Ислам дини » Сахабалар » Расулуллахтын жубайлары




Расулуллахтын жубайлары


Хатижа-тул-Кубра (радыяллаху анха)

Ал – Хувайлид бин Асад бин Абдил Узза бин Кусайдын кызы. Расулуллахтын алгачкы жубайы. Өтө бай, илимдүү жана өтө акылдуу эле. Бүт мал-мүлкүн Расулуллахка арнаган. 24 жыл жакшы кызмат кылды. Хижраттан үч жыл мурда 65 жашында Меккеде көз жумган. Эң алгачкы ыйман келтирген аял. Расулуллахтын бардык кыздарынын жана эки уулунун энеси.

Айша (радыяллаху анха) айтат: "Пайгамбарды башка жубайларынан Хатижаны кызганганым сыяктуу кызганып көргөн эмесмин. Аны өзүм көргөн жокмун. Бирок, Пайгамбар ал тууралуу көп айтчу. Көбүнчө, кой сойгондо анын этинен Хатижанын жакындарына берип жиберчү. Хатижанын атын айта баштаса: "Дүйнөдө андан башка аял жокпу?” - дечү элем. Расулуллах болсо анын маанилүү иштерин атап: "Ал менин балдарымдын энеси”, - деп жооп берчү”.                           

Айша (радыяллаху анха)

Расулуллахтын жубайы. Абу Бакр Сыддыктын кызы. Өтө акылдуу, зейиндүү, илимдүү, адептүү, тартиптүү аял эле. Адабият билими өтө күчтүү эле. Эсте сактап калуу жөндөмдүүлүгү күчтүү болгондуктан сахабалар көп нерсени андан сурап үйрөнүшчү. Аят аркылуу макталган. Ижтихады Хазрети Алиден башка болгондуктан Жамал окуясында Хазрети Али менен күрөшкөн сахабалардын катарында болгон. Хазрети Али шейит болгондо өтө катуу кайгырган. Шииттер аны Алини көрө алчу эмес деп айыптап жалаа жабышат. Ал эми: "Алини жакшы көрүү - ыймандуулуктун белгиси”, - деген хадиси шарифти Хазрети Айшанын өзү риваят кылган. Ошентип, аны сүйүүнү жана бардык адамдардын аны сүйүүсү керек экендигин билдирген. Хижраттан 8 жыл мурда туулуп, хижраттын 57-жылы Мединада кайтыш болгон.

Айша (радыяллаху анха) айтат: "Сахабалар Пайгамбарыбызга белектерин менин үйүмдө болгон кезинде алып келишчү. Ушундайча Расулуллахтын көңүлүн алууну каалашчу”. "Расулуллахтын жубайлары эки топко бөлүнүшчү. Биринчи топто мен, Хафса, Сафия жана Савда болчубуз. Экинчи топто Умму Салама жана калган жубайлары эле. Экинчи топтогу аялдар Умму Саламаны Расулуллахка жиберип, Пайгамбарыбыз сахабаларына "Белек бергиси келген адам Мен кайсыл үйүмдө болсом, ошол жерге алып келсин”, - деп айтсынчы дейт. Умму Салама ушуну айтканда "Мени таарынтпагыла. Мага периште вахийди бир гана Айшанын үйүндө болгон убагымда алып келет”, - дейт. Умму Салама: "Эй, Расулуллах! Сизди таарынтып коюудан Аллах сактасын. Тообо кылдым”, - дейт. Ал аялдар кийин Хазрети Фатиманы да ошол өтүнүч менен жиберишет. Ошол учурда: "Эй, кызым! Менин жакшы көргөнүмдү (Айишаны) сен да жакшы көрбөйсүңбү?”депбуюрду. Фатима (радыяллаху анха): "Ооба”, - деп жооп берет. Пайгамбарыбыз: "Андай болсо аны жакшы көр”, - деп буюрду”.

Жувайрия (радыяллаху анха)

Бани Мусталак уруусунун башчысы болгон Харистин кызы болчу. Хижраттын 5-жылы болгон "Мурайси” согушунда туткунга түшөт. Аталаш агасынын баласы болгон күйөөсү согушта өлтүрүлөт. Өзү 20 жашта, өтө сулуу болчу. Жувайрияны сатууга алып чыкканда атасы аны сатып алуу үчүн Мединага бир нече төө алып келет. Эки жакшы төөсүн кыйбай, шаардын сыртында бир жерге жашырып коёт. Расулуллах алейхиссалам: "Баягы жерге жашырып койгон эки төөңдү да алып кел” - дейт. Бул мужизага таң калган Харис эки баласы жана көптөгөн адамдары менен бирге ыйман келтирет. Расул алейхиссалам төөлөрүн алып, кызын кайтарып берет. Ошол кезде кыз да ыйман келтирген болчу. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) Жувайрияны атасынан сурап, никесин кыйдырат. Жувайрия (радыяллаху анха) хижраттын 56-жылы (м.675) кайтыш болгон.

Савда (радыяллаху анха)

Савда бинти Зам’а – Расулуллахтын жубайы. Күйөөсү менен бирге ыйманга келип, Хабашистанга көчүп барышкан эле. Меккеге кайтып келишкенде күйөөсү кайтыш болот. Расулуллах алгач Айшаны анан Савданы никесине алган. Хазрети Умардын халифалыгы кезинде дүйнөдөн кайткан.

Умму Хабиба (радыяллаху анха)

Ал Абу Суфян бин Харб бин Умаянын кызы эле. Хазрети Муавиянын карындашы. Апасы Хинд болгон. Күйөөсү Убайдуллах бин Жахш менен бирге мусулман болуп, Хабашистанга хижрат кылган эле. Күйөөсү ошол жердеги попторго алданып калып, динден чыккан. Кийин кайтыш болду. Умму Хабиба жалгыз калат. Жокчулукка дуушар болсо да "Расулуллахтын дининен айрылбаймын”, - деп айткан. Расулуллах аны кубантуу үчүн аны никесине алууну каалады. Нажашиге, б.а., Хабаш султанына кат жазат. Нажаши никесин кыйдырып, Умму Хабиба энебизди Мединага жиберет. Атасы Абу Суфян ал кезде али ыйман келтирген эмес болчу. Меккенин капырларынын башчысы эле. Кийин Абу Суфян, жубайы Хинд жана Умму Хабибанын бир тууганы Муавия (радыяллаху анхум) ыйман келтирип, Исламиятты кабыл кылышкан.

Абу Суфян бин Харб Таиф согушунда чоң каармандык көрсөткөн. Бир көзүнөн айрылат. Ошондо Расулуллах: "Эй, Аба Суфян! Кай бирин каалайсың? Эгер кааласаң дуба окуюн, көзүң ордуна келсин, эгер кааласаң Аллаху таала Бейиште бир көз берсин”, - дейт, Абу Суфян: "Эй, Расулуллах, Бейиште бериле турганын каалайм”, - дейт да, колунда кармап турган көзүн ыргытып жиберет. Абу Суфян Йармук согушунда да чоң каармандык көрсөтөт. Экинчи көзүнөн да айрылып, ошол согушта шейит болгон. Умму Хабиба 44-жылы (м.664) Мединада кайтыш болгон. (Хабаш бийлөөчүлөрү "Нажаши” (Негус) деп аталчу. Ошол кездеги нажашинин аты Асхама болуп, мусулман болгон эле).

Умму Салама (радыяллаху анха)

Чыныгы аты Хинд эле. Күйөөсү Абу Салама экөө Хабашистанга алгачкылардан болуп хижрат кылган. Абу Салама – Расулуллахтын тай эжеси Барранын уулу Убайдуллах бин Жахштын бир тууганы эле. Ал Мединада Ухуд согушунда алган жаракатынан кайтыш болгон. Умму Салама Абу Бакр менен Умардын никелешүү талаптарын кабыл албайт. Расулуллах менен никелешүү бакытына ээ болот. Х.59 (м.678) жылы Мединада 84 жашында кайтыш болгон. Пайгамбарыбыздын жубайларынын арасында эң акыркы кайтыш болгон энебиз ушул киши эле.  

Зейнеп бинти Жахш (радыяллаху анха)

Ал – Расулуллахтын таежеси болгон Умайманын кызы, Абдуллах бин Жахштын карындашы эле. Атасынын аты – Бурра. Исламды кабылдабагандыктан "Жахш” деп аталды. Зейнеп алгачкы ыйман келтиргендердин бири. Расулуллах алгач аны баласы сыяктуу болгон Зейд бин Хариса менен никелейт. Зейд Зейнептин укугун орундай албай турган болгондуктан экөө хижраттын 3-жылы ажырашат. Кийин Расулуллахтын өзү аны никесине алууну каалайт. Зейнеп аны укканда кубанганынан эки рекет намаз окуду. "Йа, Раббим! Сенин Расулуң мени каалайт. Эгер аны мени менен никесин жазсаң, мени ага Сен бер”, - деп дуба кылат. Дубасы кабыл болуп, "Азхаб” сүрөсүнүн: "Зейд аны менен ажырашкандан кийин биз аны сага жубай кылдык”, - деген 37-аяты түштү. Зейнептин никеси Аллах тарабынан кыйылгандыктан Расулуллах нике жөрөлгөсүн кылган жок. Хазрети Зейнеп (радыяллаху анха) ошол тууралуу ар дайым сыймыктанып, "Ар бир кызды атасы никелейт. Ал эми мени болсо Раббимдин өзү никеледи”, - деп айтчу эле. Ал кезде 38 жашта эле. Хижраттын 20-жылы 53 жашында кайтыш болгон. Кайрымдуулук иштерин, садага берүүнү жакшы көрчү. Кол өнөрчүлүктө кыйын эле. Жасаган нерселери жана колуна түшкөн нерселерин баарын туугандарына жана кедейлерге таратчу. Халифа Умар (радыяллаху анх) Пайгамбарыбыздын жубайларынын ар бирине он эки миң дирхамдан берчү эле. Ал болсо буларды алар замат баарын садага кылып берчү. Расулуллахтын өзүнөн кийин алгач кайтыш болгон жубайы болчу. Хазрети Айша Зейнеп энебизди көп мактаган. "Жубайларымдын арасында мага эң алгач жете турганы колу ачык (жоомарт) болгон жубайым”, - деген хадиси шариф аны биринчи болуп кайтыш боло тургандыгынан кабар берген. Анткени, эң көп садага берген жубайы ошол болчу.

Француз акыны Вольтер Расулуллахтын (алейхиссалам) Хазрети Зейнеп энебиз менен болгон никелешүүсүн чындыкка терс сүрөттөп, жалааларга толгон музыкалык пъеса жазган. Чыгармачыга, адабиятчыга жарашпаган ошол ишке ашпай турган чыгармасы Вольтерди өз убагында "динден безген” деп айыптаган папага жагып, ал ага мактоо кат жазат. Мусулмандардын халифасы султан экинчи Абдулхамид Хан бул пъесанын сахнага коюла тургандыгын угуп, Франция жана Англия өкмөттөрүнө шарт коюу (ультиматум) аркылуу коюлуусун алдын алат. Ошентип, ал бүткүл адамзатты адам уяла турган намыссыздыктан куткарган.

Зейнеп бинти Хузайма (радыяллаху анха)

Ал көп ибадат кылып, көп садага берчү. Мурун Абдуллах бин Жахштын аялы болгон. Абдуллах – Расулуллахтын тай эжеси Умайманын баласы болуп, Ухуд согушунда шейит болгон. Зейнеп Расулуллах менен никелешүү бактысына ээ болгондон кийин сегиз ай өтүп кайтыш болгон.

Хафса (радыяллаху анха)

Ал – Хазрети Умардын кызы. Күйөөсү экөө Хабашстанга жана Мединага мусулмандар менен бирге хижрат кылган. Алгачкы күйөөсү Хунйас бин Хузафа Бадр согушуна катышкан. Кийин кайтыш болгон. Хижраттан эки жарым жыл кийин Расулуллах менен никелешет. Х.45 (м.665) жылы алтымыш жашында кайтыш болгон.

Маймуна (радыяллаху анха)

Чыныгы аты – Бирра, Пайгамбарыбыз аны Маймуне деп атады. Хайбар шаары алынгандан кийин Меккеге умрага барган кезде Маймуненин күйөөсү кайтыш болот. Ага Расулуллах менен никелешүү мартабасы насип болду. 53 жылы (м.673) Меккеде ооруп калат.  "Мени Меккеден чыкаргыла! Анткени, Расулуллах мени Меккенин сыртында дүйнөдөн кайтаарымды айткан”, -  дейт. Шаардан чыгарылгандан кийин, Расулуллах менен никеси кыйылган жерде кайтыш болгон.

Сафийа (радыяллаху анха)

Хайбар яхудилеринин башчысы Хуай ибни Ахтабдын кызы. Хайбардагы бир яхуди менен кудалашып коюлган эле. Кийин өтө бай адам Кенан бин Хакикке турмушка чыкты. Хижраттын 7-жылы Хайбар шаары согуштун натыйжасында мусулмандардын колуна өткөндө Сафийа да туткунга түштү. Пайгамбарыбыздын ырайымы менен туткундан бошотулду. Ыйман келтирип, Расулуллах менен никеленди. Хижраттын 50 (м.670) жылы Мединада кайтыш болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш