Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Пайгамбарыбыздын минген аттары




Пайгамбарыбыздын минген аттары


Пайгамбарыбыздын Мединада Бани Фазаралардан бир айылдык адамдан он укйа (1283 граммдык мурунку замандагы өлчөм бирлиги) күмүшкө сатып алган, чөл калкы Дарис деп, Пайгамбарыбыздын өзү Сакб деп атаган алгачкы аты болду. Ухуд согушунда ошого минген.

Сакбдын эрининде ак тагы бар болчу. Алдынкы оң бутунан башка буттары тизеге чейин ак түстүү эле. Сакб жакшы жүргөн, жорго болгон. Жүргөндө суудай акчу. Пайгамбарыбыз Мүртажиз деген атын Бани Муррелерден бир айылдык адамдан сатып алган. Муртажиз өтө көрктүү ат эле жана ал ыр айткандай кишенечү.

Лизаз деген жылкысын Пайгамбарыбызга Александрия падышасы Мукавкыс белек кылган. Лизаз ылдам чуркаган ат болгон. Заиб деген атты пайгамбырыбызга Фаруа бин Умайр-ул-Жузами белек кылган. Зариб өтө күчтүү жана мыкты ат болгон.

Лахифти (же Лухайф) Пайгамбарыбызга Рабиа бин Абу Бараул-Калби белек кылган. Лахифтин куйругу жерге тийгендей узун болгон. Ясуб – Пайгамбарыбыздын аттарынын ичиндеги эң жакшы аты болгон. Муравих – ат чабууга чапкан ат болгон, Убайд бин Ясир аны Пайгамбарыбызга Табукта белекке тарткан. Муравих чапканда желдей жүрчү.

Мирвах – хижраттын онунчу жылы Мединага келген Бани Раха өкүлдөрү Пайгамбарыбызга белек кылышкан ат. Аны Пайгамбарыбыздын алдында жүргүзгөн кезде Пайгамбарыбызга абдан жаккан болчу.

Вард деген атты Пайгамбарыбызга Тамими Дари белек кылган. Варддын түсү тору болчу. Пайгамбарыбыз аны Хазрети Омарга белек кылып берген. Хазрети Омар Вардга минип, Аллах жолунда согушту.

Пайгамбарыбыз үч атын ат жарышына чыгарчу. Зарибдин чабарманы Сахл бин Саад, Лизаздын чабарманы Абу Усейд Саиди болчу. Лизаз эң алдында, андан кийин Зариб, анын артынан Сакб жүрчү.

Расулуллахтын эшеги менен качыры да болгон. Александрия падышасы Мукавкыс Пайгамбарыбызга бир боз качыр менен эшек белек кылган. Качыр Дулдул, эшек Яфур же Уфайр деп аталган. Исламда алгач кездешкен ак качыр Дулдул болгон. Пайгамбарыбыз Хайбер согушунда ошо ак качырды, Хунайн согушунда башка боз качырды минген. Пайгамбарыбыз качырын тебинип Хавазиндерге чабуул жасамакчы болгондо Хазрети Аббас тизгинден, Абу Суфйан бин Харис болсо үзөңгүсүнөн кармап, Пайгамбарыбыздын жоонун арасына кирүүсүнө тоскоол болууга тырышкан. Хайбар согушунда Яфурдун үстүнө ээр токулуп, башына курма талчасынан нокто салынып, Пайгамбарыбыздын ага да мингендиги айтылат.

Пайгамбарыбыз вада ажылыгынан кайтып келгенде Яфур өлүп, Дулдул пайгамбарыбыз кайтыш болгондон кийин Хазрети Алиге калган. Дулдулга Хазрети Али шейит болгонго чейин минди, андан кийин Харети Хасан, андан кийин Хазрети Хусейн, андан кийин Хазрети Мухаммед бин Ханафийе минген. Дулдул Хазрети Муавия кезине чейин өмүр сүрөт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш