Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Расулуллахтын туулары менен желектери




Расулуллахтын туулары менен желектери


Пайгамбарыбыздын желеги кара, туусу ак түстө эле. Мухаммед бин Касымдын азат кылган кулу Юнус бин Убайд: "Мухаммед бин Касым Расулуллах алейхиссаламдын желегин суроо үчүн мени Бара бин Азибке жиберди”, - деген.

Бара бин Азиб кара жана төрт бурчтуу ак-кара сызыкты жүн кездемеден болгонун билдирген.

Бул желек Хазрети Айшаныкы, үстү төө артпасы сыяктуу, саймалары жүндөн токулган, кара түстүү эле. Укаб деп аталчу.

Пайгамбарыбыздын желеги Хазрети Алиде болчу. Пайгамбарыбыз Хайбар согушунда: "Желекти ушундай бир эр адамга беремин, ал Аллах менен Расулун жакшы көрөт. Аллах менен Расулу да аны жакшы көрөт”, - деген жана Хазрети Алини чакырып желегин берет.

Аллаху таала Хайбар жеңишин Хазрети Алиге насип кылган. Пайгамбарыбыздын туусунда "Ла илаха иллаллах Мухаммадур расулуллах” деген жазуу бар болчу.

Расулуллах Харрар сапарында Саад бин Аби Ваккаска ак түстүү туу байлаган эле.

Хазрети Алини Йеменге жиберип жатып, найзанын учуна селде байлап: "Туу ушундай болот!” - деп буюрган. Тууну бир гана аскер кол башчысы кармачу жана өзү менен алып жүрчү. Абва, Ваддан согуштарында Расулуллахтын ак туусун Хазрети Хамза, Буат согушунда Саад бин Аби Ваккас, Курз бин Жабир ул Фихрдин көз салуусунда Хазрети Али, Зулусайра согушунда Хазрети Хамза алып жүргөн.

Расулуллах Бадр согушуна чыгып жатканда ак тууну Мусаб бин Умайрга берген, Хазрети Али Расулуллахтын алдында жүрүп, кара тууну (Укабды) алып жүргөн болчу.

Пайгамбарыбыздын ак туусун Бани Кайнука согушунда Хазрети Хамза, Каркаратулкудр, Ухуд, Бадрулмавид согуштарында Хазрети Али, Хендек согушунда Зейд бин Хариса алып жүргөн.

Расулуллах алейхиссалам Меккени дагы ак туу менен барып басып алган.

Табук жүрүшүндө эң чоң туусун Хазрети Абу Бакрга жана эң чоң желегин Зубайр бин Аввамга карматып жүргөн.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш