Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Нажаши жиберген алтын шакек




Нажаши жиберген алтын шакек


Хабаш бийлөөчүсү Асхаманын Пайгамбарыбызга жиберген белектеринин ичинде көзү хабаш ташынан жасалган алтын шакек да бар болгон. Пайгамбарыбыз Абул-Астын кызынын кызы Умаманы чакырып: «Эй, кызым! Мына муну сен так!» - деди.

Эркектерге күмүш шакек гана тагынууга болоорун, ал эми алтын, темир жана жезден жасалган шакек тагынууга тыюу салынганын Пайгамбарыбыз өзү айткан. Өзү да күмүш шакектен башка шакек тагынган эмес.

Пайгамбарыбыз шакегин адатта оң колуна тагына турган. Сахабалардан сол колуна да тагынганын көргөндөр болгон. Сол колго да тагынуу жаиз. Чыпалакка же анын жанындагы аты жок манжага тагылат. Айт күндөрү тагынуу мустахаб (жакшы) иштердин катарынан орун алат. Ал эми шакекти элге көрүнүү үчүн, мактануу үчүн тагынуу арам болуп эсептелет.

Бир  күнү Нуман  бин  Башир колуна  алтын  шакек  тагынып алып Пайгамбарыбыздын алдына келди.  Пайгамбарыбыз ага: «Жаннатка кире электе эмне үчүн Жаннат кооздугун тагындың?» – деди. Ал анан темир шакек тагына баштады. Муну көргөн Пайгамбарыбыз: «Эмнеге Жаханнамдын буюмун тагынып жүрөсүң?» - деди. Нуман бин Башир темир шакекти чечип коло шакек такты. Муну көргөн Расулуллах: «Эмнеге сенден буттун жытын сезип турам?» - деди. «Кандай шакек тагайын, йа Расулаллах?» - деп сурады. «Күмүш шакек тагууңа болот. Салмагы бир мыскалдан (4,8 гр) ашпасын жана оң колуңа так», - деди.

Амр бин Шуайб айтат: «Расулуллах алтын жана темир шакектерди чечтирчү. Күмүш шакектерди тагынууга каршы болчу эмес».

Пайгамбарыбыз  Перс  падышасына,  Византия цезарына жана Хабаш бийлөөчүсүнө кат жаздыргысы келгенде ага адамдар: «Йа, Расулаллах! Алар катты мөөрү болбосо окушпайт!»– дешти.

Ушуга байланыштуу Расулуллах бир күмүш шакек жасатып, көзүнө үч катар кылып, "Мухаммадур Расулуллах” деп жаздырды. Мөөр шакектеги ар жазуу төмөндөн жогору карай:

«Мухаммед» бир катар,

«Расул» бир катар,

«Аллах» бир катар, бардыгы үч катар болуп жазылды.

Пайгамбарыбыздын күмүш шакегинде таш, хабаш ташы болуучу

Бул күмүш шакектин көзүнүн да күмүш болгондугу риваят кылынат.

Амр бин Саид Пайгамбарыбыздын жанына келген эле. Пайгамбарыбыз анын колундагы шакекти көрүп:«Бул колуңдагы шакек эмне?» – деп сурады. Амр бин Саид: «Йа, Расулаллах, бул   бир  халка! Муну  мен  жасадым», -  деди.  Пайгамбарыбыз:

«Накышы (ойуусу) кандай?» - деп сурады. Амр бин Саид: «Мухаммедур Расулуллах», - деди. Пайгамбарыбыз: «Кана, көрөйүн», - деди. Расулуллах ал шакекти алып Жеке мөөрү катары колдонду жана башка адамдардын шакектерине «Мухаммедур Расулуллах» деп жазууларына тыйуу салды.

Пайгамбарыбыз кайтыш болгондо манжасында ушул мөөр шакек болгон. Пайгамбарыбыз мөөр-шакегин сол колунун чыпалагына таккан. Аны оң колуна тагынган учурлары да болгон.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) шакегинин бетин элге көрсөтпөй алакан жагына айлантып ала турган. Ажатканага кирээрде шакегин чечип койгон.

Пайгамбарыбыздын бул шакегин көз жумган соң Хазрети Абу Бакр, андан соң Хазрети Омар, Хазрети Омардан кийин Хазрети Осман халифа болуп турган кездеринде тагынышкан.

Хазрети Осман халифалыгы учурунда күндөрдүн биринде Арис кудугунун жанында ошол мөөр шакекти манжасынан чыгарып, колунда кармап олтуруп кудукка түшүрүп жиберген. Кудуктагы суунун баары чыгарылып, үч күн бою изделген. Бирок, ал шакек ошол бойдон табылбай жок болуп кеткен. Шакектин үстүнө жазуу жазуу Пайгамбарыбыздан кийин да уланды. Хазрети Абу Бакрдын шакегинде «Нимал-кадир Аллах» (Аллахтын күчү бүт нерсеге эң сонун жетет), Хазрети Омардыкында «Кафаа бил-мавт ваа-изан йа Омар» (Насаат катары өлүм жетиштүү), Хазрети Османдын шакегинде «Ла-насбиранна» (Албетте сабыр кылабыз), Хазрети Алинин шакегинде «ал-Мулку лиллах» (Бардык мүлк Аллахка гана таандык), ал эми Хазрети Хасандын шакегинде «ал-Иззату лиллах» (улуулук  Аллахка гана таандык), Хазрети Муавиянын шакегинде «Раббигфир-лии» (Раббим кечире көр), Ибни Абу Лайланыкында «ад-Дунйа гарурун» (дүнүйө алдамчы), Имам Азам Абу Ханифанын шакегинде болсо «Кул-ил хайру ва илла фаскут» (Же жакшы сөз сүйлө, же сүйлөбө), Имам Абу Юсуфтун шакегинде «Ман амила би ра-йихи надима» (өз ою менен аракет кылган адам өкүнөт), Имам Мухаммеддин шакегинде «Ман сабера зафера» (Сабыр кылган жеңишке жетет), Имам Шаафинин шакегинде «ал-баракату фил-канаа-а» (Береке канаатта) деп жазылган эле. Алар шакектерин мөөр катары колдонушчу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш