Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Расулуллахтын тамактануусу




Расулуллахтын тамактануусу


Абу Жухайфа айтат: "Пайгамбарыбыз: "Мен бир нерсеге таянып отуруп тамак жебеймин”, - деди. Таянуунун үч түрү бар: Бир жагына таянуу, малдаш токунуу, бир колун таянып, экинчиси менен там жеш. Бул үчүнчүсү түрү туура эмес аракет деп саналат.

Пайгамбарыбыз тамакты үч манжа менен, сөөмөйү жана анын эки жанындагы манжалары менен.

Пайгамбарыбыз айтат: "Тамактын берекеси тамактан мурда даарат алууда, тамактан кийин дагы даарат алып, кол жууда”.

"Кимде-ким колундагы эт, май жытын, идиш-аяктарын жуубай уктоого жатып, башына бир нерсе келген болсо өзүнөн башканы күнөөлөбөсүн!”

Пайгамбарыбыздын Гарра деп аталган бир идиши бар болгон. Шашке убакытында Духа намазын окугандан кийин ичине тирид тамагы салынган ошо идиш алып келинип ортого коюлчу. (Тирид – майда-майда нан менен көп эт арлаштырылып жасалган тамактын аты).

Мусулмандар тирид салынган идиштин башына жыйналган кезде, Пайгамбарыбыздын эки тизесине чөгүп отурганын көргөн бир бадави (чөлдөгү айыл адамы) "Бул кандай отуруш?”, - деди.

Пайгамбарыбыз: "Күмөнсүз, Аллаху таала мени кичи пейилдүү кул кылды. Кана, четинен тамакты баштагыла! Төбөсүнөн, ортосунан жегенди таштагыла.

Тамактын берекеси төбөсүндө, ортосунда. Бирөөңөр тамак жээр кезде табактын орто жагынан жебесин. Чет айланасынан жесин. Анткени, береке анын орто жагынан түшөт”, - деген.

Омар бин Абу Салама айтат: "Мен Пайгамбарыбыздын тарбиясында болгон бала элем. Тамак жегенде колум  табактын ичи  не аралап кетчү. Пайгамбарыбыз алейхиссалам мага: "Эй бала! Бисмиллах айт! Оң колуң менен же! Алдыңан же”, - деди. Ошондон кийин ушинтип жей баштадым.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Бирөөңдүн кызматчың тамагын дайындап алып келген кезде ал кызматчы тамактын ысыгына, түтүнүнө чыдаган. Аны да дасторконго бирге отургузсун, ал да жесин. Эгер тартынып, мындай кылбаса же тамак аз болсо колуна бир-эки үзүм салсын”, - деген.

Пайгамбарыбыз эч кандай тамакты жаман деп санабаган, жииркенбеген. Бир тамакты кааласа жечү, каалабаса жечү эмес, бирок, эч нерсе айтчу эмес. Эң кичине жакшылыкка да урмат көрсөтчү. Эч кандай жакшылыкка жактырбоочулук жасачу эмес. Кандай нимат болбосун жактырса мактачу эмес, жактырбаса жамандачу эмес.

Тамак ортого коюлганда Пайгамбарыбыз: "Аллахумма барик лана фима рамактана вакина азабаннар.

Бисмиллах” деп дуба кылгандан кийин тамак жээнү баштачу.

Хазрети Айша энебиз айтат: "Расулуллах алейхиссалам: "Силердин бириңер тамак жээр кезде "Бисмиллах” десин, улуу Аллахтын атын айтсын. Тамактан мурун муну айтууну унутса "Тамактын башы менен акыры үчүн бисмиллах” десин”, - деп буюрду”.

Умаййа бин Махшиддин билдиргени боюнча, бир адам бисмиллахты айтпай тамак жеп отурду, Пайгамбарыбыз ага карап турду. Тамактан бир үзүм калып, аны да оозуна салган кезде ошол адам "Бисмиллахи аввалихи ва ахирихи”, - деди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам күлдү. Андан кийин: "Шайтан аны менен бирге тамак жеп отурган эле. Адам Аллаху тааланын атын айткан кезде шайтан курсагында эч нерсе калтырбай жегенинин баарын кусуп таштады”, - деди.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам даарат менен гусулда, бут кийимин кийүүдө жана таранууда мүмкүн болушунча оң жактан баштаганды жакшы көрчү, бир нерсе алган кезде оң колу менен алчу, бир нерсе берчү кезде оң колу менен берчү жана баштачу нерсесинин бардыгын оң жактан баштачу.

"Силердин бирөөңөр бут кийимин кийе турчу кезде кийүүнү оң жактан баштасын. Бут кийимин чечкен кезде дагы чечүүнү сол жактан баштасын.

Бут кийим кийерде оң бут буттардын биринчиси, чечерде оң бут буттардын акыркысы болсун”, - деген.

Абдуллах бин Омардын билдирүүсү боюнча: Пайгамбарыбыз алейхиссалам "Силердин бирөөңөр тамак жээр кезде оң колу менен жесин. Бир нерсе ичкен кезде дагы оң колу менен ичсин. Анткени, шайтан сол колу менен жеп, сол колу менен ичет”, - деген.

Салама бин Аква атасынан угуп билдиргени боюнча: "Пайгамбарыбыз алейхиссалам Ашжаъ уруусунан Буср бин Раийулир деген адамдын сол колу менен тамак жегенин көрүп, ага: "Оң колуң менен же!” - деп буюрду”.

Ошол адам: "Буга күчүм жетпейт, оң кол менен жей албаймын”, - деп алдады. Пайгамбарыбыз: "Күчүң жетпей калсын! Буга оң кол менен жешке бир гана текеберлик менен мактанчаактыгы гана жол бербөөдө”, - деди. Ушундан кийин ал адам оң колун оозуна көтөрө албас болуп калды.

Пайгамбарыбыз: "Азиз жана Жалил болгон Аллах, желген нерсени жеп же ичилген нерсени ичип, ушул үчүн Ага шүкүрчүлүк кылган кулунан сөзсүз ыраазы болот”, - деген.

Абу Саид-ул Худри айтат: Пайгамбарыбыз ичип-жегенде мындай дуба кылчу:

"Аллахума лиллахиллази атамана ва сакана ва жаална Муслимин” (Бизди ичип-жегизип жана мусулмандардан кылган Аллахка хамд болсун).

Абу Умамат-ул-бахилиинин билдиргени боюнча: Пайгамбарыбыз алейхиссалам тамагын жеп, дасторкон жыйналар кезде мындай дуба кылчу:

"Алхамду лиллахи касиран таййибан мубаракан фихи кайра макфиин вала муваддаин вала мустагнан анху Раббана” (Хамд Аллахка таандык)”.

Эй, Раббибиз! Биз сага өтө көп, бардык кемчиликтен пак, ичи берекеге толо, кайра кайтпаган, таралбаган хамд менен хамд кылабыз.

"Алхамду лиллахиллази кафана ва арвана гайра макфиин вала макфурин” (Бизге жеткиликтүү көлөмдө жегизген, ичирген, бизди кайра кайтарбаган жана ачкөз кылбаган Аллахка хамд кылабыз).

Абу Хурайранын билдиргени боюнча Пайгамбарыбыз тамак жеп болгондон кийин колун жуучу.

Пайгамбарыбыз дүйнөгө жана дүйнөлүк нерселерге маани берчү эмес.

Абдуллах бин Масуд айтат: "Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир камыштан өрүлгөн төшөнчүнүн үстүнө жатып уктап калганда капталына изи түшүп калган болчу. Ойгонгондо капталын ушаладым. "Ата-энем сизге курман болсун, йа Расулаллах! Бизге айтсаңыз, төшөнчүнүн үстүнө бир нерсе салар элек”, - дедим. "Сизге бир жумшак төшөк дайындасак”, - дедик. Пайгамбарыбыз: "Дүйнөгө таандык нерселер мага эмне үчүн керек? Менин дүйнөмө байланышым бир бактын астында бираз көлөкөлөп, аны таштап жолун уланткан адамдын абалына окшойт”, - деди.

Абу Умамет-ул-бахилинин билдиргени боюнча Пайгамбарыбыз: "Азиз жана жалал болгон Раббим мага Меккенин жерин алтын кылууга сунуш жасады. "Жок, йа Раббим! Мен бир күн ток болоюн, бир күн ач болоюн. Ач болгон кезимде сага кулчулук жасап, сени зикир кылайын. Ток кезимде сага шүкүрчүлүк кылайын” дедим”, - деген.

Хазрети Айша энебиз айтат: "Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын Мединага келгенден кайтыш болгонго чейин үйдөгүлөр үч түн катары менен буудай наны менен карындарын тойгузушкан эмес. Пайгамбарыбыз жана үйдөгүлөр көбүнчө арпа наны менен курма жечү жана булар да көп эмес эле.”

Расулуллах алейхиссалам кайтыш болоордон мурун соот көйнөгүн үйүндөгүлөрдүн тамагы үчүн Абу Шахма деген яхудиден алган бир "васк” же отуз "Са” өлчөлөрүндөгү арпага кепилге койгон.

Хазрети Айша энебиз: "Мухаммед алейхисалламды хак дин жана китеп менен пайгамбар кылып жиберген Аллахка ант кылып айтамын: Улуу Аллахтын пайгамбар кылып жиберген кезден баштап рухун алган кезге чейин өзү элек көрбөгөн, элекке эленбеген ундан жасалган нан да жеген эмес”, - деген. "Андай болсо арпаны кантип жечү элеңиздер?” - деп сураганда "Кебегин (Уф!) деп үйлөчүбүз!”

Пайгамбарыбыз алейхиссалам кайтыш болгонго чейин өзү дагы, үйүндөгүлөр да эки күн катарынан арпа нанына курсактарын тойгузган эмес. Валлахи, Пайгамбарыбыздын үйүндө кырк түн күтчүбүз, чырак да, бир от да жагылчу эмес. Айлар өтчү, Мухаммед алейхиссаламдын үйлөрүнүн эч кайсысында от жанып, түтүн көрүлгөн эмес.

Эки ай өтүп кетчү. Мухаммед алейхиссаламдын үйдөгүлөрү үчүн нан бышырылчу эмес, казанда тамак бышырылчу эмес.

Биз Асвадейинге, б.а., курма менен сууга тойгон кезибизде Расулуллах алейхиссалам кайтыш болду. Пайгамбарыбыздын курсагына бир күндө эки түрлүү даам кирген эмес, курмага тойгон кезинде нанга тойчу эмес, нанга тойгон кезде дагы курмага тойчу эмес. Мына, мени ыйлаткан да ушу”, - деген.

Анас бин Малик: "Пайгамбарыбыз Аллаху таалага жеткенге чейин Хыванын үстүндө бир нерсе жегенин да, таза буудай унунан калама нан, козу этинен шишкебек көргөнүн да билбейм!” - деген.

(Хыван – тамак койгон стол сыяктуу нерсе.)

Абу Хурайра хазреттери Пайгамбарыбыздын "Аллахым! Мухаммеддин үй калкын өлбөгөндөй камсыз кыл! Мухаммеддин үй-ичинин ырыскысын өлбөгөндөй кыл” деп дуба кылганын билдирген.

Расулуллах алейхиссалам жеген нерсесин дасторкондо жечү.

Расулуллах алейхиссалам эч качан "тигини бышыргыла, муну бышыргыла” дечү эмес. Эмне бар болсо ошону жечү. Хазрети Айша энебиз айтат: «Пайгамбарыбыз алейхиссалам жаныма келип "Жечүү нерсе барбы?” деп сурачу. "Жок” десем, "Андай болсо мен орозомун” дечү».

Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир күнү бизге келген эле. "Йа Расулаллах! Бизге бир белек келди”, - дедим. "Ал эмне?” - деп сурады. "Хайс”, - дедим. "Бирок, мен орозо болуп турам”, - деди. (Хайс – курма, май арлаштырып жасалган тамак) Пайгамбарыбыз халва менен балды, нан, курма, жашылча туурандыларын жакшы көрчү. Ага сүт алып келген кезде: "Сүттө эки береке бар”, - дечү.

Абдуллах бин Аббас айтат: "Халид бин Валид экөөбүз Пайгамбарыбыз алейхиссалам менен бирге таежем Маймуна бинти Харистин үйүнө бардык. Умма Хуфайд Пайгамбарыбызга уй майы менен сүт белек кылды. Эжем: "Белек кылынган сүттөн берейинби?” - деп сурады. Пайгамбарыбыз: "Жарайт”, - деди. Эжем барып, бир идиш менен сүт алып келди. Пайгамбарыбыз алып ичти. Мен пайгамбардын оң жагында элем. Халид бин Уалид сол жагында эле. Расулуллах сүттөн артканын мага берип: "Сен ич. Кааласаң Халидке бер”, - деди. "Мен сизден артканын ичүүдө эч качан, эч кимди өзүмдөн артык көрбөймүн”, - дедим. Андан кийин Пайгамбарыбыз: "Аллах бир тамак жегенди насип кылган адам "Аллахумма барик лена фихи ва атамна хайран минху - Аллахым! Сен бул тамакта бизге береке ихсан кыл. Бизге андан кайырлуусун да жегиз” десин.

Аллах сүт ичкизген адам да "Аллахумма барик лана фихи ва зидна минху – Аллахым! Сен бул сүт менен бизге береке бер” десин. Анткени, тамак менен суунун ордун сүттөн башка эчтеке баса албайт”, - деген.

Мединалык мусулмандар курмаларынын алгачкы бышкандарын жыйнап аны Пайгамбарыбызга алып келчү. Пайгамбарыбыз ал курманы колуна алып, береке дубасын окугандан кийин балдардын эң кичинекейлерин чакырып, ошолорго берчү. "Бир үйдө курма болбосо ал үйдүн адамдары ач”, - дечү.

Анас бин Маликтин билдиргени боюнча Пайгамбарыбыз алейхиссалам ашкабак тамактарын жакшы көрчү. Ичине ашкабак кошулган тамак алып келгенде ашкабагы алынып Пайгамбарыбыздын алдына коюлчу. Пайгамбарыбыз койдун этинин эң даамдуу эти арка эти экенин айтчу.

Умму Аййубдан "Расулуллах алейхиссалам сиздин үйүңүздө жети ай турду. Ал кандай тамакты жакшы көрчү эле?” деп суралды. Умма Аййуб: "Анын өзү үчүн белгилүү бир тамакты бышырууну сураганын, же жактырбаган тамагын жамандаганын көргөн жокмун. Ага хариса, кешкек жасап, ага жакканын көрдүк дагы, бул тамакты беш күндө, алты күндө, он күндө бир даярдачубуз”, - деди.

Абу Мусал-Ашаринин "Пайгамбарыбыздын тоок этин жегенин көрдүм” дегени билдирилген.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам тамактын түбүндө калганын жегенди жактырчу. "Кимде-ким табакта, идиште тамак жегенден кийин аны тазалап койсо, ал ошол адам үчүн истигфар кылат”, - деген.

Пайгамбарыбыз жашыл курма менен бирге коон, бадыраң жечү. "Мунун ысыктыгын анын сууктугу менен, анын сууктугун мунун ысыктыгы менен алмаштырабыз”,- дечү.

Пайгамбарыбыздын   мындай  дегендиги   дагы   билдирилген: "Эй Абу Зар! Эт бышырган кезде суусун көбөйт дагы кошуналарыңды дагы эскер, андан кошуналарыңа дагы бөлүп бер”.

"Кошунасы ач отуруп, өз карынын тойдурган адам камил мусулман эмес”.

"Аллахка ибаадат кылгыла. Тамак бергиле. Саламдашууну жайгыла, Жаннатарга барасыңар”.

"Бир адамдын тамагы эки адамга жетет. Үч адамдын тамагы төрт адамга жетет. Төрт адамдын тамагы сегиз адамга жетет”.

Асма бинти Аби Бакр бышкан тамак кайнап бүткөнчө жана буусу кеткенге чейин жабык турууна кеңеш берчү жана Пайгамбарыбыздын "Анын берекеси ушунда” дегенин уккам дечү.

Расулуллах Мекке алынган кезде агасы Абу Талибдин кызы Хазрети Уммуханинин үйүнө барган болчу. Андан "Жей турчу бир нерсеңиз барбы?” - деп сурады. Хазрети Уммухани: "Жок, бир гана катыган нан ушактары менен сирке суу бар. Бирок, аларды сизге берүүгө уялдым”, - деди. Пайгамбарыбыз: "Аларды алып кел. Суунун ичине ушала. Туз да ала кел”, - деди. Сирке суунун ошонун үстүнө куюп жегенден кийин Аллахка шүкүрчүлүк кылыды.

"Эй, Уммухани! Сирке суусу кандай жакшы кошмо! Сирке суусу бар үй кошмодон куру деп саналбайт”, - деди.

"Суулардын кайсынысы даамдуу?” - деп суралган кезде Расулуллах: "Таза, салкын суу”, - деген.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Буют-ус-сукиядан алып келген булак суусунан иччү. Буют-ус-сукиядагы булак Мединадан эки күндүк жерде болчу.

Пайгамбарыбыз: "Силердин бириң бир нерсе  жеген  кезде оң колу менен жесин. Бир нерсе ичкенде дагы оң колу менен ичсин. Анткени, шайтан сол колу менен жеп, сол колу менен ичет”, - деген.

"Силердин бириң бир нерсе ичкен кезде идиштин ичине үйлөбөсүн”, - деген. Желген жана ичилген нерселердин ичине үйлөөгө тыюу салган сыяктуу алтын, күмүш идиштер менен ичип жегенди дагы тыюу салган.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам суу ичкенде бир кесе сууну эки- үч жолу дем алып иччү жана "Бул пайдалуу жана суусунду тез кандырат”, - дечү.

"Силерин бириң бир нерсе ичкенде тынымсыз бир дем менен ичпесин”.

"Төөлөр сыяктуу бир дем менен ичпегиле. Эки же үч жолу дем алып ичкиле. Андан кийин, ичкен кезде "Бисмиллах” жана оозуңарды идиштен алган кезде "Алхамдулиллах” дегиле”, - деген.

Навфал бин Муавия: "Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир нерсе ичкенде үч жолу дем алчу. Биринчисинде бисмиллах деп Аллаху тааланын атын айтчу, акырында алхамдулиллах деп шүкүрчүлүк кылчу”, - деди.

Хазрети Айшанын билдиргени боюнча: Пайгамбарыбыз өзүнө арнап таң эрте кесеге куюлган жүзүм ширесин кечке иччү. Кечке куюлган жүзүм ширесин таң эрте иччү.

Тамактан мурун жана тамактан кийин кол жуу жана оң кол менен жеш жана оң кол менен ичүү Расулуллахтын адаты болчу. Тамактан мурун кол жууганда алгач жаштар, тамактан кийин алгач каарылар жуучу.

Табактын четинен жеш, өз алдынан жеш, сол тизесин жерге коюп оң тизесин көтөрүп отуруу – Расулуллахтын сүннөтү. Өтө ысык нерсени жебөө керек жана жыттабоо керек. Тамак жеп отурганда эч сүйлөбөөнү Пайгамбарыбыз ылайык көрчү эмес. Ал отко табынгандардын адабы болчу. Жакшы нерселерди айтуу керек. Туз менен баштап, туз менен бүтүрүү Расулуллахтын сүннөтү жана шипаалуу иш.

Жеп-ичүү илимин үйрөнүү ибадат илимин үйрөөнүдөн мурун турат. Исламда алгач чыккан бидаттардын бири – тойгончо жеш. Күндө эт жеш жүрөккө оорлук түшүрөт. Аны периштелер жакшы көрбөйт. Этти аз жеш болсо ахлакты бузат. Дасторкондун, б.а. жайылган нерсенин үстүндө жеп жана муну жерге жайганы жакшы. Дасторкон териден жасалчу. Жашылчаларды таммакка кошуп жеген өтө жакшы. Жашылча тамагы жок дасторкон акылсыз карыяга окшоштурулган.

Имам Жафар Садык: "Малы менен баласы көп болуусун каалаган адам жашылча тамакты көп жесин”, - деген. Алгач дасторконго отуруу керек, тамакты андан кийин алып келүү керек. Пайгамбарыбыз: "Мен кулмун. Кулдар сыяктуу жерге отуруп жеймин”, - деген.

Ачка болбостон жебеш керек, көп жебөө жана дасторкондон тойбой туруп кетүү керек, таң калтырчу нерсе болбосо күлбөө керек. Пайгамбарыбыз: "Жакшылыктардын башы – ачтык. Жамандыктардын башы - токтук”, - деген. Канчалык ач болсо тамактын даамы ошончолук көп болот. Токтук адамды унутчаак кылат. Көңүлдү көр кылат, алкогольдуу ичимдиктер сыяктуу канды бузат. Ачтык акылды тазалайт, жүрөктү нурлантат.

Ачыктан ачык күнөө кылган, жаман адамдар менен бирге отуруп жеп-ичпөө керек. Кайнап бышкан тамактардын бетин жаап суутуу керек. Пайгамбарыбыз: "Оң кол менен жеп, оң кол менен ичкиле”, - деген. Пайгамбарыбыз нанды оң кол менен алып, дарбызды сол кол менен жечү. Нанды бир кол менен эмес, эки кол менен бөлүү керек.

Оозго сала турчу тамак үзүмү кичине болуу керек жана жакшылып чайноо керек. Оңду-солду, асманды карабай алдындагы тамакты кароо керек. Оозду чоң ачпоо керек. Дасторкондо колу-башын үстүнө сүртпөө керек. Жөтөлүп, чүчкүрчү кезде солго же артка кароо керек.

Чакырылбаган дастарконго отурбоо керек. Курсагы тойгондон кийин аны күнөө кылууга колдонбоо үчүн дуба кылуу керек. Мунун кыяматтагы эсебин ойлоо керек. Ибадат жасоого күч жыйноо ниети менен жеш керек. Курсак катуу ач болсо да жай жеш керек. Алгач чоңдор баштоо керек. "Ал, же” деп үчтөн көп айтып адамды кыйнобоо керек. Бирге жеген кезде коноктору тойбостон мурун тамактан колун тартпоо керек.

Расулуллах аз жеп, көп жебөө маселесине көп токтоду. "Адамдын жүрөгү айдоодогу эгин сыяктуу. Тамак жамгыр сыяктуу. Ашыкча суу эгинди чириткени сыяктуу ашыкча тамак да жүрөктү өлтүрөт. "Көп жегенди, көп ичкенди Аллаху таала жактырбайт”, - дечү.

Расулуллах ашказандын үчтө бирин тамакка, үчтө бирин суусундарга бөлүүнү кеңеш берди. Үчтө биринин абанын үлүшүндө, б.а., бош болуу эң төмөнкү даража болуп табылат. Эң жакшы даража аз жеш жана аз уктоо. Көп жеш – оорунун башы, аз жеш – ден-соолуктун башы. Бир адамдын тамагы эки адамга жетет. Конок үй ээсинен туз менен нандан башка эч нерсе күтпөөсү керек. Үй ээси конокко нан сунуп, колуна суу куюшу керек.

Халифа Харун Рашид коногунун колуна кумган менен  өзү суу куйчу. Конокко анын жакшы көргөн нерсесин сунуу керек. Таза жерге түшүрүп алганын алып ага берүү керек. Жиийиркенсе мышыкка же башка жаныбарга берүү керек. Ушундайча үйдүн берекеси артат. Бул береке неберелерине чейин жетет. Жерге түшкөндөр жыйналбаган болсо шайтан жейт. Идиште түбүндө калган тамакты жыйнап, сүртүп жалоо сүннөт болот. Компот, айран сыяктуу нерселердин калдыктарына суу куюп, чайкап ичүү дагы чоң сооп. Табакта, кеседе ичилген нерсенин артканын калтырууга болот. Расулуллах момундан калган нерсени жегенди жактырчу.

Тамактан кийин тишти мисвак менен жана тиш тазалагыч менен тазалоо – Расулуллахтын сүннөтү. Тазалык болуп саналат. Тазалык ыйманды күчтөндүрөт. Тамактан кийин үй ээсине береке, рахмат менен магфират тилеп дуба кылынат. Андан кийин кетүүгө уруксат суралат. Чыгып бара жатканда үй ээлерин конокко чакырууну унутпоо керек.

Тамак жеп отурганда коркунучтуу, жийиркеничтүү нерселерди айтпоо керек. Өлүм, оору тууралуу айтпоо керек. Дасторконго келген тамактарга карабоо керек. Бир үзүмдү жеп жутпай туруп, экинчисин албоо керек. Тамак жеп отурганда бир нерсе үчүн, жада калса намаз үчүн дагы дасторкондон турбоо керек. Намазды андан мурун окуу керек.

Эгер дайын болгон тамактар сууй тургандай же болбосо бузула тургудай болсо жана намаз убакыты тамактан кийин окууга ыңгайлуу болсо, тамакты намаздан мурун жеш керек. Дасторкондон тамак алынгандан кийин туруу керек. Жол үстүндө, тике туруп, басып бара жатып жебөө керек.

Оозунан, колунан эттин, тамактын жыты чыгып турганда жатпоо керек. Балдардын да колун жуу керек. Тоюп жатпоо керек. Азык-түлүктү дүкөндөн өлчөп алуу керек. Эсепсиз көп албоо керек, ысырап болот. Тамактын идиштеринин бети жабык туруу керек. Өзөндөн, көлмөдөн эңкейип оозу менен суу ичпөө керек. Кумган-кумуранын оозунан да ичпөө керек. Кесенин сынык четинен дагы ичпөө керек.

Жайда салкын суусун ичүү керек. Расулуллах салкын шербет ичкенди жактырчу. Замзам сууну туруп ичүүгө болот. Жолоочу баардык сууну туруп иче алат деген. Ач карынга суу ичпөө керек. Сууну акырын, ууртап ичүү керек.

Расулуллах алейхиссалам бадырак (бышырылып кургатылган буудай) тамагын жакшы көрчү. Аны  жасоону  Пайгамбарыбызга Жабраил алейхиссалам үйрөттү. Ал адамга күч берет. Бардык пайгамбарлар арпа нанын жеген. Расулуллах ашкабактан жасалган даамдуу тамакты, мержимек шорпосун, аң жана кой этин жакшы көрчү. Койдун бут, көкүрөк жана далы жагын жакшы көрчү. Улактын далы этин жактырчу. Улак этинин сиңүүсү оңой. Бардык адамга жегенге болот.

Эркек малдын эти ургаачы малдан жана кара түстүү малдын эти ак түстүү малдын этинен оңой сиңет. Оңой сиңирүү жана лаззаты жагынан эттин эң жакшысы - кой эти, коендун эти дагы халал, Пайгамбарыбыз жеген. Коен эти заара чыгарат, артыгы уйкуну качырат. Куш, балапан эти бардык адамга жакшы. Үй куштарынын ичиндеги эң жакшысы - тооктун эти.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш