Ислам дини » Сахабалар » Ахли байт жана Асхабы кирам




Ахли байт жана Асхабы кирам


Суроо: Ахли байт жана Асхабы кирам деп кимдерди айтат, булардын экөөнү тең сүйүү керекпи жана булар бири-бирин сүйүшкөнбү?

ЖООП

Пайгамбарыбыз алейхиссаламды көзү тирүү кезде жана Пайгамбар кезинде Аны бир жолу көргөн, эгер көзү азиз болсо бир жолу сүйлөшкөн, улуу же кичүү ар момун Сахиб же Сахаби, бирден көбү болсо Асхаб же Сахаба деп аталат. Хазрети Али менен Хазрети Фатима жана экөөнүн балдары, бардык урпактары Ахли байтдеп аталат. Асхабы кирам жана Ахли байт тууралуу Асхабы кирам китебинде мындай делген: «Ахли байтты сүйүү акыретке ыйман менен кетүүгө, акыркы демде саламаттыкка жетүүгө себеп болот. Пайгамбарыбыз алейхиссалам:

«Ахли байтым Нух алейхиссаламдын кемеси сыяктуу. Аларды ээрчиген адам саламаттык табат. Артта калган куруйт», - деп буюрган.»

Ахли байттын пазилети, үстөмдүгү абдан көп, санап бүткүс. Имам Шафии хазреттери ахли байттын пазилети тууралуу: «Эй, Ахли байти расул! Силерди сүйүүнү Аллаху таала Курани каримде буйрук кылууда. Намаздарында силерге дуба кылбагандардын намаздарынын кабыл болбоосу кадырыңарды, бийик даражаңарды көрсөтүүдө. Кадыр-баркыңар болсо кандай гана бийик, Аллаху таала Курани каримде силерди саламдоодо», - деген.

Ахли байтты сүйүү ар бир момунга парз. Жакшы ойлоно албаган кээ бир адамдар бул жерде жаңылышууда. Сүйүү үчүн сүйүктүүнүн душмандарын сүйбөө керек дешүүдө. Ижтихаддарына карай Ахли байт менен согушкан Хазрети Айшаны, Хазрети Муавияны, Хазрети Талханы жана Хазрети Зубайрды Ахли байтка душман деп эсептеп, бул улуу инсандарга душмандык кылышууда. Бирок, Пайгамбарыбыз алейхиссалам Асхабы кирам тууралуу:

«Асхабым көктөгү жылдыздар сыяктуу, кайсы бирине уйсаңар хидаят табасыңар!» - деп буюрган.

Аяти карималар жана хадиси шарифтерден түшүнүлгөндөй Асхабы кирам менен Ахли байт арасындагы ал согуштар дүнүйөгө болгон берилүүдөн, майсап жана бийликке болгон сүйүүдөн эмес, ижтихадда айырмадан улам эле. Согушуу эмес келишүү үчүн карама-каршы келишкен. Абдуллах бин Саба яхудисинин жана досторунун куулугу менен согушка жол ачылган эле. Асхабы кирамдын бардыгы Ахли байтты жакшы көрүшчү. Буга ишенбегендер аяти карималарга жана хадиси шарифтерге ишенбеген болот. Аяти карима жана хадиси шарифтер көрсөтүп тургандай Асхабы кирам, Ахли байттын сүйүүсүн ыймандарынын тиреги кылышкан.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш