Асыл ысымы - Абдуллах бин Абу Кухафа бин Амир бин Амр
бин Кааб бин Саад бин Тайм бин Мурра. Эң алгач ыйман келтирген эркектердин
бири. Ал ири соодагер болчу, мал-мүлкүн, бардык дүнүйөсүн пайгамбарыбыз
Мухаммед алейхиссаламга арнады. Алар бала кездеринен эле жакын
дос болушкан. Ал - мусулмандардын алгачкы халифасы. Расулуллах (саллаллаху
алейхи васаллам) кайтыш болгондон кийин Мекке, Медина жана
Таифтен сырткары бүткүл Арабстан динден кайтты. Халифа Абу Бакр
Сыддык алгач Мединага жакын болгон төрт кабилага (урууга) аскер
жиберип, баш ийдирди. Андан кийин он бир элге аскер жиберди. Хазрети
Икрима жетектеген аскер Йамамада жалганчы пайгамбар Мусайламанын
кырк миң аскерине каршы туруштук бере албады. Халифа Абу Бакр Сыддык
Халид бин Валидди көмөккө жиберди. Халид бин Валид Талиха, Сужах жана Малик бин
Нувайраны жеңип, Мединага кайтат. Йамамада да чоң жеңишке жетти. 20 000
муртадды (динден кайткан капырды) өлтүрөт. Эки миңге жакын мусулман шейит
болот. Хазрети Амр бин Ас Хузаа уруусун ыйманга келтирет. Хазрети Ала
бин Хадреми Бахрейнде согушуп, капырларды талкалады. Хузайфа, Арфажа жана
Икрима (радиаллаху анхум) Умман менен Бахрейнде биригип,
муртаддарды жеңишти. Алар он миң капырды өлтүрүшөт. Халифа Халид бин Валидди
Ирак тарапка жиберет. Хирадан жүз миң алтын жизйа алат. (Жизйа -
мусулман болбогондордон алына турчу салык.) Хурмуз жетектеген Иран
аскерин кырат. Басрада отуз миң адамдан турган аскерди жеңет. Көмөккө келген
чоң аскерден жетимиш миң капыр өлтүрүлгөн. Андан кийин чоң жеңиштер менен
чоң шаарларды алышат. Халифа Мединада аскер жыйнап, Абу
Убайда жетектеген аскерди Шам тарапка, Амр ибн Асты
Палетинага жиберет. Кийин Йазид бин Абу Суфиянды Шамга көмөккө
жиберет. Дагы аскер жыйнап, Муавия жетектеген колду тууганы Йазидге
көмөккө жөнөтөт. Халид бин Валидге Ирактан Шамга баруусун буюрат. Халид
аскердин бир бөлүгүн Мусаннага калтырып, чоң жеңиштер менен Сирияга барат.
Ислам аскерлери биригип, Ажнадайнда чоң грек аскерин жеңет. Андан кийин Йармукта
46 миң Ислам аскери Византия королу Гераклдын 240 миң аскери менен болгон көпкө
созулган согушта жеңишке жетет. 100 миңден ашуун
грек аскерлери өлтүрүлөт. Үч миң мусулман аскери шейит болот. Бул
согушка мусулман аялдар да катышкан эле. Аскер башчы Халид бин Валид
менен түмөнбашы Икриманын таң калардык каармандыктары көрүлгөн. Бул
жеңиштердин бардыгы Абу Бакр Сыддыктын эр
жүрөктүүлүгү, даанышмандыгы, мыкты башкаруучулугу жана берекети
аркылуу жүзөгө ашкан. Йармук согушу жүрүп жаткан кезде Абу Бакр Сыддык
Мединада кайтыш болду.
Абу Бакр
Сыддык – ашара-и мубашшаранын эң алгачкысы. Пайгамбарлардан кийин адамзат
ичинде эң улуусу. Бардык согуштарга катышты. Аяттар менен макталды. Ал Курани
каримди алгачкы жолу китеп ирээтинде жыйнатты. Хижраттын он
үчүнчү жылы, азыркы жыл саноо болюнча 634-жылы Жамазил-ахир
айынын 28инде шейшемби күнү түнү 63 жашында кайтыш болду.
Расулуллахтын жанына жерге коюлган. Ак жуумал, көздөрү
чуңкурча, жылуу жүздүү, бетинде сакалы сейрек эле.
Хадиси
шарифтерде мындай билдирилет: "Абу Бакр Сыддык – Адамзаттын
эң жогоркусу жана эң жакшысы. Бирок, ал пайгамбар эмес”.
"Абу
Бакрдын аты көктө да, жерде да атик (б.а., эң жакшы, эң сонун)”.
"Абу
Бакр - Аллаху тааланын оттон азат кылган адамы”.
"Пайгамбарлардан башка Абу
Бакрдан да башка жогорку даражалуу адамдын үстүнө күн чыккан эмес”.
"Мага
эч ким мажлиси жана мал-дүйнөсү жагынан Абу Бакрдай пайдалуу
болгон эмес. Эгер Раббимден башкасы менен дос боло турган болсом Абу
Бакр менен дос болор элем”.
"Үммөтүмдүн
ичинен эң биринчи болуп Бейишке Абу Бакр кирет”. "Абу Бакрди сүйүү жана
ага мактоо айтуу - үммөтүмдүн баарына важиб”.
"Кыямат
күнү адамдардын бардыгы суракка тартылат. Бир гана Абу Бакр суракка
тартылбайт”.
Бир
хадисте: "Үч жүз алтымыш жакшы мүнөз бар. Аллаху таала кааласа бир
кулуна ошол мүнөздөрдүн баарын берет. Ошол мүнөзүнө байланыштуу
аны Жаннатка киргизет”, - деп айтылганда, Абу
Бакр: "Эй, Расулуллах! Ошол мүнөздөрдүн бирөө менде барбы?”
- деп сураганда, "Ооба, ал мүнөздөрдүн баары сенде бар”, - деп
жооп берет Пайгамбарыбыз.
Бир күнү: "Эй,
ыраазы болгон напси!..”, - деген аят аягына чейин
окулат. Хазрети Абу Бакр (радиаллаху анх): "Йа, Расулуллах!
Бул кандай керемет нерсе!” - дейт. Ошондо, Расулуллах: "Сен
өлгөндө периште сага ушундай дейт”, - деп буюрду.
Бир күнү Абу
Бакр бир сахабиге таарынып калат. Расул алейхиссалам муну угуп калып,
сахабаларын жыйнады: "Аллаху таала мени
силерге пайгамбар кылып жиберди, силер ишенбедиңер. Бир гана Абу Бакр
ишенди. Мага бардык нерсеси менен жардам берди. Мен үчүн бул досумду
таарынтпагыла”, - деп айтат. Мындан кийин эч ким аны
таарынта турган сөз айтпады жана таарынта турга бир иш кылбады.
Бир хадиси
шарифте: "Жабраил алейхиссаламдан Хазрети Умардын артыкчылыктары
тууралуу сурадым. Жабраил мага Умардын артыкчылыктарын Нух алейхиссаламдын
пайгамбарлыгы мөөнөтү боюнча (950 жыл) айтсам да бүтүрө
албайм. Ушуну менен катар, Умардын бардык жакшылыктары Абу Бакрдын
жакшылыктарынын бирөөнө гана барабар”, - деп айтылган.
"Эң көп
кимди сүйөсүз, эй, Расулуллах?” - деп суралганда, Пайгамбарыбыз: "Айшаны”,
- деп жооп берет. "Эркектерден кимди?” - дегенде: "Айшанын
атасын”, - деп жооп берген. "Андан кийин кимди?” -
делгенде: "Умар бин Хаттабды”, - деп айтты. Бир күнү
Хазрети Абу Бакр менен Хазрети Умарды көрсөтүп: "Бул экөө Жаннатта
пайгамбарлардан башка бүткүл адамдардын эң улуулары болот”, - деп
айтты. Бир кезде Расулуллахтын оң жагына Абу Бакр, сол жагына Умар келет.
Пайгамбарыбыз алардын колунан кармап, мечитке кирет да: "Кыямат
күнү үчөөбүз ушундай келебиз”, - деди.
Бир күнү
Расулуллах Абу Бакр менен Умарды көрүп: "Бул экөө менин көзүм
менен кулагым”, - деди.
Ал экөөнө:
"Мени силер экөөңөр менен кубаттандырган Аллаху таалага хамд (моктоо) болсун”,
- деди. Ошондой эле, бир хадиси шарифте: "Экөөңөр келишкен
нерселерде силерден айрылбайм”, - делген.
Дагы биринде: "Ар
бир пайгамбардын жакын досу болот. Менин жакын досум Абу Бакр”, "Ар бир
пайгамбардын үммөтү арасында өзгөчө сүйгөн адамдары болот. Менин тандоом – Абу
Бакр жана Умар”, "Үммөтүмдөн ла илаха иллаллах келимесин айтууну талап
кылганым сыяктуу Абу Бакр жана Умарды сүйүшүңөрдү да талап кыламын”, "Абу
Бакр жана Умарды сүйүү – ыймандан. Аларга душман болуу - куфур”, - деген
хадиси шарифтер бар.
Жогорудагы
хадиске байланыштуу бардык аалымдар Абу Бакр менен Умарга акаарат кылуу, аларга
душманчылык кылуу куфур боло тургандыгын бир добуштан айтышкан жана:
"Аллаху таала шииттерге лаанат кылсын”, - дешкен.
Бир
хадисте: "Абу Бакрдын ыйманы бүткүл адамзаттын ыйманынын
топтомунан да күчтүү”, - деп билдирилген.
Хазрети Али
(радыяллаху анх): "Кандай сооптуу иштерде биринчи болууга аракет кылсам
да, ар дайым Абу Бакрды алдымда көрдүм”, - деди. Дагы Хазрети Али айтты:
"Расулуллахтан кийин адамзаттын эң кайырлуусу Абу Бакр жана Умар. Бир
мусулмандын жүрөгүндө мага деген урмат жана Абу Бакр менен Умарга деген
душманчылык бирге тура албайт”. Хазрети Али ар хутбасында "Эй, Рабби!
Хулафа-и рашидинди (Төрт улуу халифа) багыштаганың сыяктуу бизди да багышта!” -
деп айтчу. Андан "хулафа-и рашидин ким?” - деп суралганда, көздөрүнөн жаш
куюлуп: "Алар мен сүйгөн адамдар Абу Бакр менен Умар”, - деп айткан.
Хазрети Умар
(радыяллаху анх) Сыддык тууралуу: "Абу Бакр биздин сеййидибиз –
улуубуз”, "Абу Бакрдын денесиндеги бир түк боло алсам кана!”,
"Бейиште ар дайым Абу Бакрды көрө турган болсом экен!”, "Эч бир
жакшылыкта мен Абу Бакрга жете албадым”, - деген. Жабраил алейхиссаламдын Расулуллах менен сүйлөшкөнүн жалгыз
гана Хазрети Абу Бакр уккан.