Расулуллахтын төөлөрү


Кусва: Пайгамбарыбыздын Жара жана Адба деп дагы аталган бул төөсү Бани Кушайр Кааб бин Рабиа бин Амирлердин же Хурайш бин Кабтардын жаныбарларынан болгон, Хазрети Абу Бакр аны төрт жүз дирхамга сатып алып, ошол баага Расулуллахка өткөзгөн. Хазрети Абу Бакрдын аны Пайгамбарыбызга белек катары бергендиги тууралуу да айтылат.

Пайгамбарыбыз Мединага Кусва менен хижрат кылган. Худайбийа умрасына да ошону менен барды. Меккени да ошону менен барып алды. Пайгамбарыбыз Кусваны жарышка салчу, эч кандай төө андан аша алчу эмес. Дегени менен, бир айыл адамы эки жашар төөсү менен жарышка катышып, андан озуп кетет.

Пайгамбарыбыз Вада ажылыгында Арафат хутбасын Кусванын үстүндө отуруп айткан. Кусва Хазрети Абу Бакрдын халифалыгы кезинде Баки мазаратына бош жеберилди. Ошол жерде жайылып жүрүп өзү өлүп калган.

Абу Жахлден олжо катары алынган төө:

Пайгамбарыбыз Бадрда Абу Жахлдин атактуу төөсүн баш колбашчысы акысы катарында алган болчу. Худайбийа умрасына чейин ошо төө менен дагы согушка чыкчу. Ал төөгө умра үчүн курмандык белгисин салды. Мушриктер жүз төө берип, аны алгылары келген. Пайгамбарыбыз:"Эгер курмандык мал деп белгилебегенибизде тилектериңерди орундамак элем”, - деди.

Саан төөлөр: Пайгамбарыбыздын Зулжард жана Жамма деген жайыттарында жайылган Ханна, Самра, Урайс, Садийа, Багум, Йасира, Дабба деген жети төөсү болгон. Пайгамбарыбыздын үй-бүлөсү ошолордун күндө кечке саалынган эки идиш сүтү менен күн өткөрчү. Бирок, Пайгамбарыбыз кайтыш болгон кезде алардын эч кайсысы калган эмес эле.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш