Пайгамбарыбыздын
алейхиссалам бир аршын узундукта же андан да узун бир михжани бар болчу.
"Михжан” деп учу ийилген таякты айтат. Пайгамбарыбыз Хажарул асвадды алыстан
ошо менен ишарат кылып көрсөтчү.
Пайгамбарыбыз
төөгө минген кезде аны алдына асып алчу. Пайгамбарыбыздын "Уржун” деп аталган
бир мыхсаррасы (асасы) да бар болчу.
Пайгамбарыбыз Бакиулгаркадга барганда аны алып жүрчү, ошого таянып отурчу,
колунда айлантып жүрчү. Пайгамбарыбыздын ошо мыхсарраны кармап туруп хутба
айткан кездери да болгон.
Пайгамбарыбыздын
тоо жыгачынан жасалган Мамшук деп аталган чыбыгы да бар эле.
Хазрети Осман
Пайгамбарыбыздын чыбыгын алып, минбарда хутба айткан кезде Жахжах бин Саид же
Жахжах бин Кайс Хазрети Османдын колунан чыбыгын алып, тизеси менен бүгүп, сындырды.
Калк Жахжахка кыйкырышты. Хазрети Осман минбардан түшүп, үйүнө кетти.
Ушундан кийин
Аллах Жахжахтын колуна же тизесине котур оорусун жиберди. Жахжах Хазрети Осман
шейит болгондон кийин бир жылга жетпей котурдан өлдү.
Пайгамбарыбыз
өзү менен бирге тарак, күзгү, мисвак, гүл майы, сурма жана кайчы алып жүрчү,
аларды сапарда, кооптуу жерлерде да дайыма алып жүрдү.
Хазрети Айша:
Согуштарга Расулуллахтын гүл майын, тарагын, күзгүсүн, эки кайчысын, сурма
салгычын жана мисвагын даярдачумун", - деген.
Ошондой эле
Хазрети Айша: "Сапарда жана кооптуу жагдайда Расулуллах жети нерсени: 1. Гүл
майы чынысы, 2. тарагы, 3. күзгүсү, 4. сурма салгыч, 5. мисвагы, 6. эки
кайчысы, 7. Чач бөлгөн сөөгүн жанынан таштачу эмес”, - деген.
Пайгамбарыбыз
күнүнө сакалын эки жолу тарачу.
Анас бин
Малик: "Расуллалах тез-тез чачына гүл майын сүрчү, сакалын суу менен тарачу”, -
деди.