Ислам дини » Сахабалар » Сахаби деп кимдерди айтат?




Сахаби деп кимдерди айтат?


Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламды бир жолу болсо да көргөн, сокур болсо сүйлөшкөн аял же эркек адам, бала же балакатка жеткен мусулман "сахаби” деп аталат. Бир канча сахаби "асхабы кирам” же "сахаба” деп аталат. Пайгамбарыбыз жиндердин дагы пайгамбары болгодуктан жиндердин арасында да сахабалар болот.

Пайгамбарлар менен периштелердин улууларынан кийин бүткүл жаратылгандардын ичинде эң улуулары асхабы кирам болуп саналат. Сахабалардын ар бири ушул үммөттүн баарынан жогору. Мухаммед алейхиссаламдын пайгамбар экендигине ишенген ар бир адам, кандай тектен, кайсы элден чыкса да Мухаммед алейхиссаламдын үммөтү деп аталат. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламды мусулман катары билүүдөн артык үстөмдүк болбойт. Ошондуктан, асхабы кирам бардык мусулмандарга жана башка үммөттөргө караганда бийик даражага ээ. Сахабалар тууралуу жазып, сүйлөп жатканда өтө адептүү болууга аракет кылуу керек. Улуу Ислам аалымы Абдуллах ибн Мубарактан "Муавия менен Омар бин Абдулазиз экөөнүн кайсынысы абзал (жакшыраак)?” - деп сурашканда: "Расулуллухтын «саллаллаху алейхи васаллам» жанында бара жаткан Муавиянын «радыйаллаху анх» минген атынын мурдуна кирген чаң Омар бин Абдулазизден жүздөгөн эсе кадырлуу”, - деп жооп берет. Сахабалар (алейхимуррыдван) – Аллаху тааланын сүйүктүүсүнүн сухбатына катышууга ылайыктуу кылып жаратылган адамдар.

Курани каримде "Али Имран” сүрөсүнүн 110-аятында: "Силер үммөттөрдүн кайырлуусусуңар”, - деп айтылган. "Тообо”сүрөсүнүн 100-аятында: "Биринчи мусулман болгондордун ичинен мухажирлер менен ансарлардан алгач кошулгандарына жана ошолордун жолундагыларга Аллаху таала ыраазы. Аллаху таала алар үчүн Бейиштерди даярдайт. Ал Бейиштердин астында өзөндөр агып турат. Алар Бейиште түбөлүк калышат!” - деп билдирилген.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (алейхиссалам) бир хадисинде мындай дейт: "Адамдардын эң жакшылары – менин заманымдагы мусулмандар (б.а., сахабалар). Алардан кийинки жакшылар – аларды көргөндөр (б.а., табииндер). Алардан кийинки жакшылар – аларды көргөндөрдү көргөн адамдар (б.а., таба-табииндер). Алардан кийин келгендердин ичинде жакшы эместер да кездешет”. Дагы бир хадисте: "Сахабаларым – көктөгү жылдыздар сыяктуу. Каалаган бирөөнү эрчүү аркылуу хидаятка (ыйманга, туура жолго) жетесиңер”, - деп айтылган.

Дагы б ир х адиси ш арифте: "Асхабымды сөкпөгүлө. Сахабаларымдан кийин келген каалаган бир адам Ухуд тоосундай алтынды садага кылып берсе, каалаган бир сахабанын бир ууч арпа берип алган сооптун жарымын да алалбайт”, - деп билдирилет.

Ал эми, бул хадисте: "Мени көргөн жана мени көргөндөрдү көргөн мусулман Тозок отунда күйбөйт”, - деп айтылган. Бул аяттар менен хадистер сахабалардын артыкчылыктарын ачык айкын көрсөтүп турат. Акаид китептеринде ар бир сахабанын улуу деп таануу, алардын адилеттүү жана чынчыл экендиктерине ишенүү, аларга тил тийгизбөө, каргабоо, душмандык кылбоо керек экендиги жазылган. Асхабы кирам арасында болгон айрылуулардын жакшы себептерден улам болгондугуна ишенүү кажет. Эч бирин жамандоо жаиз эмес (б.а., жамандоого болбойт). Хадиси шарифте: "Асхабым тууралуу сөз ачылганда оозуңарга сак болгула! Алардын абройлоруна жарашпай турган сөздөрдү оозуңарга албагыла!” - деп айтылган.

Ахли сүннөт аалымдары сахабалардын артыкчылык даражасын үч топко бөлөт:

1. Мухажирлер – Мекке шаары алына электен мурда Меккеден же башка жерлерден өз мекендерин, элдерин таштап, Медина шаарына хижрат кылып (көчүп) баргандар. Булар Расулуллахтын жанына ыймандуу келгендер жана келгенден кийин ыйман келтирген мусулмандар.

2. Ансарлар – Медина шаарында же ушул шаарга жакын жерлерде жашаган жана Авс менен Хазраж аттуу эки араб уруусунан болгон мусулмандар кирет. Алар Пайгамбар үчүн ар түрдүү көмөк жана курмандыктарга даяр экендиктерине сөз беришкен жана сөздөрүндө турушкан.

3. Калган сахабалар – Мекке шаары алынган кезде жана кийинки мезгилде Меккеде жана башка жерлерде ыйман келтиргендер.

4. Ашара-и мубашшара – Бейишке кире тургандыктары тууралуу тирүү кезинде эле кабар берилген он сахаба. Алар: 1. Абу Бакр Сыддык. 2. Омар-ул Фарук. 3. Осман Зиннурейн. 4. Али бин Абу Талиб. 5. Талха. 6. Зубайр бин Аввам. 7. Абдуррахман бин Авф. 8. Саад бин Абу Ваккас. 9. Саид бин Зейд. 10. Абу Убайда бин Жаррах.

Тирмизиде жана Ибн Мажеде жазылган Саид бин Зейд кабар берген хадиси шарифте: "Он киши Бейиште. Абу Бакр, Омар, Осман, Талха, Зубайр, Абдуррахман бин Авф, Али бин Абу Талип, Саад бин Абу Ваккас жана Абу Убайда бин Жаррах”, - деп, тогуз адамдын ысымын атайт. Онунчусунун аты суралганда: "Абул Авар”, - деп өзүн ишарат кылган.

Ушуларды жана жалпы мусулман калкты артыкчылык даражалары боюнча мындай көрсөтүүгө болот:

1. Хулафа-и рашидин, б.а., төрт улуу халифа.

2. Ашара-и мубашшара.

3. Бадр согушуна катышкан 313 сахаба.

4. Худайбияда Расулуллахка сөз берген 1400 сахаба.

5. Асхабы кирам (бардык сахабалар).

6. Мухаммед алейхиссаламдын үммөтү.

7. Башка пайгамбарлардын үммөтү.

860-жылы Анатолиянын Ларенда шаарында кайтыш болгон Алауддин Али Самаркандинин "Бахр-уль-улум” аттуу тафсиринде билдирилген хадистерде мындай жазылган: «Үммөтүмдүн эң мээримдүүсү- Абу Бакр «радыйаллаху анх». Динде эң күчтүүсү – Омар. Эң ар-намыстуу, уяттуусу – Осман. Диндин бардык суроосуна жооп бере ала турчу адам – Али. Адал менен харамды эң жакшы билген – Муаз. Курани каримди эң жакшы окуган адам – Эбий бин Кааб. Мунафыктарды, эки жүздүүлөрдү таануучу адам – Хузайфат ибни Йаман. Исанын (алейхиссалам) такыбаасын көргүсү келген адам Абу Зардын такыбаасына карасын! Бейиш Салман Фарисиге куштар. Халид бин Валид – Аллахтын кылычы, Хамза – Аллаху тааланын арстаны. Хасан менен Хусейн – Жаннат жаштарынын эң жакшылары. Жафар бин Аби Талип – Жаннатта периштелер менен бирге учат. Жаннаттын эшигин биринчи ача турган – Билал. Сухайб Руми – эң алгачкы болуп Кавсардын даамын татат. Кыямат күнү периштелер эң алгач Абуддарда менен саламдашат.»

«Ар пайгамбардын бир досу болот. Менин досум – Саад бин Муаз. Ар пайгамбардын асхабынын ичинен тандагандары болот. Менин тандагандарым – Талха менен Зубайр. Ар пайгамбардын жакын көмөкчүсү болот. Менин көмөкчүм – Анас бин Малик. Ар үммөттө бир даанышман адам болот. Менин үммөтүмдүн ичинде даанышмандыкты, хикматты көп айткан адам – Абу Хурайра. Хасан бин Сабиттин сөздөрү Аллах тарабынан таасирдүүлүк сыпатка ээ. Абу Талханын согуш майданындагы добушу бир топ аскерден да күчтүү».

Расулуллах дайындаган акимдер

Базан: Иран шахы Хусрав тарабынан Йеменге аким кылып дайындалган эле. Ошол жерде ыйман келтирип, Исламиятты кабыл алат. Расулуллах аны аким кылып Йеменге калтырат. Алгачкы Ислам акими Базан болуп эсептелет. Халид бин Саид Сана шаарына, Зияд бин Асад Хадрамут шаарына, Абу Мусал Ашари Аден шаарына, Абу Суфян бин Харб Нажран дубанына, Муавиянын тууганы Йазид Тайма шаарына, Аттаб бин Эсйед Мекке шаарына, Амр бин Ас Амман шаарына аким болуп дайындалган.

Расулуллахтын катиптери (катчылары)

Пайгамбарыбызга катчылык кызматын көрсөткөн сахабалар: Хазрети Абу Бакр, Омар, Осман, Али, Зубайр, Талха, Саад бин Аби Ваккас, Мухаммед бин Салама, Аркам бин Абу Аркам, Абдуллах бин Аркам, Мугира бин Шуба, Абий бин Кааб, Зейд бин Сабит, Абу Суфян бин Харб, Муавия бин Абу Суфян, улуу агасы Йазид бин Абу Суфян, Халид бин Валид, Амр бин Ас, Хузайфа бин Йаман «радыйаллаху таала анхум ажмаин».

Расулуллах чет элдерге 14 элчи жиберген. Алардын бири Амр бин Ас. Кийин аны Амман шарына аким кылып дайындаган.

"Истиаб” деп аталган китепте 2700 эркек жана 381 аял сахабинин өмүр баяны жазылган.

Расулуллахтын кайтыш болуусуна чейин ыйман келтиргендердин саны өтө көп. Мекке шаары алынган кезде он миң, Табук согушунда жетимиш миң, Веда ажылыгында токсон миң, Расулуллах кайтыш болгон кезде жер бетинде жүз жыйырма төрт миңден ашуун САХАБИбар эле.

Эң акыркы кайтыш болгон сахабалар

Абдуллах бин Абу Авфа хижраттын 86-жылы Куфа шаарында, Абдуллах бин Йаср 88-жылы Шамда, Сахл бин Саад 91-жылы жүз жашында Мединада, Анас бин Малик 93-жылы Басрада, Абуттуфайл Амр бин Васила 100-жылы Меккеде кайтыш болгон. Сахабалардын эң акыркы кайтыш болгону ошол эле.

Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам өзүнөн кийин кимдин халифа боло тургандыгы тууралуу эч кимге эч нерсе айткан эмес эле. Өзүнөн кийин Абу Бакр Сыддыктын халифа боло тургандыгын ишарат кылган эле. Мисалы, Медина шаарына көчкөн кезде Мединада мечит салдырды. Ушул мечитти салдырарда пайдубалынын биринчи ташын өзү койгон. Өзү койгон таштын жанына алгач Абу Бакрдын, кийин Омар Фаруктун бир таш коюусун жана анын жанына Осман Зиннурейндин бир таш коюусун буюрат. "Менден кийин халифаларым ушулар”, - деп айтат.

Сахабалардан Анас бин Малик «радыйаллаху анх» мындай дейт: "Бани Мусталак кабиласы (уруусу, эли) мени Расулуллахка жиберди. "Сенден кийин зекетти кимге беребиз деп сура”, - деп айтышты. Барып сурадым. Пайгамбарыбыз: "Абу Бакрга бергиле”, - деп жооп берди. Мени кайра жиберишти. Барып Абу Бакрдан кийин кимге берүүнү сурадым. "Омарга”, - деп айтты. Андан кийин Османга бериле тургандыгын айтты. Расулуллах эң акыркы жолу ооруганда өзүнүн ордуна Абу Бакрди имам кылып дайындаган эле”.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш