Ислам дини » Сахабалар » Төрт улуу халифа » Али бин Абу Талиб (радыяллаху анх)




Али бин Абу Талиб (радыяллаху анх)


Ал – Расулуллахтын аталаш агасы Абу Талибдин уулу. Ислам халифаларынын жана Бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он адамдын төртүнчүсү. Расулуллахтын күйөө баласы. Ахли бейттин биринчиси. Хижраттан 23 жыл мурда Меккеде туулган. Он жашында ыйман келтирген. Бардык согуштарда эрдик көрсөткөн. Бир гана Ухуд согушунда он алты жеринен жаракат алган эле. 35-жылы Зулхижжа айында халифа болгон. Х. 40-жылы (м.660) 17-Рамазанда Жума күнү таңкы намазга бара жатканда Абдуррахман ибн Мулжам деген харижит сектасынын мүчөсү тарабынан кылыч менен маңдайына урулуп, шейит кылынган. Куфада, б.а., азыр Нажаф деп аталган шаарда жерге коюлган. Буудай өңдүү, узун бойлуу, жылуу жүздүү чоң кара көздүү, кең денелүү, келбеттүү киши эле. Соңку убакыттарда чачы менен сакалы аппак куу болуп агарып кеткен эле. Олуялардын улуусу, олуялык жолунун жол башчысы. Бардык тарикаттарда олуялыктын марифаты жана фейзи, б.а., руханий илими Хазрети Алиден келет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш