Исламдагы алгачкы вакф Ухудда шейит болгон
яхуди аалымы, абдан бай адам болгон Мухайрыктын Пайгамбарыбызга тапшырылуусун
осуят кылган, Пайгамбарыбыз кабылдап, вакфка салган 1- Мисаб, 2- Сафийа, 3-
Далал, 4- Хусна, 4- Бурка, 5- Аваф, 7- Машраба деген жети бакча болуп
саналат.
Пайгамбарыбыздын Мединадагы фонддору жалпы
Мухайрыктын буюмдарынан курулат. Ибн Хумайд айтат: "Халифа Омар бин
Абдулазиз Мухайрыктын вакфка салган курма боолорунан курманын алып келүүсүн
сураган эле. Бир табак курма алып келинди”.
Омар бин Абдулазиз: "Абу Бакр бин Хазм
мага мындай деп жазды: Бул курма Расулуллахтын кезинен калган курма багынан
жана Расулуллах андан жечү”, - деди дегенде: "Эй момундардын амири! Муну
биздин арабызда үлүштө”, - дедим. Үлүштөдү. Ар бирибизге тогуздан тийди.
Омар бин Абдулазиз: "Мен Медина башчысы
катарында курма багына барганда курмасынан жедим. Андай даамдуу курма жеген
эмесмин”, - деди.
Амр бин Мухажир айтат: "Расулуллахтын
буюмдары Омар бин Абдулазиздин жанындагы бир бөлмөдө турчу, өзү күндө барып
көрүп турчу. Курайштыктардан келип жыйналгандарды да ошол бөлмөгө коюп, аларга
карап: "Мына, Аллахтын силерди өзү аркылуу кадырлуу кылган адамдын
мурасы”, - дечү. Алар:
1- Бир даана курма жалбырагынан өрүлгөн төшөк,
2- Бир даана бети териден жасалган, ичи курма булалары
менен толтурулган жаздык.
3- Бир даана чоңураак кыш табак.
4- Бир даана суу кесеси.
5- Бир даана кийим.
6- Бир даана кол тегирмен.
7- Бир даана жебе сооту.
8- Бир даана көрпө.
Бул көрпөгө Расулуллахтын башынын мубарек
тери сиңген, андан керемет жыпар жыт чыкчу.
Омар бин Абдулазиз ооруган кезде ошонун суусу
менен жуунуп, шифаа тапчу. Омар бин Абдулазиз мединалык табиин аалымы, имам,
факих, мужтахид жана сүннөттү жакшы билген адам болгон. Энеси – Умму Асым бинти Асым бин Омар бин
Хаттаб эле. Ал адилеттик менен такыбалыкта үлгү адам болгон.
Имам Шафии: "Хулафа-и рашидин бешөө: 1)
Абу Бакр, 2) Омар, 3) Осман, 4) Али, 5) Омар бин Абдулазиз” (радыйаллаху анхум)
дечү. Омар бин Абдулазиз адилеттикте Хазрети Омардын, такыбаалыкта Хасан-ул
Басринин, илимде Имам Зухринин жолун карманган.