бирлиги бир гана сахабалардын доорунда гана толук түрдө жүзөгө ашкан. Ошондой
эле сахабалардын бардыгы динде сөзү далил боло ала турчу, мужтахид аалымдар
болуп саналат. Бардыгы кийинки келген мужтахиддерден жогору болуп саналат.
Ахли сүннөт аалымдары сахабалардын даражаларына
карай аларды үчкө бөлүшкөн:
1- Мухажирлер: Мекке шаары алынуудан мурда Меккеден же башка жерлерден
мекендерин, жакындарын таштап, Медина калаасына хижрат кылгандар. Алар
Расулуллахтын жанына ыйман менен келген же келгенден кийин ыйман келтиришкен.
Хазрети Амр бин Ас ошолордун бири.
2- Ансар: Медина шаарындагы же ушул шаарга жакын жерлердеги Авс, Хазраж
деген эки арап тайпасынын мусулмандары ансар деп аталат. Анткени, алар
Пайгамбарыбызга жана Меккелик мусулмандарга ар түрдүү көмөк бере тургандыктарын
убада кылышкан жана убадаларын орундашкан.
3- Башка сахабалар: Мекке шаары алынган кезде жана андан кийин Меккеде же
башка жерлерде ыйман келтиргендер. Алар мухажир же ансар деп аталышпайт, сахаба
деп гана аталышат.
Сахабалардын эң жогору даражалуулары – Расулуллахтын
төрт халифасы. Алардын бири-биринен үстөмдүктөрү халифа болуу кезеги менен
мындай: Хазрети Абу Бакр, Хазрети Омар, Хазрети Осман жана Хазрети Али
(радыйаллаху анхум). Алардан кийинкилери Ашара-и мубашшарадан, б.а., Жаннат
менен сүйүнчүлөнгөн он адамдан, калган алтоо (Талха, Зубейр бин Аввам,
Абдуррахман бин Авф, Саад бин Аби Ваккас, Саид бин Зейд, Абу Убайда бин Жаррах
(радыйаллаху анхум) жана Хазрети Хасан менен Хазрети Хусейн.)
Төрт халифа жана ашара-и мубашшарадан кийин
эң жогорулары биринчи мусулман болгон кырк адам. Алардан кийинкилер Бадр
согушуна катышкан 313 сахаба. Алардан кийин Ухуд согушунда болгон 700 баатыр.
Алардан кийинкилер – хижраттын алтынчы жылы бак алдында Расулуллахка: «Өлүм
бар, бирок, кайтуу жок», - деп сөз берген 1400 адам. Бул келишим «Биат-и
Ридван» деп аталат.
Сахабалардын саны: Мекке алынганда он миң,
Табук согушунда жетимиш миң, Вада ажылыгында токсон миң жана Расулуллах кайтыш
болгон кезде жер бетинде жүз жыйырма төрт миңден ашык сахаба болгон. Бул маселе
тууралуу башка риваяттар да бар.
Сахабалардын акыркы кайтыш болгондору мына
булар: Абдуллах бин Авфа (радыйаллаху анх), ал 705 (х.86) – жылы Куфада кайтыш
болду. Абдуллах бин Йеср (радыйаллаху анх), ал 706 (х.88) – жылы Шамда, Сехл
бин Саад (радыйаллаху анх) 709 (х.91) – жылы 100 жашында Мединада, Анас бин
Малик (радыйаллаху анх) 711 (х.100) – жылы Меккеде кайтыш болгон.
Пайгамбарыбыз кайтыш болгондон кийин төрт
халифа доорунда да сахабалар Ислам динин таратуу, жихад кылуу маселесинде
сөздөрүндө турушту. Баары биригип жерлерин, мекендерин таштап, Арабстандан
чыгып туш тарапка тарашты. Кеткендердин көпчүлүгү кайра кайтпай, барган
жерлеринде өмүрлөрүнүн акырына чейин жихад кылышты жана Ислам динин жайышты.
Ушундайча аз убакыттын ичинде көптөгөн мамлекет алынды. Алынган жерлерде Ислам
тез тарады. Сахабалардын бардыгы адилеттүү болушкан. Исламды таратууда бардыгы
орток болушкан. Курани каримди ошолор жыйнады. Хадиси шарифтерди
Пайгамбарыбыздан ошолор жеткирди.
(Сахабалардын Ислам динине кылган
кызматтарын, үлгү болорлук өмүрлөрүн, артыкчылыктарын, баарынын ысымдарын
көрсөткөн көптөгөн китептер жазылып, басылып чыгарылган.)
Пайгамбарлардан жана жогору периштелерден
кийин бардык жаратылган нерселердин эң үстөмү – сахабалар. Алардын ар
кайсынысынын ысымын айтканда урмат менен айтуу керек.
Сахабалардын ар бири ушул үммөттүн бардыгынан
үстөм. Мухаммед алейхиссаламдын пайгамбар экенине ишенген бардык адам, б.а., ар
бир мусулман кайсы урпактан чыкса да Мухаммед алейхиссаламдын үммөтү деп
аталат.
Сахабалардын үстөмдүгү менен артыкчылыгына
катыштуу аяттарда мындай делинет: «Силер – үммөттөрдүн
кайырлуусусуңар» («Али Имран» сүрөсү, 110)
«Алгач
мусулман болгондорго мухажирлер менен ансардын алдыңкы катарларына жана
ошолордун жолундагыларга Аллаху таала ыраазы жана алар да Аллаху таалага
ыраазы. Аллаху таала алар үчүн Жаннаттарды даярдады. Бул Жаннаттардын астынан
өзөндөр агат. Алар Жаннатта түбөлүк калышат.» («Тообо» сүрөсү, 100)
«Мухаммед (алейхиссалам) – Аллаху тааланын
пайгамбары. Жана анын жанында болгондордун (б.а., сахабалардын) бардыгы
капырларга каршы катаал. Бирок, бири-бирине карата мээримдүү. Аларды көбүнчө
руку менен саждада көрөсүң. Алар бүткүл адамзатка (дүнүйө менен
акыретте) бардык жакшылыкты, үстөмдүктү Аллаху тааладан тилешет.
Ридванды (б.а., Аллаху тааланын өздөрүн жактыруусун) да
каалайт. Көп сажда кылгандары жүздөрүнөн белгилүү болот. Алардын абалдары,
кадырлары ушундайча Тооратта (жана Инжилде) билдирилген.
Инжилде да көрсөтүлгөнүндөй алар эгинге окшойт. Ипичке бир саптан өсүп чыгып,
калыңдап көтөрүлгөнү сыяктуу алар аз жана алсыз болуп туруп аз убакыттын ичинде
айланага тарашты. Туш-тарапты ыйман нуруна бөлөштү. Бардык адамдар көчөттүн
жагдайын көрүшүп, аз убакытта кандай өсүп кетти деп таң калышканы сыяктуу,
ал-атагы таралып, көргөндөр таңыркап, капырлар ачууланышты» («Фатих»
сүрөсү, 29).
Сахабалар
тууралуу кээ бир хадиси шарифтер:
«Сахабаларымды
жамандабагыла. Сахабаларыман кийин келгендердин бири тоодой чоң
алтын садага берсе да сахабамдын биринин бир арпа берип алган сообуна же анын
жартысына да кол жеткире албайт.
Сахабаларым
көктөгү жылдыздар сыяктуу. Кайсынысын ээрчисеңер да туура жолду табасыңар.
Сахабаларыма
душмандык кылуудан сактангыла.
Аллахтан
корккула! Аларды жакшы көргөн адам мени жакшы көргөндүктөн жакшы көрөт. Аларга
душмандык кылган адам мага душмандык кылган болот. Аларды таарынткан мени
таарынткан болот. Мени таарынткан арийне Аллаху тааланы таарынтат.
Үммөтүмдүн
эң жакшысы менин заманымда болгондор. Алардан кийинки эң жакшылары – алардан
кийин келгендер. Ал эми алардан кийинки жакшысы – ошолордон кийин келгендер.
Мени көргөн жана мени көргөн адамды көргөн мусулманды Тозоктун оту күйгүзбөйт».
Бул аяти карималар менен хадиси шарифтер
сахабалардын үстөмдүгү менен артыкчылыгын айкын көрсөтүүдө.