Пайгамбарыбыздын тогуз кылычы бар
болчу: Атасынан калган, Масур деп аталган кылычты Пайгамбарыбыз Мединага хижрат
кезинде алып жүргөн.
Абд деп аталган кылыч: Бул кылычты
Пайгамбарыбызга Саад бин Убада белек кылган. Пайгамбарыбыз бул кылычты Бадр
согушуна алып барган.
Зулфикар: Курайш мүшриктеринен
Мунаббих бин Хажжаждын же Ас бин Мунаббихтин кылычы, Бадр согушунда олжо иретинде
алынган. Сыртында бир нече кертилген жерлери болгондуктан Зулфикар деп аталган.
Сабынын башы, боонун курчоолору жана чынжырлары күмүштөн болгон.
Пайгамбарыбыз кайтыш болгондон кийин
Хазрети Аббас, Хазрети Абу Бакрга сураныч билдирип, Зулфикарды Хазрети Алиден
алгысы келгенде Хазрети Абу Бакр: "Мен бул кылычты ар дайым анын колунан
көрдүм. Аны тартып алууну туура деп санабайбым”, - деди. Хазрети Аббас аны Хазрети Алиде
калтырды.
Расулуллахтын
найзалары булар: Пайгамбарыбыз Бани Кайнука яхудилеринен үч найза олжо алган
болчу.
Расулуллахтын
найзаларынын бири Мусви, экинчиси Мусна деп аталчу. Ошону менен катар
Пайгамбарыбыздын Байза деп аталган чоң харбеси жана Аназа деп аталган найзадан
кичирээк бир харбеси бар болчу. (Харбе – найзадан кичирээек куралдын аты) Наба
деп да аталган бул харбени Хабаш бийлөөчүсү Зубайр бин Аввамга берген болчу.
Пайгамбарыбыз Хайбер согушунан кайтып келе жатканда аны Зубайр бин Аввамдан
алды.
Хабаш
бийлөөчүсү Асхама Пайгамбарыбызга үч найза жиберген. Пайгамбарыбыз алардын
бирин өзүнө алып, экинчисин Хазрети Алиге, үчүнчүсүн Хазрети Омарга берген.
Билал Хабаши
Пайгамбарыбыздын найзасын Орозо Айт менен Курман Айтта намаз окулган жерге
дайыма алып барып, Расулуллахтын алдына кадап койчу.
Пайгамбарыбыз
Айт намазын ошого бет буруп окутчу.
Пайгамбарыбыз
кайтыш болгондон кийин Билал Хабаши ошол найзаны айттарда Хазрети Абу Бакрдын
алдында кармап жүрүп, намаз окуй турчу жердин алдына кадачу.
Хазрети Абу
Бакрдан кийин Хазрети Омар, андан кийин Хазрети Осман доорунда бул милдетти
азанчы Садул Караз дал ушундай кайталады. Медина бийлөөчүлөрүнүн кезинде дагы
ушундай уланды.