Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Расулуллахтын ыйык сакалы менен чачтары




Расулуллахтын ыйык сакалы менен чачтары


Пайгамбарыбыздын мубарек чачы тууралуу Хазрети Анас бин Маликтен (радыйаллаху анх) суралды: Расулуллах алейхиссаламдын мубарек чачы кандай эле? Хазрети Анас мындай деп жооп берди: Эки түрдүн ортосунда эле. Өтө тармал да эмес, өтө түз да эмес болчу. Экөөнүн ортосунда орточо деңгээлде эле. Узундугу кулагы менен далысынын үстүнүн арасында болчу.

Ибн Аббас хазреттери: «Пайгамбарыбыз алейхиссалам мубарек чачын мыңдайынын үстүнө түшүрчү. Кийин экиге бөлө турган болду», - деген.

Аалымдар: «Чачты эки жакка бөлүү Пайгамбарыбыздын сүннөтү. Анткени, ал кийин ушинте турган болгон. Маңдайдын үстүнө түшүрүүгө да, эки жакка бөлүүгө да болот. Бирок, эки жакка бөлүү үстөмүрөөк», - дейт.

Хазрети Айша Сыддыка энебиз айтат: «Пайгамбарыбыздын чачы жуммадан жогору жана вафрадан төмөн болчу.» Жумма деп далыга чейин жеткен чачты айтат. Вафра деп кулак астына чейин түшкөн чачты айтат. Ошондо Хазрети Айшанын айтуусу боюнча Расулуллахтын чачынын узундугу кулагынан төмөн, бирок, далысына жетпеген болгон. Экөөнүн ортосунда болгон.

Кады Ияд хазреттери айтат: «Бул айтылгандарды корутундулаганда мындай болот: мубарек кулагы жагындагы чачы кулагынын жумшагына чейин түшчү. Арткы жактагы чачы далыларына жетчү.»

Мындай деп да айткан: «Кээ бир риваяттарда кулагына чейин түшкөн, кээ бир риваяттарда далысына чейин түшкөн дегендиктеринин себеби – бир кезде мындай эле, башка кезде мындай эле дегенди билдирет. Риваяттардын бардыгы дурус. Пайгамбарыбыз алейхиссалам мубарек чачын кээде өстүрүп, далысына чейин жетчү. Кээде кыркып, кулагынын жумшагына же кулагынын ортолоруна чейин жетчү».

Умму Хани айтат: «Пайгамбарыбыз бир кезде Меккеде бизге келген эле. Ал кезде төрт гадирасы бар болчу.»

«Гадира» чач бөлүгү дегенди билдирет. Б.а., мубарек чачын төрт бөлүк кылган эле дегенди билдирет.

Жыйынтыктап айтканда, Пайгамбарыбыздын чачы менен сакалы өтө тармал да, өтө түз да эмес, толкундуу болгон. Мубарек чачы узун болгон. Алгач көкүл коюп, кийин экиге бөлө турган болгон. Мубарек чачын кээде өстүрчү, кээде кыркып кыскартчу.

Эркек адамдын чачтарын такыр кылып кыруулары же чачтарын өстүрүп, тарап, экиге бөлүүлөрү сүннөт. Жагдайга, адатка, убакытка карай аракет кылуу керек. Чачты ороо, өрүү макрух болот.

Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын мубарек сакалы тууралуу Хазрети Анас мындай деген: «Пайгамбарыбыздын мубарек сакалында агаргандары өтө сейрек эле. Мубарек чачы менен мубарек сакалындагы актардын саны 17 же 18-ден ашчу эмес».

Хазрети Абу Бакр Сыддык бир күнү: «Чачыңызга ак түшүптүр, йа Расулаллах», - деди. Ошондо Пайгамбарыбыз: Мени Худ, Вакиа, Мурсалат, Амма йатасаалуна жана Изаш-шамсу кувират (Наба жана Таквир) сүрөлөрү агартты», - деген. Б.а., бул сүрөлөрдө Жаханнам менен Жаннат абалдары көп айтылган. Үммөтүмдүн жагдайынын кандай боло тургандыгын ойлоп, чачым менен сакалымды агарттым деген.

Амр бин Шуайб: «Расулуллах алейхиссалам сакалынан четинен жана узундугунан кыскартчу. Тирмизи билдирген хадиси шарифинде Пайгамбарыбыз: «Мурутун албаган, кыскартпаган адам бизден эмес», - деген», - дейт. Дагы бир хадиси шарифте: «Сакал койгула жана мурутту жакшылап кыскарткыла», - делинген.

Ибн Абдул-Хаким мындай дейт: «Мурутту жакшылап алуу керек жана сакалды албоо керек. Мурутту жакшылап кыскартуу деген баарын кырып алып таштоо деген сөз эмес.»

Имам Набави хазреттери: «Мурутту кыркканда эриндин чети көрүнө тургандай кылып кыркуу керек, түбүнөн алып таштабоо керек», - деген.

Аалымдар муруттун үстүн алып, эки учун чыгарып өстүрүү туура деп эсептешпеген. Ибн Омар мындай дейт:

«Расулуллахка мажусилер коому  тууралуу  айтылды. Ошон до пайгамбарыбыз: «Алар муруттарынын учун өстүрүшөт жана сакалдарын кырып таштайт. Андай болсо силер аларга тескерисин кылгыла», - деди».

Абу Умама: «Йа Расулаллах! Ахли китаб (китептүү капырлар) сакалдарын кыркат жана муруттарын өстүрөт», - дегенде Пайгамбарыбыз: «Силер мурутуңардын учун кыркып, сакалыңарды өстүргүлө», - деп буюрду.

Аалымдардын билдиргендери боюнча мурутту каштын узундугундай кылып кыскартуу сүннөт болуп эсептелет. Сакалды саамайдагысы менен кошуп бир тутам кылып өстүрүү жана андан артыгын кыркуу сүннөт.

Сакалды бир тутам өстүрүп, бир тутамдан артыгын кыркуу сүннөт. Бир тутамдан кыска кылып кыркуу сүннөткө туура келбейт. Сүннөттү орундаймын деп (бир тутамдан) кыска сакал коюу бидат болот. Харам болот. Сакал коюу заваид сүннөт болуп саналат. Амри маруф кылуу үчүн, нафака табуу үчүн, фитнанын чыгуусунун алдын алуу үчүн сакалды толугу менен алып таштоо жаиз болот жана зарыл болот. Булар сүннөттү таштоо үчүн үзүр (кечиримдүү себеп) болот, бирок, бидат кылуу үчүн үзүр болбойт.

*Сүннет-и заваид – Пайгамбарыбыздын ибадат катары эмес, адат катары кылган нерселери. Заваид сүннөттөрдү таштоо макрух эмес. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын кийинүү шекили, жакшы нерселерди кылууну оң жактан баштоо сыяктуу нерселер заваид сүннөткө кирет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш