Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Пайгамбарыбыздын кийген кийимдери




Пайгамбарыбыздын кийген кийимдери


Пайгамбарыбыздын «хибарадан» тигилген бир кийими болгон. Хибара – пахта менен зыгыр жибинен токулган Йемен кездемеси. Пайгамбарыбыз хибара кийимин кийгенди жакшы көрчү.

Ошону менен катар Пайгамбарыбыздын Омандан алып келген эки «изары» бар болчу. Белден төмөн тагылган, балтырга чейин бутту жапкан жапкыч "изар” деп аталат. Пайгамбарыбыздын кылдан токулган, төөнүн артма ээрине окшогон жапкычы да бар болчу. Аны кийип сыртка чыккан кездери да болгон.

Абу Бурда мындай деген: «Хазрети Айшанын үйүнө зыяратка барганыбызда бизге «мулаббада» делген кийим менен Йеменде жасалган калың бир изарды көрсөтүп, ант кылып: «Расулаллахтын алейхиссаламдын руху мына ушулардын ичинде алынды!» - деди».

Пайгамбарыбыз суук кыш түндөрүндө намаздарын өтө катуу да, өтө жумшак да кылып токулбаган жүн кездеме оронуп окучу.

Пайгамбарыбыз эркек момундардын белдерине такчу изарын бир гана балтырларына чейин жана андан саал төмөн түшүрүп тагууларына боло тургандыгын, бирок, томуктарына чейин жеткирбөө керектигин айткан.

Өздөрүн абыройлуу, бай көрсөтүү максаты менен изарларын жерге тийгизип сүйрөтүп жүргөн эркектерге кыямат күнү Аллаху тааланын рахмет назары менен карабай тургандыгын айтып, Жабир бин Сулаймга: «Изарыңды бутуңдун жартысына, балтырыңа чейин көтөр, Андай кылбасаң томуктарыңа чейин жеткир. Жерге тийе тургандай кылып узартуудан сактан. Анткени, бул текебердиктин белгиси. Аллах текеберленгенди жактырбайт», - деп буюрган.

Ошондуктан, Абдуллах бин Омар изарын буттарынын жартысына чейин, башкача айтканда, балтырына чейин жеткирип, анын үстүнөн көйнөк жана рида кийчү (Рида - үстүнө жамынчу жабылга, шаалы.)

Пайгамбарыбыздын четтен келгендердин алдына кийип чыккан Хадрами шаалысынынузундугу төрт аршын, эни эки аршын, бир карыш, наркы бир динар болчу. Жашыл түстүү болчу.

Пайгамбарыбыздын бул шаалысы халифалардын доорунда түйүлүп, төрт бурчтуу кездеменин ичинде сакталып турчу. Халифалар аны Айт майрасдарында кийишчү.

Пайгамбарыбыздын Сухарда тигилген эки кийими бар эле. Сухар – Омандын бир айылы. Пайгамбарыбыздын сухарча тигилген бир көйнөгү дагы болгон. Сухар айылында тигилген көйнөк «Сухари» деп аталат. Пайгамбарыбыздын эң жакшы көргөн кийими камис (көйнөк) болчу. Камис – таза пахта жибинен тигилген көй-


нөк. Пайгамбарыбыздын көйнөгүнүн жеңинин узундугу билекке чейин болчу. Хабашстан падышасы Нажашинин Пайгамбарыбызга жиберген белектеринин арасында көйнөк да бар болчу.

Пайгамбарыбыздын эки кабат пахта жибинен токулган көйнөгү бар болчу. Сухул - Йемедин бир аймагы. Ал жерде бир кабат пахта жибинен токулган кездемеден тигилген кийимдер "Сухулия” деп аталат. Нажашинин Пайгамбарыбызга жиберген белектеринин арасында ич кийим да бар болчу.

Пайгамбарыбыздын ак кийими да бар болчу. Ал: «Кийимдердин агын кийгиле. Тирүүңөр ак кийим кийишсин. Өлүүңөрдү да ак кепенге орогула. Анткени, ал - кийимдердин кайырлуусу жана жакшысы», - деген.

Пайгамбарыбыздын жашыл түстүү кийим кийгени да көрүлгөн. Абу Римсе Пайгамбарыбыздын эки кабат жашыл кийим кийгенин көргөнүн айткан.

Пайгамбарыбыз кызыл  ала  хулла да  кийген.  Бара бин  Азиб: «Кызыл ала хулла кийген, чачы кулагынын астына жеткендердин ичинде Расулуллах алейхиссаламдан ашкан сулуусун көрбөдүм!» - деген. Пайгамбарыбыздын Жума менен Айттарда кийген кызыл чапаны да болгон. Ошондой эле, Йеменче тигилген чепкени да бар эле. Пайгамбарыбыз жеңинин оозу тар болуп келген Шамда тигилген чепкенин сапарга кийчү.

Пайгамбарыбыз Иран падышалары кийген «Тайлесан» кездемесинен тигилген, жакасы атлас, этегинин алдыңкы жана арткы эки ачык жагына жана жеңдерине атластан бедер салынган чепкенин согуштарда, жоо менен каршылашканда кийчү.

Хазрети Айша кайтыш болгонго чейин ошонун жанында болгон, бул чепкенди кийин Асма бинти Абу Бакр алган. Пайгамбарыбыз кийген бул чепкен жуулган сууга оорулуу адамдар жуунуп, шыпаа табышчу.

Думатул-жандал тайпасынын башчысы Укайдирдин өлтүрүлгөн бир тууганы Хасандын атлас кездемеден тигилген, кооздолгон жерлерине алтын шырма менен курма жалбырактары кадалган чепкени Пайгамбарыбызга белекке жиберилген болчу.

Пайгамбарыбыз бул чепкенди кийип, минбарга чыгып бираз отурду да, эч сүйлөбөстөн минбардан түштү. Мусулмандар колдору менен чепкенди сыйпап көрүшүп, кооздугуна таң калышты.

Пайгамбарыбыз:«Силер ушул чепкендин кооздугуна таң калып жатасыңарбы? Бул силерге абдан жактыбы?» - деп сурады. Алар: «Биз мындан да жакшы, кооз кийим көрбөдүк», – дешти.

Пайгамбарыбыз: «Бар болуум кудуреттүү колунда болгон Аллахка ант кыламын, Сад бин Муаздын Жаннаттагы жүз аарчысы силер көргөн чепкенден алда канча кооз жана жагымдуу!» – деген.

Пайгамбарыбыз өзүнө белекке келген атлас чепкен кийип, намаз окуду. Намаздан келери менен аны тез чечип таштады.

«Бул такыбааларга жарашпайт!» - деди. Аны Хазрети Омарга жөнөттү. "Йа, Расулаллах! Аны чечүүгө эмне үчүн ашыктыңыз» деп сурагандарга: «Жабраил мага муну кийүүгө тыюу салды», - деди. Хазрети Омар ыйлап келип: «Йа, Расулаллах! Сиз кийгиңиз келбеген нерсени мага бердиңиз. Аны эмне кылабыз?» - деди. Пайгамбарыбыз: «Мен аны сага кийсин деп бербедим. Сатсын деп гана жибердим», - деди. Хазрети Омар аны эки миң дирхамга сатты.

Византия өкүмдары да Пайгамбарыбызга атластан жасалган, оймолору алтын жалатылган, узун жеңдүү бир тери кийим белек кылган. Пайгамбарыбыз аны кийгенде эл: «Йа, Расулаллах! Бул сизге асмандан түшүрүлбөдүбү?» - деп сурашкан.

Пайгамбарыбыз: аны мубарек сахабаларынын алдына кийип чыккан кезде алар: «Бул силерге абдан жактыбы? Бар болуум кудуретинде болгон Аллахка ант кыламын, Сад бин Муаздын жаннаттагы жүз аарчыларынан биринин өзү мындан кайырлуу, сулуу», - деген.

Кийин ал кийимди Хазрети Жафар бин Абу  Талибге жибер ди. Хазрети Жафар аны кийгенде Пайгамбарыбыз: «Мен аны сага кийсин деп жиберген эмес элем», - деди. Хазрети Жафар: «Аны кийбегенде эмне кылайын?» - деп сурады. Пайгамбарыбыз: «Нажашиге жибер», - деди.

Пайгамбарыбызга «сиера» деп аталган жол-жол сары сызыктуу, алды-үстү менен бир кийим белек кылынган. Пайгамбарыбыз бул кийимди да Хазрети Алиге жөнөттү.

Хазрети Алинин аны кийгендигин көрүп, Пайгамбарыбыздын жүзүндө ачуунун белгиси пайда болду: «Мен аны сага кийүү үчүн жөнөткөн жокмун. Жоолук үчүн аялдарга бөлүштүр деп жибердим», – деди.

Хазрети Али аны бөлүп, Пайгамбарыбыздын үй-бүлөсүндөгү аялдарга бөлүштүрүп берди.

Хабашстандын падышасы Нажаши Пайгамбарыбызга жөнөткөн белектеринин арасында Мысырда жасалган палто да бар болчу.

Пайгамбарыбыз жүндөн жасалган кара кийим да кийген.

Хазрети Айша: «Расулуллахка алейхиссаламга арналып кара жүндөн кийим жасалган эле. Аны кийип тердегенден кийин жүндүн жыты чыкканын байкады. Дароо аны чечип таштады. Анткени, Пайгамбарыбыз жакшы жыттарды гана жактырчу», - деген.

Хазрети Омар базарда, мечиттин алдына сатууга чыгарылган Сиера, Истебрак жибегинен тигилген асты-үстү сулуу бир кийимди көрүп, аны Пайгамбарыбызга алып келди. «Йа, Расулаллах! Мына муну сатып алып, Жума күндөрү, айттарда, четтен кишилер келгенде кийсеңиз», – деди. Пайгамбарыбыз: «Бул - акыреттен насиби жоктордун гана кийими! Муну акыреттен насиби жоктор гана кийишет”, – деди. Кийин өзүндөгү бир атлас чепкенди Хазрети Омарга жиберди. Хазрети Омар аны алып Пайгамбарыбызга келди. «Йа, Расулаллах! Сиздин «Бул бир гана акыреттен насиби жоктордун кийими. Аны акыреттен насиби жоктор гана кийишет» дегениңизди уктум. Аны мага жиберипсиз», - деди. Пайгамбарыбыз: «Сен аны сатып муктаждыктарыңа жумшаарсың, аны пайдаланаарсың деп жибердим. Кийүүң үчүн жибербедим», - деди.

Пайгамбарыбыз: «Атак менен мактануу үчүн кийим кийген адамга Аллах ал кийимин чечкенге чейин карабайт».

«Кыямат күнү ага зыллат (кор боло турчу) кийим кийгизет», - деген.

Бүрда – Йемендик сызыктуу кездеме болуп, Ихрам сыяктуу денеге оролот.

Калың жүн кездеме менен чапан да бүрда деп аталат. Сахл бин Саад айтат: «Расулуллахка бир аял өзү токуган бүрдасын алып келди. «Йа, Расулаллах! Мына муну өз колум менен токудум. Сизге алып келдим», - деди. Расулуллах керек болгондуктан аны кабылдады.

Ушул бүрданы оронуп жаныбызга келди. Жамааттан бирөө ага колун тийгизип: «Йа, Расулаллах! Бул кандай көрктүү кийим! Муну мага бериңизчи», - деди. Расулуллах: «Жарайт», - деди. Бираз олтурган соң үйүнө кайтты. Үстүндөгү бүрданы сураган кишиге берип жиберди. Жамааттагылар ага: «Мунуң эч туура болбоду! Сен Расулуллахтын кийип жүргөн, өзүнө кажеттүү нерсесин сурап алдың. Расулуллахтын эч кимдин колун бош кайтарбагандыгын билесиң, – деп аны айыпташты.

Ал адам: «Валлахи мен аны кийүү үчүн сурабадым. Өлгөндө кепеним болсун деп сурадым», - деди.

Чынында эле ал өлгөндө ошол бүрданы кепен кылды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш