Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Расулуллахтын үй ичиндеги жана сырттагы абалдары




Расулуллахтын үй ичиндеги жана сырттагы абалдары


Пайгамбарыбыздын небереси Хазрети Хусейн мындай дейт: «Мен атамдан Расулуллахтын үй ичиндеги иштери жөнүндө сурадым. Атам мага буларды айтты:

Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) үйүнө кирген учурдан баштап, убактысын үчкө бөлө турган. Биринчисин Аллаху таалага ибадат кылуу үчүн, экинчисин үйдөгүлөргө, үчүнчүсүн өзүнүн жеке иштерине бөлгөн. Өзү үчүн бөлгөн убактысында да эл менен алек болоор эле. Ал учурда анын алдына алдыңкы сахабалар келээр эле. Элге диний маселелерди алар аркылуу да жеткирип, элдин суроо-талабын эч качан жоопсуз калтырчу эмес.

Расулуллах үммөтү үчүн бөлгөн убактысында алардын көйгөйлөрү менен алек болуп, ар кандай суроолоруна жооп берчү, кийин: «Бул сөздөрдү ушул жерде отургандар укпагандарга жеткизсин! Мага өзү келип суроо-талабын угуза албаган адамдын суроо-талабын мага силер жеткиргиле! Муктаждыгын айта албаган адамдын муктаждыгын мага жеткирген адамдын бутун Аллаху таала кыямат күнү сырат көпүрөсүнөн тайгызбай бекем (туруктуу) кылат», - деген.

Ал дайыма үммөтүнүн көйгөйлөрү, суроо-талаптары жана муктаждыктары менен алек болгон. Пайгамбарыбызга кандайдыр  бир суроо-талабы менен барган адам алган жообуна толук кандуу түрдө канааттанып чыга турган».

Андан соң Хазрети Хусейн атасынан Расулуллахтын үйдөн сыртка чыккан кезде эмнелер менен алек болгондугун сураган. Атасы Хазрети Али (радыйаллаху анх) ага минтип жооп берген:

«Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) сыртта жүргөн кезде жөнү жок маанисиз сөздөрдү сүйлөчү эмес. Ал мусулмандарга пайдалуу боло турган, алардын ортолорундагы ынтымакты, биримдикти бекемдей турган сөздөрдү сүйлөөр эле.

Сырттан келген уруу башчыларын, конокторду жылуу тосуп алып, жылуу узатаар эле. Исламды кабыл алган ал уруулардын башчыларын өздөрүнө башчы кылып дайындай турган. Элди жаман адаттардан алыс болууга, жакшылыкка чакыраар эле. Баарына жылуу маанай тартуулап, баарынын көңүлүн көтөрө турган.

Мубарек сахабаларынан бирөөсүн көрбөй калса, аны сураштырып ал-ахывалын биле турган. Жакшылыкты мактап, жамандыкты жерий турган. Анын ар бир иши орундуу эле. Мусулмандыктан адашпоолору үчүн ар качан эскертип турчу. Ар бир жагдайы белгилүү, ачык болчу.

Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) ибадаттарын калтырбай, Аллаху таала ыраазы боло тургандай деңгээлде аткарган. Ал эч кимдин акысын тебелеген эмес. Өзүндө кимдир бирөөнүн акысы болсо, аны толук бере турган. Анын жолун жолдогондор адамдардын эң ардактуулары болушкан.

Анын назарында сахабаларынын эң ардактуусу муктаж адамдарга көңүлүн оорутпай жардам берген адам болгон. Ал Аллахтын ысмын эскермейинче отурчу да, турчу да эмес.

Мечитке же башка бир жерге чогулганда өзү үчүн белгилүү бир жерди белгилечү эмес. Буга тыюу салган. Кай жерде болбосун, чогулуп олтурган жамааттын жанына барып, четинен кай жер бош болсо ошол жерге отурган. Төргө өтчү эмес. Мубарек сахабаларына да ушундай болуу керектигин айткан.

Өзү менен бирге олтургандардын баарына өзгөчө көңүл бурган. Аны менен бирге олтургандардын ар бири Расулуллахтын алдында өзүнөн ардактуу адам жоктой сезишчү. Хазрети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) арыз-муңу менен келген адамдын муктаждыгын камсыз кылууга колунан келишинче аракет кылган. Эгер анын муктаждыгын камсыз кылуу үчүн колунда эч нерсе жок болсо, айласыздан анын көңүлүн жубата турган жылуу сөздөрүн, насаатын айтып узаткан. Анын адамдык асыл сапатына эч бир адам теңдеше алган эмес.

Мубарек сахабаларына абдан күйүмдүү ата сыяктуу болгон. Акы-укук маселесинде анын алдында баары бирдей болгон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) сухбаты илим, ыйман, адеп жана сүйүүнүн сухбаты болгон. Анын сухбатында сахабалар үндөрүн эч качан бийик көтөргөн эмес. Ал жерде эч ким айыпталчу да, бирөөнүн кемчилиги ачыкка чыгарылчу да эмес. Сухбаттагылардын баары бири-бирин Аллах үчүн жакшы көрүп, урматтап сыйлай турган. Алардын түшүнүгүндө эң жогору мартабалуу адам – эң такыбаалуусу болуп эсептелген. Баары тең абдан кичи пейил жана адамгерчиликтүү болушкан.

Алар өздөрүнөн улууларды урматтап, кичүүлөрдү ызаттай турган. Муктаж адамдарга жардам берип, чоочундарга жылуу мамиле жасап, аларды капырлардын кысымынан коргошкон.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) адамдарга дайыма жылмайуу менен мамиле жасап, абдан кеңпейил, кечиримдүү жана айкөл болгон.

Эч ким менен талашып-тартышчу эмес. Эч качан кыйкырып, өйдө-төмөн жаман сөздөрдү сүйлөчү да, эч кимди айыптап көңүлүн түшүрчү да эмес. Ал абдан берешен болгон. Бирөөнүн айыбын көрсө аны эл алдында уяткарчу эмес. Үмүт менен келген адамды үмүтсүз кайтарчу эмес.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) үч нерседен алыс турган:

-Адамдар менен талашып-тартышуудан,

-Көп сүйлөөдөн,

<!-- [if !supportLists] -->-   <!-- [endif] --> Жөнү жок, пайдасыз нерселер менен алек болуудан. Ал адамдардын үч нерсесине көз жумган:

-Эч кимди кемчилигин бетине айтып уяткарчу да, же аркасынан айыптачу да эмес.

-Эч кимдин кемчилик-айыбын ачып издештирчү эмес.

-Эч кимге өзүнө сооптуу болбогон иштер жөнүндө айтчу эмес. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) сүй-

лөп жаткан кезде мубарек сахабалар төбөлөрүнө куш конуп алгандай, кулак-мурун кескендей тынч кулак салып угушкан. Сөзүн бүтүргөн соң суроолору болсо сурап жообун алышкан. Алар анын жанында эч качан талашып-тартышчу эмес. Ошондой эле анын жанында бирөөсү сүйлөп жаткан кезде экинчиси сүйлөчү эмес.

Мажилиске катышкандар бир нерсеге күлсө Расулуллах да алар менен кошулуп күлчү, бир нерсеге таң калса ал да аларга кошулуп таңданчу.

Алдына келген карыптардын айткан жаман сөздөрүнө сахабалары да өзү сыяктуу кылсын, үлгү алышсын деп чыдачу.

«Бир муктаж адамдын бир чарбасына көмөк сураганын көргөн кезиңерде анын муктаждыгын чыгарып жардамдашкыла», - деген.

Расулуллах алейхиссалам чындыкка жарашпаган мактоону кабылдачу эмес. Ушак, жалаа, жалган сыяктуу өзгөлөрдүн акысы тебеленип, адилетсиздикке жол берилбесе эч кимдин сөзүн бөлчү эмес. Өзгөлөрдүн укугуна кол салган адамдын сөзүн бөлчү же ал мажилистен туруп кетип калчу. Пайгамбарыбыздын үнсүздүгү төрт нерсеге байланыштуу болчу: хилм (чыдамдуулук), хазер (сактануучулук), такдир (тастыктоо, кадырлоо), тафаккур (ойлоо).

Такдири адамдарга тең кароосу менен угуусунда, тафаккур дүнүйө менен акырет иштерин ойлоосунда байкалчу. Чыдамдуулук менен сабырдуулук касиеттерди өз боюна сиңирген эле. Дүнүйөгө байланыштуу нерсеге кайгырчу эмес.

Сактануучулукта төрт касиети бар эле:

Эң жакшы нерсени Аллаху таалага моюн сунуу үчүн алчу. Жаман нерсени оолак туруу үчүн таштачу.

Түшүнүгүн үммөтүнө пайдалуу нерсеге жумшачу.

Мээримдүүлүгүн үммөтүнүн дүнүйө менен акырет бакытын камсыз кыла турчу нерселерге төкчү.

Пайгамбарыбыз эч бир нерсе үчүн «жок» деген эмес. Кылгысы келген бир нерсе өзүнөн суралган кезде «жарайт» дечү, кылгысы келбеген нерсени сураганда унчукчу эмес, аны кылгысы келбегени анын ушул үнсүздүгүнөн белгилүү болчу.

Бардык адамдардын дүнүйө менен акырет бакыты үчүн болгон күчүн салчу. Бир согушта андан бардык капырлардын жок болуусу үчүн дуба кылуусу суралганда: «Мен лаанат кылуу, адамдардын азап тартуулары үчүн жиберилбедим. Мен баарына жакшылык кылуу үчүн, адамдардын бакытка жетүүлөрү үчүн жиберилдим», - деди.

«Анбия» сүрөсүнүн 107-аятында Аллаху таала: «Сени ааламдарга ырайымдуулук, жакшылык үчүн жибердик», - деген. Ошондуктан, ал бардык адамдардын жакшылыгы үчүн болгон күчүн сарптачу.

Хинд бин Абу Хала Пайгамбарыбыздын басканы жөнүндө мындай деген:

«Пайгамбарыбыз басканда бутун жерден чыйрак көтөрчү. Эки жагына теңселчү эмес, кадамын кең таштачу. Бийик жерден түшүп келе жаткандай алдына карай ийилип, байсалдуу, эркин түрдө басчу.

Карагысы келген, карай турчу жагына толук бурулуп карачу. Айланасына кандай болсо ошондой карачу эмес.

Жер бетине (төмөнгө) кароосу асманга караганынан узак болчу. Баскан кезде сахабаларынын артынан басчу.

Бирөө менен жолуккан кезде биринчи өзү салам берчү». Абу Хурайра хазреттери мындайча баян кылган:

«Пайгамбарыбыздан тез баскан адамды көрбөдүм. Басканда жер бети анын бутунун астында оролгондой болчу.

Биз анын артынан басып, ага жетүү үчүн кыйналчубуз. Пайгамбарыбыз болсо басып бара жатканда өзүн эч кыйначу эмес.

Анас бин Маликтин (радыйаллаху анх) билдирүүсү боюнча Расулуллах алейхиссалам бирөө менен кезиккенде мусафаха кылчу, ал адам колун тартмайынча Пайгамбарыбыз колун тартчу эмес, ал адам бетин терс айлантмайынча Пайгамбарыбыз андан терс айланчу эмес. (Мусафаха - эки адамдын кезиккен кезде колдору менен амандашып, бири-бирине кароосу деген сөз.)

Анас бин Малик (радыйаллаху анх) айтат: Пайгамбарыбыздан

«Йа, Расулаллах! Кээ бирибиз кээ бирибизге ийилелиби?» - деп сурадык, «Жок», - деди. «Кучакташалыбы?» - деп сурадык. «Жок, бир гана мусафаха кылгыла!» - деди.

Бара бин Азиб да Пайгамбарыбыздын «Эки мусулман жолугуп, саламдашып кол алышса, экөө бири-биринен ажырай электен мурда күнөөлөрү кечирилет» дегенин билдирген.

Пайгамбарыбыз көбүнчө ой үстүндө жүрчү. Сүйлөгөнүнөн үнсүз жүргөнү көп эле. Расулуллах орунсуз жерге сүйлөчү эмес. Сөзүн баштаганда да, аяктаганда да Аллахтын ысымы менен айтчу.

Сүйлөшкөндө кыска жана маанилүү сөздөр менен сүйлөчү. Анын сөздөрү ар дайым чын жана орундуу болчу. Пайгамбарыбыз сүйлөгөндө ашыкча да, кем да сөз айтчу эмес.

Эч кимдин көңүлүн калтырчу эмес, эч кимди төмөн саначу эмес, эч кимди төмөн саначу эмес. Эң кичине жакшылык болсо да урмат кылып, эч бир жакшылыкты жээричү эмес. Бир жакшылыкты жактыргандыгы үчүн мактачу эмес, жактырбагандыгы үчүн жээричү эмес.

Пайгамбарыбыз дүнүйө үчүн, дүнүйөлүк иштер үчүн ачууланчу эмес. Бирок, бирөөнүн акысы желе турган болсо анын акысын алмайынча эч нерсе анын ачуусунан ашып түшө алчу эмес.

Өзү үчүн ачууланып, өч алчу эмес. Бир нерсеге белги бергенде манжасы менен эмес колу менен белги берчү. Таң калган кезде колун терс каратчу, башкача айтканда, алаканы жогору карап турса төмөн, төмөн карап турса жогору каратчу. Сүйлөгөн кезде колун кыймылдатып, оң колунун алаканы менен сол колунун баш бармагынын ички жагына бир-эки жолу урчу. Ачууланган кезде тез ачуусун басып, билдирчү эмес.

Кубанып, шаттанган кезде көзүн жумчу. Эң катуу күлгөнү күлүмсүрөгөнү эле. Күлүмсүрөгөндө тиштери маржандай тизилип көрүнчү.

Абу Саид Худри айтат: «Расулуллах алейхиссалам малга чөп берчү. Төөсүн байлачу. Үйүн шыпырчу. Кой саачу. Бут кийиминин жыртылган жерин тикчү. Кийимин жамачу. Кызматчысы менен бирге тамактанчу. Кызматчысы кол тегирмен тартып чарчаганда ага жардамдашчу. Базардан үй муктаждыктарын алып, баштыкка салып үйүнө алып келчү. Кедей менен, бай менен, улуу менен, кичүү менен кездешкенде биринчи болуп саламдашчу. Алар менен мусафаха кылуу (кол алышуу) үчүн колун биринчи болуп сунчу.

Кулду, мырзаны, акты, караны бир көрчү. Ким чакырса чакырсын чакырылган жерге барчу. Алдына коюлган нерсени аз да болсо жеңил, төмөн саначу эмес. Жакшылык кылганды жакшы көрчү. Бардык адамдар менен жакшы мамиледе болчу. Кабагы жарык, жылуу сөздүү эле. Сүйлөгөндө күлчү эмес.

Кайгылуу болуп көрүнчү. Бирок, кабагы карышчу эмес. Кичи пейил болчу. Айбатту эле, караган адамда урман менен коркунуч уялачу. Бирок, орой эмес эле. Назик эле. Жоомарт эле. Бирок, ысрап кылчу эмес жана пайдасыз жерге бир нерсе берчү эмес. Ар кимге боор ооручу. Эч кимден бир нерсе күтчү эмес. Саадат, бакыт каалаган адам Ал сыяктуу болуусу керек.

Ар бир  мусулман Расулуллахтын ушул касиеттерин өзүнүт үлгү кылуусу керек. Аллаху тааланын ахлагы менен ахлактануу ар бир мусулманга зарыл. Себеби, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз:

«Аллаху тааланын ахлагы менен ахлактангыла!» - деп буюрган.

Мисалы, Аллаху тааланын сыпаттарынын бири «Саттар». Б.а., күнөөлөрдү жашыруучу, жабуучу. Мусулман адам дагы дин бир тууганынын айып-кемчилигин жашыруусу керек. Аллаху таала кулдарынын күнөөлөрүн кечирүүчү. Мусулмандар дагы бири-биринин кемчиликтерин кечирүүлөрү керек. Аллаху таала карим, рахим. Б.а., лутуфу, ихсаны мол жана мээрими көп. Мусулман адам жоомарт жана мээримдүү болуусу керек. Бардык көркөм ахлактар дагы ушундай.

Расулуллах алейхиссаламдын көркөм мүнөздөрү өтө көп. Ар бир мусулман адамдын буларды үйрөнүүсү жана булар сыяктуу ахлактануусу керек. Ушундайча дүнүйөдө жана акыретте жамандыктардан, кыйынчылыктардан кутулуу жана Ал эки дүнүйө мырзасынын шапаатына жетүү насип болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш