Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Пайгамбарыбыздын төшөгү




Пайгамбарыбыздын төшөгү


Пайгамбарыбыздын төшөгүнүн сырты териден жасалып, ичи курма буласына толтурулган болчу. Өзү да, жубайы да ошого жатчу. Башына койгон жаздыктын да сырты териден жасалып, ичи курма буласы менен толтурулган болчу.

Хазрети Айша энебиз айтат: "Жаныма Ансар коомунан бир аял келди. Расулуллахтын төшөгүн көрүп, кийин ичине жүн салынган төшөк жиберди. Расулуллах жаныма келип: "Бул эмне?”- деп сурады. "Йа Расуллалах! Ансардан баланча деген аял келген эле. Төшөгүңүздү көрүп, ушуну сизге жибериптир”, - дедим. "Муну дароо ага кайтарып бер”, - деп буюрду.

Бирок, мен аны кайтарып берген жокмун. Ал төшөктүн үйдө турушун кааладым. Расулуллах алейхиссалам сөзүн үч жолу кайталады. Андан кийин: "Валлахи, эй Айша! Кааласам Аллах алтын менен күмүш тоолорун менин жанымда жүргүзөр эле”, - деди. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын көпчүгү да калын жүндөн жасалган болчу.

Бир түнү жаныма келген кезде ошо көрпөчөсүн эки бүктөп салган элем. Ошонун үстүндө уктады. Андан кийин: "Эй, Айша! Бул түнкү төшөгүм эмне үчүн мурункудай эмес”, - деп сурады. "Йа Расулаллах! Аны кабаттап салдым”, - дедим. "Сен аны мурункудай кылып сал”, - деди.

Дагы да хазрети Айша айтат: "Курайыштыктар үчүн Меккеде бийик төшөк үстүндө жаткандан артык нерсе жок эле. Расулуллах Мединага келип, Абу Аййубдун үйүнө түшкөн кезде ага: "Эй Абу Аййуб! Силерде бир бийик төшөк жокпу?” - деп сурады. Абу Аййуб ага: "Жок, валлахи”, - деди. Ансардан Саад бин Зурара муну угуп, Расулуллахка тирегичтери жыгачтан жасалган, бети талынан токулган, өрмө менен катталган төшөк жиберди.

Расулуллах өз үйүнө көчкөнгө чейин ошого жатып жүрдү. Кайтыш болгонго чейин ошонун үстүндө уктап жүрдү.

Расулуллах алейхиссалам кайтыш болгондо жуулуп кепенделгенден кийин ушу төшөктүн үстүнө жаткызылып жаназа намазы окулган болчу. Калк өлүүлөрүн тосууга ошону бизден сурап алчу. Абу Бакр менен Омардын да жаназалары ошо менен алып барылды.”

Хазрети Айша айтат: "Расулуллахтын бир өрүлгөн төшөнчөсү бар болчу, түндө ошонун үстүндө намаз окуп, күндүз төшөп калк менен бирге отурчу”.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш