Пайгамбарыбыз алейхиссалам төшөгүнө жаткан
кезде оң тарабына жатып, оң колун оң жак бетинин астына койчу. Андан кийин:
"Аллахым! Өзүмдү сага тапшырдым.
Жүзүмдү сага бурдум. Ишимди сага
тапшырдым. Аркамды сага сүйөдүм. Мен сенин азабыңан коркуп, рахматыңан үмүт
күтөмүн. Сенин ырайымдуулугуңан башка жашынган жер жок, сенин азабыңан башка
сактана турчу нерсе жок.
Бир гана, сенин ырайымдуулугуңа сыйынабыз,
сенин ырайымдуулугуң менен азаптан кутулабыз.
Мен сенин түшүргөн китебиңе жана жиберген
пайгамбарыңа ишендим.
Эй, Раббим! Бир жагымды сенин атың менен
жерге койдум. Эгер рухумду кармап, алган болсоң, ага рахматың менен мамиле
жаса.
Эгер аны бош жиберген болсоң, салих
кулдарыңды коргогонуң сыяктуу аны да корго!
Аллахым! Мен сенин атың менен өлүп, сенин атың менен тирилем. Бизге ичирген-жедирген, бардык муктаждыктарыбызды өтөп,
бизди коргогон Аллахка хамд болсун! Канча деген адамдар бар, алардын
муктаждыктарын өтөй турчулары да, коргоочулары да жок. Аллахым! Кулдарыңды
алдыңа жыйнаган күнү азабыңан мени сакта” деп дуба кылып, уйкудан туруп
жатканда да: "Бизди өлгөндөн кийин
тирилткен, ал Аллахка хамд болсун. Кыямат күнү ага келебиз”, - дечү.
Пайгамбарыбыз
төшөгүнө жаткан кезде: "Көктөр менен
жердин Раббиси, бардык нерсенин Раббиси болгон, дан менен урукту жарып
өндүргөн, Тооратты, Инжилди жана Куранды түшүргөн Аллахым! Мен, бардык жамандык
ээсинин жамандыгынан сага сыйынамын! Анткени, аны айдарынан кармап турган
сенсиң”.
Аллахым! Эң алгачкы – сенсиң. Сенден мурун
эч нерсе болбогон. Акыркы да – сенсиң. Сенден кийин келген эч нерсе жок. Захир
– сенсиң. Сенден башка эч нерсе жок!” - деп дуба кылчу.
Уйкудан ойгонгон
кезде: "Башка илах жок, бир гана сен
барсың. Сени тасбих жана танзих кыламын. Аллахым! Күнөөлөрүмдү жалгооңду жана
ырайымыңды тилеймин.
Аллахым! Илимимди арттыр. Мага туура жолду
көрсөткөндөн кийин жүрөгүмдү тайдырба! Улуу даражаңдан мага бир ырайымдуулук
ихсан кыл. Анткени, кечирими эң көп болгон сенсиң, сен!” - деп дуба кылганы
болгон.
Бара бин Азиб
айтат: "Пайгамбарыбыз мага: "Жаткан жериңе бара турган кезде намазга даарат алгандай даарат ал. Андан кийин оң жагыңа карап жат, анан "Аллахым! Өзүмдү сага
тапшырдым. Жүзүмдү сага бурдум. Ишимди сага тапшырдым. Аркамды сага сүйөдүм.
Мен сенин азабыңан, мээримдүүлүгүңөн үмүт күтөмүн. Сенден, сенин рахматыңан
башка коргогон жер жок, сенин азабыңан башка сактанган нерсе жок. Бир гана
сенин ырайымдуулугуңа сыйынабыз, сенин гана ырайымдуулугуң менен азаптан
кутулабыз. Мен сенин түшүргөн китебиңе жана жиберген пайгамбарыңа ишендим” де!”
Ошол түнү кайтыш болсоң Ислам боюнча кайтыш
болосуң. Кимде-ким ушуну айтып, ошол түнү кайтыш болсо Ислам боюнча кайтыш болгон
болуп саналат”, - деди.
Пайгамбарыбыз
алейхиссалам: "Силерден бирөө түндө
төшөгүнөн туруп, кайра келип жаткан кезде төшөгүн үч жолу силкисин. Анткени, өзүнөн кийин эмне
болгонун, эмнелердин келип төшөктүн үстүнөн орун алганын билбейт.
Төшөгүнө жатканда оңго карап жатсын. Оң
жагы менен жаткан кезде "Аллахым! Сени тасбих жана танзих кылдым. Йа Раббим!
Бир жагымды сенин атың менен төшөккө койдум. Сенин атың менен көтөрөмүн. Эгер
рухумду кармап, алган болсоң ага ырайымдуулук жаса. Эгер кайра жиберген болсоң,
салих кулдарыңды коргогонуңдай аны корго.”
Ойгонгон кезде дагы "Аллахка хамд болсун.
Менин денеме саламаттык берди, рухумду мага кайра кайтарды жана зикир кылуу
үчүн мага уруксат берди” десин”, - деген.
Пайгамбарыбыз
көмкөрөсүнөн жаткан адам көрсө: "Мына,
бул – Аллах эч жактырбаган
жатыш”, - дечү.
Шарид бин
Сувайддин билдиргени боюнча Пайгамбарыбыз көмкөрөсүнөн жаткан адамды көрүп, аны
бутунун учу менен түртүп: "Бул – улуу
Аллах эң жактырбаган уктоо”, - деген.
Уктап жаткан
адам асхабы суффадан Абдуллах бин Тахфа деген адам болчу. Ал: "Мен эртең менен
мечитте көмкөрөмөн уктап жатканда бирөө мени буту менен түрттү.
Бул ким? – деп
сурады.
Мен Абдуллах
бин Тахфамын, - дедим. Карасам Пайгамбарыбыз экен.
Бул жатыш –
Аллахтын эң жактырбаган жатышы! - деп айтты”. Пайгамбарыбыз алейхиссалам
дааратсыз жүрчү эмес. Расулуллахтын дааратканага барып, даарат албаганы
көрүлгөн эмес.