Никени жаңыртуу


Суроо: Нике кандайча жаңыртылат?

Жооп: Нике жаңыртуу бул жаңыдан нике кыйуу дегенди билдирет. Муну бир мечиттин имамынын көз салуусу менен кылуунун кереги жок. Жалгыз биринин никени жаңыртуусу жетиштүү эмес. Эркек менен аялынын эки эркек же бир эркек менен эки аял күбөнүн жанында никени жаңыртуулары керек. Жеңилдик болуусу үчүн никесин жаңылоо үчүн аялынан вакалат (өкүлдүк) алуусу керек.

Никени жаңыртуу үчүн аялынан өкүлдүк алгандан кийин эки эркек күбөнүн жанында "Дайым никелүү болгон аялымды анын тарабынан өкүлү катары жана мен тараптан асыл катары аны өзүм өзүмө нике кылдым” десе, нике жаңыланган болот. Эгер мурунку нике сахих (туура) болбогон болсо бул нике сахих болот. Эркек аялынан өкүлдүк албастан өз алдынча күбөлөрдүн алдында нике жаңырта албайт.

Аялдын нике жаңыртуу үчүн күйөөсүнө "Никебизди жаңыртуу үчүн сени өкүл кылдым” деп айтуусу жетиштүү болот. Өкүлдүктөн чыгармайынча өмүр бою бул өкүлдүк жарактуу болуп саналат. Өкүлдүк берип жатканда күбө кажет эмес.

Аялынан өкүлдүк алып таждиди иман (ыйман жаңыртуу) жана таждиди никах (нике жаңыртуу) дубасын фасык болсо дагы эки мусулман күбөнүн жанында окуса, ал эки киши дагы бул дубанын нике жаңыртуу дубасы экендигин билсе, бул учурда да нике жаңыланган болот. Эки эркек же бир эркек менен эки аял күбө болбостон бир гана бул дубаны окуу менен нике жаңыртылбайт.

Эркек же аял күбөлөрдүн мусулман, акылдуу, балагат жашына жеткен болуулары шарт. Никеси жаңыртыла турчу эркек жана аялды таануулары да керек. Чоң ата, чоң эне, ата, эне, атасынын ага-иниси, атасынын эже-карындашы, таеке, таеже, бала, небере, бир тууган, жээн дагы күбө боло алат.

Мечитте имам ыйман жана нике жаңыртуу дубасын жамаат менен бирге окуса, жамааттагы адамдар бири-бирине күбө болуп, никелери да жаңырган болот.

Ыйманды жаңыртуу жана никени жаңыртуу дубасы мындай:

"Аллахумма инни уриду ан ужаддидал имана ванникаха таждидан би кавли ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах.”

Өкүлдүк менен нике жаңыртуу

Суроо: Никедеги аял-күйөөнүн экөөнүн тең өкүлдүгүн алган адам алар жок кезде никелерин кантип жаңырта алат?

Жооп: Нике жаңыртуу бул жаңыдан нике кыюу дегенди билдирет. Өкүл никелери жаңыртыла турчу аял менен эркекти тааныган эки эркек мусулман күбөнүн жанында "Өкүлү мен болгон баланча аялды, өкүлү болгон баланча адамга үйлөндүрдүм” десе никелери жаңырган, б.а., жаңыдан никелери кыйылган болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш