Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Расулуллахтын аса таягы




Расулуллахтын аса таягы


Пайгамбарыбыз Жума күндөрү хутба окуганда таякка же саадакка, жолчулукта саадакка таянчу.

Пайгамбарыбыз таякка таянынуунун пайгамбарга таандык ахлактан экенин айтып, өзү таякка таянып, таякка таянууга кеңеш берчү.

Муавиа бин Аби Суфйандын халифалыгы кезинде Расулуллахтын аса таягы Садул Каразиде болгон.

Муавиа бин Аби Суфйан хижреттин элүүнчү жылы ажылык ка барат. Пайгамбарыбыздын мечитиндеги минбарды кулатып, Шамга алып кеткиси келет.

Садул Каразидеги аса таякты суратат. Жабир бин Абдуллах менен Абу Хурайра барып ага: "Эй момундардын эмири! Расулуллахтын миннбарынын коюлган жерден алынуусу дагы, аса таяктын Шамга алып барылуусу дагы туура эмес”, - деди. Ошондон кийин хазрети Муавиа аларды таштап, кечирим сурады.

Абдуллах бин Үнайсты пайгамбарыбыз мечиттен үйүнө алып барып ага бир аса таяк берип: "Бул таякты өзүңдө сакта, эй, Абдуллах бин Унайс”, - деди.

Абдуллах бин Унайс ошол таяк менен  калктын  алдына барган кезде, адамдар андан: "Бул кандай таяк?” - деп сурашты. Ал: "Муну мага Расулуллах алейхиссалам берди жана өзүмдө сактоону буйруду”, - деди. Абдуллах бин Унайска: "Расулуллахтын жанына барсаң муну сага эмне үчүн бергенин сура”, - деди.

Абдуллах бин Унайс пайгамбарыбызга барып: "Йа Расулуллах! Бул таякты мага эмне үчүн бердиңиз?” - деп сурады. Пайгамбарыбыз: "Бул кыямат күнү арабызда бир белги болот. Ошол кезде жанната адамдардын таякка таянгандары өтө аз болот. Сен буга Жаннатта таянасың”, - деди.

Абдуллах бин Унайс аны кылычы менен бирге кармап, жанынан таштачу эмес. Өлөр алдында ал таякты денеси менен кепининин арасына салууну осуят кылды. Осуяты орундалды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш