"Тирмизи" хадис китебиндеги ушул маалыматтар сахаба
Зейд бин Эркамдан алынган. Хадиси шарифте: "Силерге эки нерсени
калтырамын. Аларга бекем кармансаңар, менден кийин туура жолдо каласыңар.
Биринчиси экенчисинен артык. Ал – Аллахтын китеби. Экинчиси – ахли бейтим.
Кыяматта Хавуз башында мага жеткенге чейин бул экөө бири-биринен
айрылбайт", - деп айтылган. "Бири-биринен айрылбайт" деген
сөз – Курани каримди карманган адамдын ахли бейтти жакшы көрүүсү, урматтоосу
керек дегенди билдирет. Ахли бейтти кармануу – аларды сүйүү дегенди билдирет.
Бул - Курани каримге моюн сунуу канчалык сооп болсо, ахли бейтти жакшы көрүү да
ошончолук сооп экенин билдирет. Ахли сүннөт ишениминде болгон бир мусулман ахли
бейтти да, асхабы кирамдын бардыгын жакшы көрөт.
Бир хадиси
шарифте: "Менин урпактарыма тил тийгизип мени таарынткандарга
Аллаху таала өтө катуу азап берет", - деп билдирилген.
Дагы бир
хадиси шарифте: "Силердин эң жакшыңар – менден кийин ахли бейтиме
жакшылык кылганыңар", - деп буюрулган.
Хазрети Али
риваят кылган эки хадиси шарифте: "Ахли бейтиме тийишкен адамга
кыямат күнү анын азабы жеткиликтүү болот" жана "Сырат
көпүрөсүнөн эң оңой өтө турганыңар – ахли бейтиме жана сахабаларыма өзгөчө
махабат менен урмат көрсөткөнүңөр", - деп айтылган.
Али (радыяллаху
анх)
Ал –
Расулуллахтын аталаш агасы Абу Талибдин уулу. Ислам халифаларынын жана Бейиш
менен сүйүнчүлөнгөн он адамдын төртүнчүсү. Расулуллахтын күйөө баласы. Ахли
бейттин биринчиси. Хижраттан 23 жыл мурда Меккеде туулган. Он жашында ыйман
келтирген. Бардык согуштарга катышып, эрдик көрсөткөн. Бир гана Ухуд согушунда
эле он алты жеринен жаракат алган. 35-жылы Зулхижжа айында халифа болгон.
40-жылы (м.660) 17-Рамазанда Жума күнү таңкы намазга бара жатканда Абдуррахман
ибн Мулжам деген харижит кылыч менен чаап, шейит кылган. Куфада, б.а., азыр
Нажаф деп аталган жерде көмүлгөн. Буудай өңдүү, узун бойлуу, жылуу жүздүү, кара
көздүү, келбеттүү жана ири денелүү эле. Соңку маалдарда чачы менен сакалы аппак
куудай агарып кеткен эле. Олуялардын улуусу, олуялык жолдун башчысы болгон.
Фатима (радыяллаху
анха)
Расулуллахтын
төртүнчү кызы. Хазрети Алинин жубайы жана Хазрети Умардын кайын энеси. Никеси
кыйылганда 15 жашта эле. Ал эми Хазрети Али ал кезде 21 жашта эле. Ак жүздүү,
сулуу кыз эле. Хижраттан он үч жыл мурда Меккеде туулган. 11-жылы 24 жашында
кайтыш болгон. Хасан, Хусейн жана Мухсин деген үч уулу жана Умму Гүлсүм, Зейнеп
аттуу эки кызы болгон. Расулуллахтын урпактары Фатима энебизден тараган.
Хасан (радыяллаху
анх)
Ал –
Расулуллахтын кызы Хазрети Фатиманын уулу. Ак жуумал, көркөм келбеттүү эле.
Жүзү Расулуллахтын жүзүнө окшош жети адамдын бири болчу. Расулуллахка аябай
окшош эле. Он эки имамдын экинчиси, Ислам халифаларынын бешинчиси. Хижраттын
үчүнчү жылы Мединада туулуп, 49 жылы Мединада кайтыш болгон. Атасы Хазрети Али
шейит болгондон кийин 40 жылы Куфада халифа болуп шайланга эле. Куфа, Басра,
Ирак, Хорасан, Мекке, Медина, Хижаз жана Йеменге халифа болгон. Калган жерлер
Хазрети Муавиянын колунда эле. Жети айдан кийин Багдадга жакын Анбар деген
жерде экөөнүн аскери согушууга даяр турган кезде мусулмандардын каны төгүлбөсүн
деп, халифалыкты Хазрети Муавияга өткөрүп берет. Мединага кайра барып өмүрүн
аягына чейин ошол жерде жашайт. Анын урпактары "шариф" деп
аталат.
Бухари жана Муслим хадис
китептеринде Бара риваят (накыл) кылган хадиси шарифте Расулуллахтын Хазрети
Хасанды алдына отургузуп: "Йа, Раббим! Мен муну жакшы көрөм. Сен
дагы жакшы көрө көр!" - деп
айтканы билдирилген.
Бухариде
келген, Абу Бакр накл кылган хадиси шарифте: Расул алейхиссалам минбарга чыккан
эле. Хазрети Хасан колунда болчу. Бизди бир, Хасанды бир карап: "Бул
менин уулум Сеййид. Аллаху таала балким бул аркылуу эки мусулман аскеринин
арасында ынтымак орнотот", - деп буюрду.
Тирмизиде
келген хадиси шарифте Усама бин Зейд айтат: Расулуллах алейхиссалам Хасан менен
Хусейнди тизесине отургузуп: "Бул экөө менин балдарым жана
кызымдын балдары. Йа, Раббим! Мен бул экөөнү жакшы көрөм. Сен дагы жакшы көрө
көр. Буларды жакшы көргөндөрдү да жакшы көрө көр!"- деп буюрду.
Хусейн (радыяллаху
анх)
Ал –
Расулуллахтын небереси, Хазрети Алинин экинчи уулу. Он эки имамдын үчүнчүсү,
ахли бейттин бешинчиси. Анын урпактары "Сеййид" деп
аталат.
Хижраттын
6-жылы туулуп, 61 (м.680) жылы Мухаррем айынын 10-да Кербелада шейит болгон.
Башы Мысырдагы Карафа кабрыстанында. Расулуллахтын сүйүктүү небереси
болгондуктан сүнни мусулмандардын да сүйүктүүсү. Шииттер аны Алинин уулу
болгондугу үчүн сүйөбүз деп 10-Мухаррем күнү аза күтүшөт. Исламда аза күтүү
деген нерсе жок. Алардын ахли бейт жана он эки имам менен эч кандай байланышы
жок экендиги байкалат. Анткени, аларды чынында сүйүп, жолун кармангандар – ахли
сүннөт ишениминдегилер. Хадиси шарифте "Хасан менен Хусейн – Бейиш
жаштарынын эң улуулары", - деп
айтылган.