Базан: Иран шахы Хусрав тарабынан Йеменге аким кылып
дайындалган эле. Ошол жерде ыйман келтирип, Исламиятты кабыл алат. Расулуллах
аны аким кылып Йеменге калтырат. Алгачкы Ислам акими Базан болуп
эсептелет. Халид бин Саид Сана шаарына, Зияд бин
Асад Хадрамут шаарына, Абу Мусал Ашари Аден
шаарына, Абу Суфян бин Харб Нажран дубанына, Муавиянын
тууганы Йазид Тайма шаарына, Аттаб бин Эсйед Мекке
шаарына, Амр бин Ас Амман шаарына аким болуп дайындалган.