Расулуллахтын отурушу


Ханзала бин Хызйам: "Пайгамбарыбызга барганда анын малдаш токунуп отурганын көрдүм”, - деген.

Жабир бин Самура пайгамбарыбыздын багымдат намазын окуган кезде күн чыкканга чейин намаз ордунда малдаш токунуп отурганын айтат.

Пайгамбарыбыздын бутун жыйналган адамдарга карай созуп отурганы эч качан көрүлгөн эмес.

Шарид бин Сувайд: "Пайгамбарыбыз алейхиссалам мага келген эле. Ал кезде мен сол колумду артыма койуп, колума тиренип отурган элем. Пайгамбарыбыз: "Сен азапка учурагандардын отурушундай отурасыңбы?” - деди. (Азапка учурагандар - яхудилер).

Каила бинти Махрама айтат: "Пайгамбарыбыз алейхиссаламды курфуса отурганын көрдүм. Анын ушундай хушу менен (ихлас менен, кемчиликсиз, башка нерсе ойлобой, берилип) отурганын көрдүм”.

(Курфуса – санды жерге коюп, тизени тик көтөрүп, курсака жабыштырып, колду буттун үстүндө байлап, айкаштырып отуруу).

Пайгамбарыбыз алейхиссалам тамак жеп отурган кезде карапайым түрдө отурчу. Ичке кирип жабынып алчу эмес, парданын артында отуруп да жечү эмес. Алдына табак менен дагы алып барылчу эмес. Пайгамбарыбыз алейхиссалам топурактын үстүнө отуруп, тамагын жерде дагы жечү. "Мен кулдун отурганы сыяктуу отуруп, кулдун жегени сыяктуу жеймин. Мен бар болгону бир кулмун. Сүннөтүмөн терс айланган адам менден эмес”, - деген.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Меккенин жогору жагындагы бир жерге тиренип, тамак жеп турганда Жабраил алейхиссалам келип: "Йа Мухаммед! Демек, сиз падышалар сыяктуу жейсиз?” - дегенде Расулуллах алейхиссалам жерге отура калган.

Пайгамбарыбыз алейхиссаламга бир күнү Жабраил алейхиссалам менен бирге мурун эч келбеген бир периште келди. Периште Расулуллах алейхиссаламга: "Раббиңиз сизге салам айтты жана сизге султан-пайгамбар менен кул-пайгамбар арасында бирин тандоого эрк берди. "Кааласаң сен үчүн пайгамбар-султан, кааласаң пайгамбар-кул болуу бар”, - деп буюрду”, - деди.

Жабраил алейхиссалам: "Тавазу көрсөтүңүз” (тавазу – карапайымдык) деп белги берген кезде Расулуллах: "Пайгамбар-кул болоюн”, - деп жооп берген. Ушундан кийин Пайгамбарыбыз эчкачан туруп жана бир нерсеге тиренип, жазданып тамак жеген эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш