Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Пайгамбарыбыздын жаалары, калкандары




Пайгамбарыбыздын жаалары, калкандары


Пайгамбарыбыздын алты жаасы болгон. Алардын ичиндеги Равха, Байза, Шафра деп аталган үчөө Бани Кайнука яхудилеринен олжо болуп түшкөн болчу. Сафра жаасы Наб багынан жасалган болчу. Катум деген жаа да Наб багынан жасалган жана Ухуд согушунда сынган, кынык түрүндө Катада бин Нуман алган. Ошону менен катар Садад, Завра деген жаалары да болгон.

Пайгамбарыбыздын үч калканы бар болгон. Залук – үстү жагында кочкордун башы тартылган калкан. Бул калкан Пайгамбарыбызга белеке тартууланган. Бирок, Пайгамбарыбыз калканда сүрөт болгондуктан анча жактырган эмес. Таң чыкканда Аллаху таала ал сүрөттү калканынан өчүргөн эле.

Пайгамбарыбыздын жети соот кийими болгон.

Затулфудул деп аталган соот кийимин Саад бин Убада Пайгамбарыбызга Бадр согушуна чыгаарда белек кылган. Сагдийа, Фыдда деген соот кийимдер Пайгамбарыбыз Бани Кайнука яхудилеринен олжого алган куралдардын арасында болгон.

Пайгамбарыбыз Ухуд согушунда Фудул менен Фыдданы кабаттап кийген.

Пайгамбарыбыздын соот кийиминин астында жана аркасында күмүш эки чынжыр болгон. Сагдийа деп аталган соот кийим Давуд алейхиссаламдын Жалут менен согушканда кийген тарыхый мааниге ээ соот болчу.

Пайгамбарыбыз кайтыш болгон кезде соот кийимдеринин бири Бани Зафарлерден Абушшахм деген яхудиден отуз са арпага кепилге калтырылган болчу. Ал соот Затулфудул болчу.

Калган соот кийимдери болсо Затулуишан, Затулхаваши, Бадраа. Хырнык деп аталат.

Пайгамбарыбыздын туулгаларынын биринчиси Мувашшах деп аталат. Ал Бани Кайнука яхудилеринен олжо болуп түшкөн эле.

Зуссубуг же Зуссусуб же Машбуг деп аталган туулгалар, Пайгамбарыбыздын Ухуд согушунда кийген туулгасы сынып, эки чыгыры бетине баткан болчу. Пайгамбарыбыз Меккени алган кезде дагы башында туулгасы болгон.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш