Мухаммед
алейхиссаламга моюн сунуу – анын жүргөн жолу менен жүрүү деген сөз. Анын жолу –
Курани карим көрсөткөн жол болуп саналат. Бул жол Ислам дини деп аталат. Ага баш ийүү үчүн алгач ыйман келтирүү керек, мусулмандыкты жакшылап үйрөнүү керек.
Кийин парздарды орундап, харамдардан сактануу керек. Андан кийин сүннөттөрдү
орундап, макрухтардан сактануу керек. Ушулардан кийин мубах нерселерден да ага
баш ийүүгө аракет кылуу керек.
Ыйман келтирүү
- бул сүйүктүү Пайгамбарыбызды ээрчип, түбөлүк бакыттын босогосун аттап ичкери
кирүү деген сөз. Аллаху таала аны бүткүл адамзатын түбөлүк бакытка чакыруу үчүн
жиберген жана «Саба» сүрөсүнүн 28-аяти каримасында: «Эй, сүйүктүү Пайгамбарым! Сени дүнүйөгө бардык адамдарга түбөлүк
бакытты сүйүнчүлөө жана ошол бакыт жолун көрсөтүү үчүн жиберемин», - деген.
Мисалы, ага
баш ийген бир адамдын күндүз бир мезгил уктоосу ага баш ийбей бир нече түндү
ибадат менен өткөрүүдөн канчалаган эсе кадырлуу болот. Анткени, «кайлула»
кылуу, б.а., түштөн мурда бираз жатуу – Расулуллахтын адаты болчу. Мисалы, анын
дини буюргандыктан Айт күнү орозо кармабоо жана жеп-ичүү динге моюн сунбай
жылдар бою кармалган орозолордон кадырлуу. Анын дининин буйругу менен кедейге
берилген зекет – өз каалоосу менен тоодой алтын садага берүүдөн артык.
Бир күнү
Хазрети Омар (радыйаллаху анх) багымдат намазын жамаат менен окугандан кийин
жамаатты карап, жамааттан бир кишини көзгө учурата албагандан кийин ал адамдын
кайда экендигин сурады. Сахабалар: «Ал түнү бою таңга чейин ибадат кылат. Эми
уктап калган чыгар», - дешти. «Аттиң, түнү бою уктап, багымдат намазын жамаат
менен окуганы жакшыраак болор эле»,- деди.
Исламга баш ийбестен кыйынчылык
тартып, напсилери менен күрөшкөн адамдар напсилери кордошсо да Исламга шай
кылбагандыктан анын кадыры жок. Эгер бул иштерине акы алтын болгондо дүнүйөдө
бир канча табыштан башка нерсеге кол жеткизе алышпайт. Болбосо бул бир нече
табыштын бедели болгонундай дүнүйөнүн өзүнүн куну менен бедели жок. Булар
мисалы жөнөкөй жумуш кылган жумушчуларга окшойт, бардык адамдардан көп иш
кылышат жана чарчашат, бирок, айлыктары кылган жумуштарына татыбайт, өтө аз.
Исламга багынгандар болсо асыл таштар менен баалуу алмаздан менен алектенген
зергерлер сыяктуу. Алардын жумушу аз, табышы
көп. Кээде бир сааттык жумуштары жүз миңдеген жылдын табышын курайт. Мунун
себеби мында: Исламга шай кылынган амалды Аллаху таала кабыл кылат, ыраазы
болот, өтө жактырат.
Муну китебинин
бир нече жеринде билдирген. Мисалы, «Имран» сүрөсүнүн 31-чи аятында: «Эй сүйүктүү Пайгамбарым! Аларга айт, эгер
Аллаху тааланы жакшы көрсөңөр жана Аллаху тааланын да силерди жакшы көрүүсүн
кааласаңар мага баш ийгиле. Аллаху таала мага баш ийгендерди жакшы көрөт», -
делген.
Мухаммед
алейхиссаламга баш ийүү – Исламдын өкүмдөрүн жактырып, кубана-кубана орундоо
жана анын буйруктарын жана Исламдын кадырлаган баалуу нерселерин, аалымдарын,
салихтерин жогору деп билип, урматтоо жана анын динин таратууга аракет кылуу
деген сөз. Динине баш ийгиси келбегендерди, жактырбагандарды, маани
бербегендерди төмөн саноо деген сөз.
Исламга ылайык
болбогон нерселердин эч бирин Аллаху таала жактырбайт. Жактырылбаган нерсеге
сооп берилеби? Тескерисинче, жазага себеп болот.
Эки дүнүйөнүн
бактысына жетүү – бир гана эки дүйнөнүн мырзасы болгон Мухаммед алейхиссаламга
баш ийүүгө байланыштуу. Ага баш ийүү үчүн ыйман келтирүү жана Ислам өкүмдөрүн
үйрөнүп, туура орундоо керек.
Акыретте
Тозоктон кутулуу бир гана Мухаммед алейхиссаламга баш ийгендерге насип болот.
Дүнүйөдө кылынган бардык жакшылыктар, бардык ачылыштар, бардык абал менен илимдер
Расулуллахтын (саллаллаху алейхи ва саллам) жолунда болуу шарты менен гана
акыретте пайдасы тийет. Аллаху тааланын пайгамбарына баш ийбегендердин кылган
бардык жакшылыктары дүнүйөдө калат жана акыретинин кыйроосуна себеп болот.
Б.а., жакшылык сыяктуу көрүнгөн алдамчы закымдан башка нерсе болбойт.
Мухаммед
алейхиссаламга толук жана кемчиликсиз баш ийүү үчүн аны толук жана кемчиликсиз
жакшы көрүү керек. Толук жана жетилген сүйүүнүн белгиси – анын душмандарынан
оолак болуу жана аны жактырбагандарды жакшы көрбөө. Ашыктар сүйүктүүлөрү үчүн
эсин жоготуп, буйруктарынан бир кадам да чыгышпайт. Башка багыттагылар менен
бир жерде боло албайт. Эки карама-каршы нерсенин сүйүүсү бир жүрөктө боло
албайт.
Бул дүнүйөнүн
жакшылыктары өткүнчү жана алдамчы. Бүгүн колдо бар нерсе эртең башкалардын
колунда болот. Акыретте колго келе тургандар болсо чексиз жана ал табылгалар
ушул дүйнөдө жыйналат. Бир нече күндүк өмүрдү эгер дүнүйө менен акыреттин эң
кадырлуу адамы болгон Мухаммед алейхиссаламга баш ийүү менен өткөрсөк түбөлүк
бакыт жана кутулуудан үмүт күтүлөт. Ага
баш иймейинче кылынган бардык жакшылык, кайрымдуулук ушул дүнүйөдө калат,
акыретте эч нерсе колго тийбейт.
Ага баш
ийүүнүн кымындай бөлүгү бардык дүнүйө ниматтары менен акырет бакыттарынан
канчалаган эсе артык. Адамзаттын өзгөчөлүгү менен абырою ага баш ийүүсүндө.
Расулуллахка баш ийүү үчүн мусулмандардын ахли сүннөттүн төрт мазхабынын
биринде болуулары негизги шарт. Пайгамбарыбызга ыйман келтирип, алып келген
нерселерин тастыктоо, аны жакшы көрүп моюн сунуу, насыяттарын кабыл кылуу, ага
урмат көрсөтүү парз болуп эсептелет. Бул маселе боюнча Аллаху таала: «Андай болсо Аллаху таалага жана анын умми
набиси болгон Расулуна ыйман келтиргиле, ага баш ийгиле, ошондо туура жолду
тапкан болосуңар». («Араф» сүрөсү, 158).
«Ким Аллаху
таалага жана Анын пайгамбарына ыйман келтирбесе, акыйкатында (билсин), биз ал капырлар үчүн катуу от
даярдадык», - деп буюрган.
Расулуллах
алейхиссалам да мындай деген: «Аллаху
тааладан башка илах жок экенине күбөлүк кылып, мага жана менин алып
келгендериме ыйман келтиргенге чейин адамдар менен (капырлар менен) согушуу мага буюрулду. Алар буларды кылган
кезде мусулмандык акысынын жазасы (тышында), мал-мүлктөрү менен жандарын менден куткарат. (Ичтериндеги жашыруун
жагдайлардын) эсебин Аллаху таала
көрөт».
«Мага ким
баш ийсе Аллаху таалага баш ийген болот. Ким мага каршы чыкса, Аллаху таалага
каршы чыккан болот. Менин буйругума баш ийген адам мага баш ийип, ал эми
буйругума каршы чыккан адам мага каршы чыккан болот».
«Мага моюн сунган жана мен алып келген
нерселерге моюн сунган адамдын абалы менен мага каршы чыгып, мен алып келген
нерселерди жокко чыгарган адамдын абалы мынабул адамга окшойт: (ал адам) бир адам үй салдырган, (адамдарга сыяпат
катары) сонун, ар түрдүү тамактарды
даярдаган, адамдарды тамакка чакырууга бирөөнү милдеттендирген. Тамакка
чакырууну кабылдаган адам үйгө кирет жана даярдалган даамдардан каалаганынча
жейт. Чакыруусун кабылдабаган адам болсо үйгө кире албайт жана даярдалган
тамактардан жей албайт. Үй – (Расулуллахтын дааватын кабылдаган такыбаалар
үчүн даярдалган) Жаннат. (Аллаху
таалага жана Анын ниматтары менен толгон Жаннатка) чакырган адам - Мухаммед(алейхиссалам). Ким
Мухаммедге (алейхиссалам) каршы чыкса Аллаху таалага каршы чыккан болуп
саналат. Мухаммед (алейхиссалам), өзүн кабылдаган, тастыктаган момундар
жана өзүн жокко чыгарган капырлар кылып адамдардын арасын ажыратуучу».
«Менин сүннөтүмө жана менден кийин Хулафа-и рашидиндин (төрт халифанын) сүннөтүнө жабышкыла. Ага болгон күчүңөр
менен жана дыкат жармашкыла. (Динде, Курани каримде, ижмаи умматта
жана кыясы фукахада болбой) кийин
чыгарылган нерселерден качкыла. Анткени, (динде) кийин чыгарылган нерсе – бидат болуп саналат. Ар бир бидат адашуу болуп саналат.
Анас бин Маликтин (радыйаллаху анх)
Расулуллахка баш ийүү тууралуу жеткирген бир хадиси шарифинде Расулуллах (саллаллаху
алейхи ва саллам) мындай деп буюрган: «Ким
менин сүннөтүмдү орундаса (аны менен амал кылуу аркылуу жайса), мени тааныткан болот (менин кадырымды
арттырган, буйругумду орундаган болуп саналат). Мени ушундайча кубанткан адам Жаннатта мени менен бирге».
Пайгамбарыбыз Билал бин Хариске
(радыйаллаху анх) мындай деген: «Бир
адам Исламда сүннети хасана (жакшы бир адат чыгарса) жасаса анын
сообуна жана аны кылгандардын соопторуна жетет. Бир адам Исламда суннати сайиа (жаман
бир адат) жолун ачса анын күнөөсү жана
аны жасагандардын күнөөлөрү ага берилет».
Омар бин Абдулазиз (рахметуллахи
алейх) мындай деген: «Расулуллах жакшы жол салды. Андан кийин халифалары
жолдорду ачты. Расулуллахтын сүннөтү менен жана андан кийинки халифаларынын
сүннөттөрү менен амал кылуу – Аллаху тааланын китебине ылайык амал кылуу болуп
саналат. Аллаху таалага жана Пайгамбарыбызга баш ийүү – Аллаху тааланын динин
күчтөндүрүү. Исламды бузууга жана өзгөртүүгө эч кимдин акысы жок. Сүннөткө
каршы чыккан адамдардын сөздөрү менен амал кылуу жаиз эмес.
Пайгамбарыбыздын жана сахабаларынын
сүннөттөрүнө баш ийгендер – туура жолду тапкандар. Булардан кимиси көмөк
сураган болсо көмөккө жетти. Кимде ким сүннөткө каршы чыгып, анын менен амал
кылбаса мусулмандар жүргөн жолдон башка жолго түшкөн болуп саналат. Аллаху
таала ал адамга жаман иштерди жасатып, Жаханнамга таштайт. Жаханнам – эң жаман
жер».
Пайгамбарыбыздын жана сахабаларынын
сүннөттөрү менен жүргүсү келген адамдын алардын жолун тикеден тике өздөрүн
көрүп үйрөнгөн Имам Азамга жана Имам Азамды көргөн калган үч мазхаб имамдарына
(рахметуллахи таала алейхим ажмаин) баш ийүүсү керек.
Ахмед бин Ханбал (рахметуллахи
алейх) айтат: «Бир күнү бир жыйында болгон элем. Алар чечинип сууга түшүштү.
Мен: «Ким Аллаху таала жана акырет күнүнө ыйман келтирсе мончого (аврат
жерлерин жаппай) кирбесин» деген хадиси шарифке баш ийип, чечинбедим. Ошол түнү
түшүмдө бир адам: «Эй, Ахмед! Сага сүйүнчү! Анткени, Аллаху таала сени
Расулуллахтын сүннөтүнө баш ийгениң үчүн кечирди. Сени имам кылды. Адамдар сага
баш ийишет», - деди. «Сиз кимсиз?» - деп сураганымда: «Жабраилмин», - деп жооп берди».
Адам ар бир ишинде Расулуллахка
(саллаллаху алейхи ва саллам) баш ийбесе мусулман боло албайт. Аны өз жанынан
артык жакшы көрбөсө ыйманы толук болбойт. Ал – бардык адамдардын жана жиндердин
пайгамбары.
Ар кылымда өмүр сүргөн бардык
элдердин ага баш ийүүлөрү - важиб. Ар мусулмандын анын динине
жардамдашуусу, анын мүнөзүндөй мүнөзгө ээ болуусу, анын мубарек ысымын көп
айтуусу, ысымын айтканда жана укканда урмат кылып салават айтуусу, мубарек
дидарын көрүүгө ашык болуусу, алып келген Курани карим менен динин жакшы көрүп,
урматтоосу керек.