Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Пайгамбарыбыздын куттуу үйү




Пайгамбарыбыздын куттуу үйү


Пайгамбарыбыз Мединада мечитин салдырган кезде мечиттин жанына кирпичтен эки бөлмө салдырган, анын үстүнө курма жыгачы жана бутактары менен жаптырган.

Хазрети Айшанын бөлмөсүнүн эшиги мечитке барган жолго карачу. Хазрети Савда үчүн салынган бөлмөнүн эшиги мечиттин үчүнчү эшиги болгон Ал-и Осман эшигине карачу.

Пайгамбарыбыз башка аялдарды алгандан кийин бөлмөлөрдүн саны артты жана алар Хазрети Айшанын бөлмөсү менен кыбыла арасында, б.а, мечиттин чыгыш тарабында салынды. Бөлмөлөрдүн бир бөлүгү кирпичтен, бир бөлүгү таштан салынды.

Кээ бирлери курма бутактарынан (Багдат тибинде) жасалып, ылай менен сыланган жана төбөсү курма бутактары менен жабылды.

Хасан бин Абулхасан айтат: "Мен эр жеткен кезимде Расулуллахтын үйүнө кирип, колумду созгондо колум төбөсүнө жеткен болчу. Расулуллахтын бөлмөсүнүн бастырмасы соор багы же арча багынын үстүнө өрүлгөн кыл токумадан турчу".

Имам Бухаринин билдиргени боюнча: "Расулуллахтын үйүнүн эшиги халкасыз болуп, эшикти каккан адам саадактын учу менен какчу”.

Мухаммед бин Хилал менен Атаул-Хорасани да Пайгамбарыбыздын жубайларынын бөлмөлөрүн көргөн, алардын курма бутактарынан жасалганын жана эшик катары кара кылдан пардалары болгонун айткан.

Давуд бин Кайстын көрүп айтуусу боюнча бөлмөлөрдүн эшиктен-эшикке чейин ар биринин туурасы 6-7 зира (бир зира 48 см) көлөмүндө, ичтен тереңдиги он зира болчу.

Хазрети Савда бөлмөсүн Хазрети Айшага осуят кылган. Хазрети Сафийанын бөлмөсүн кайтыш болгонго чейин туруу шарты менен валилери (өкүлү болгондору) жүз сексен же эки жүз миң дирхамга Муавия бин Абу Суфйанга саткан.

Халифа Абдулмаликтин Пайгамбарыбыздын жубайларына таандык бөлмөлөрүнүн мүлк кылынып мечитке кошулуу тууралуу буйругу Мединада окулган күнү адамдар көз жаштарын төгүп, мединалыктар пайгамбарыбыз кайтыш болгон күндөгүдөй көз жаштарын төгүшкөн эле.

Саид бин Мусаййад да: "Валлахи, алардын ошол калыбында калууларын катуу каалар элем. Медина калкынын жаштары жана Мединага сырттан келгендер Расулуллахтын кандай нерселер менен күн өткөргөндүгүн көрүп, адамдар мал-мүлктөрүн көбөйтүүгө жана ошолорго мактанууга кызыгышмак эмес эле”, - деп бул жолдогу капасын билирген.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш