Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Кааб бин Зухайрга берген чепкени




Кааб бин Зухайрга берген чепкени


Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) Табукка барганда

«Айла» элине бир ишенимдүүлүк, коопсуздук буйругун жазып берген кезде анын белгиси катары бир бүрдасын (бешмантын) да берген эле.

Абул Аббас Абдуллах бин Мухаммед ошол бүрданы алардан үч жүз динарга сатып алып, Аббас уулдары аны атадан балага мурас кылып калтырышкан.

Халифалар Айт күндөрү ошол бешмантты кийип, Пайгамбарыбыздын таягын колуна алып сыртка чыкканда элдин жүрөктөрүн үрөй бийлечү эле.

Атактуу араб акыны Кааб бин Зухайр кечирим суроо жана мусулман болуу үчүн Пайгамбарыбызга барып, ичинде «Күмөн жок,

Расулуллах туура жолду көрсөтүүчү бир нур, жамандыктарды жойуу үчүн суурулган Аллахтын өткүр кылычтарынын бири» деген саптары бар «Банат суад» касыйдасын (мактоо ырын) окуганда Расулуллах үстүнөн бешмантын чечип ага кийгизди.

Хазрети Муавия халифалыгы учурунда Кааб бин Зухайрга: «Расулаллахтын чепкенин бизге сат» деген кабар менен он миң дирхам жиберди. Кааб бин Зухайр: «Мен Расулаллахтын чепкенин кийүүдө өзүмдөн башканы артык санабаймын», - деп хазрети Муавиянын сунушун артка кайтарды. Кааб бин Зухайр кайтыш болгондон кийин хазрети Муавия аны Каабдын уулдарынан жыйырма миң дирхамга сатып алды.

Пайгамбарыбыздын Кааб бин Зухайрга берген мубарек чепкени халифадан халифага өтүп олтурган.

Амави (Омаяддар) султандыгы ыдырагандан кийин алгачкы Аббаси халифасы Абул Аббас Саффах бин Абдуллах бин Мухаммед аны үч жүз динарга сатып алды.

Халифалар аны майрамдарда кийишчү. Халифа Муктадир өлтүрүлгөндө каны тийип кирдеди. Аббасилер Мысырга барганда аны да алып барышты. Осмон султаны Султан Селим Мысырды багынтып, халифа болгон кезде Мысырдагы «Касиеттүү аманаттар»дын арасында бул бүрда дагы Стамбулга алып келинген.

Стамбулда Топкапы сарайында «Хырка-и саадат» бөлүмүндө көргөзмөгө коюлган бул бүрданын узундугу 1,24 см, кең жеңдүү, кара жүн кездемеден тигилген.

Чепкендин ичи ири токулган жүн кездеме менен капталган. Алдынын оң жагында 0,22х0,30 см өлчөмүндө жыртылган жери бар. Оң жеңинин да кем жерлери бар. Ар тарабы жыртылган.

Көптөгөн кездемелерге оролуп, 0,57х0,45х0,21 көлөмүндөгү үстүнөн ачылган капкагы бар алтын жашиктин ичине коюлган. Мубарек чепкендин ушул көлөмдө III. Султан Мурат тарабынан жасатылган алтын кутусу да бар. Ал чоң чеберчилик менен жасалып, асыл таштар менен кооздолгон.

Пайгамбарыбыздын «зафран» гүлү менен боёлгон жамынчысы бар болчу. Аны жубайларынын үйлөрүндө жамынчу. Хамиса - төрт бурчтуу, эки жагы оймолонгон кара калың кездеме. Пайгамбарыбыз оорубай турганда хамисанын үстүндө намаз окучу.

Хазрети Айшанын айтуусу боюнча Пайгамбарыбыз бир күнү хамисанын үстүндө намаз окуп отурганда көзү оймого түштү. Салам бергенден кийин: «Бул хамисаны Абу Жахмга алып баргыла! Анткени, жаңы эле бул намазымда менин көңүлүмдү бөлдү. Мага Адый бин Каабдардан Абу Жахм бин Хузайфа бин Ганимдин Анбижаниесин алып келгиле», - деди.

Абу Жахм: "Йа, Расулаллах! Муну мага эмне үчүн жөнөттүңүз?” - деп сураганда Расулуллах: «Намазда көзүм анын оймолоруна түштү», - деди. Бул хамисаны Пайгамбарыбызга Абу Жахм белекке берген эле».

Анбижан деп аталган калаада жүндөн, оймосуз токулган жамынгычты "Анбижание” деп атайт. Пайгамбарыбызга Хайбар олжосунан үлүш катары бир хамиса түшкөн болчу.

Пайгамбарыбыз эскире баштаган бул хамисанын үстүндө намаз окучу. Пайгамбарыбыз соңку ирет ооруганында кыйналган кезде ушул хамисаны тез-тез үстүнө жапчу. Кысылганда аны алып таштап, жүзүн аччу.

Мединанын топурагы нымдуу, кайрак болгондуктан бул хамиса Пайгамбарыбыз кайтыш болгондо кабырынын алдына жайылган.

Медина шаары нымдуу жерде орун алгандыгы үчүн Пайгамбарыбыз көз жумган соң ошол хамиса анын кабырынын астына төшөлгөн.

Бани Дар уруусунан Хани бин Хабиб хижраттын тогузунчу жылы Мединага келгенде Расулуллахка шырмалуу кийим белек кылган.

Пайгамбарыбыз бул кийимди агасы хазрети аббаска берди. Хазрети Аббас: "Муну эмне кылайын?” - деп сурады. Пайгамбарыбыз: «Алтынын чыгарып жубайыңа кооздук кыл же сатып үй-бүлөңө сарпта! Атласын да сатып, кунун ал!» – деп буюрду. Хазрети Аббас бул кийимди яхудилердин бирине сегиз миң дирхамга сатты.

Анас бин Малик мындай деген: «Король Зиязан отуз үч картаң ургаачы төөгө сатып алган бир хулланы (асты-үстү кийим) Пайгамбарыбызга белек кылган, Расулуллах алейхиссалам аны кабылдаган».

Исхак бин Абдуллах бин Харис: «Расулуллах алейхиссалам жыйырма тогуз чакты жаш төө берип сатып алынган бир хулланы Зиязанга белек кылды», - деген.

Хулла деп Йемен кездемесинен же башка кездемеден асты-үстү бар, эки жуп кийимди аташат. Жалгыз кийим хулла деп эсептелбейт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш