Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Тартипке, иреттүүлүкө чоң маани берчү




Тартипке, иреттүүлүкө чоң маани берчү


Пайгамбарыбыз тазалыкка, тартипке чоң маани берчү. "Кимдин чачы бар болсо, ага жакшы карасын”, - дечү. Пайгамбарыбыз мечитте отурган кезде чачы ирээттелбеген бирөө ичке кирди. Пайгамбарыбыз: "Бул адамдын чачын жаткызчу гүл майы да жокпу?”, - деп, аны дароо сыртка чыгарып, чач-сакалын иреттөөнү колу менен ымдады. Ал адам чачын жаткызып, кайра келгенде пайгамбарыбыз: "Силердин бүрөөңөрдүн ушундай келгени жакшыбы же чачы-сакалы шайтан сыяктуу шалбырап келгени жакшыбы?”, - деди.

Пайгамбарыбыз сакалынын четин жана узундугунан бир аз кыскартчу (кырдырчу). Жума намазына чыгаарда мурутун кыскартып, тырмагы өссө алчу. Мусулмандарга да кыскартууну буйрук кылчу.

Пайгамбарыбыз күзгүгө караган сайын Аллахка шүгүрчүлүк кылып, "Аллахым! Келбетимди сулуу кылып жаратканың сыяктуу кулк-мүнөзүмдү дагы көркөм кыл”, - деп дуба кылчу.

Пайгамбарыбыз ар кеч сайын уктабастан мурун көзүнө үч жолу сурма сүрчү. Сурманы оң көзүнө үч жолу, сол көзүнө үч жолу сүрчү. "Сурма сүргүлө. Анткени, ал көздү нурландырат, кирпикти өстүрөт”, - дечү.

Ислам аалымдары ар адамдын сурманы эмдөө үчүн сүрүүгө болоорун, кооздук үчүн сүрүүгө болбой турганын айтышкан. Жамал (көркөмдүк) жана зыйнат (кооздук) сөздөрүн бири-бири менен чаташтырбоо керек. Жамал – көрксүздүктү кетирүү, токтоо болуу жана шүкүрчүлүк кылуу үчүн ниматты көрсөтүү дегенди билдирет. Көрсөтүү үчүн, мактануу үчүн ниматты көрсөтүү жамал болбойт, текеберлик болот.

Расулуллах мисвак колдонууга катуу маани берчү. Аны ар дайым жанында алып жүрчү. Пайгамбарыбыз: "Эрак багынын чыбыгын мисвак кылгыла”, - деп буюрчу. Мисвак оозго жакшы жыт берет. Расулуллах: "Ал менин жана менден мурунку пайгамбарлардын мисвагы”, - деген.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Эгер үммөтүмө кыйындык келтирбесем ар намаз үчүн мисвак колдонууну аларга буйрук кылмакмын”, - деген.

"Мисвак колдонууңарды абдан кеңеш кыламын”.

"Мисвак – ооздун тазалыгы жана Раббимдин ыраазылыгы”, - деген.

Пайгамбарыбыздын үйгө киргенде алгачкы иши – тишин мисвактоо болчу.

Пайгамбарыбыз мисваксыз уктабоочу, ойгонгон кезде алгач кылган иши – тишин мисвактоо болчу. Пайгамбарыбыз түндө тахажжуд намазына турган кезде дагы тишин мисвактачу.

Хазрети Айша: "Пайгамбарыбыз алейхиссалам ойгонгон кезде даараттан мурун мисвак колдонбогон кези болгон эмес”, - деген.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш