Ислам дини » Сүннөт-бидат » Сооп багыштоо




Сооп багыштоо


Суроо: Ханафи мазхабындагы бир адам кылган ибадаттарынын сообун өлгөн жана тирүү адамдарга багыштай алабы?

Жооп

Ооба, багыштай алат. Ибадаттар үч түрдүү болот:

1 – Зекет, садага жана кафараттар сыяктуу бир гана мал-мүлк аркылуу орундалган ибадаттардын сообун өлүү жана тирүү баарына багыштоого болот.

2 – Ажылык сыяктуу дене аркылуу жана мал-мүлк аркылуу орундалган ибадаттардын дагы сообун багыштоо жаиз.

3 – Бир гана дене аркылуу орундалган намаз, орозо, тасбих, тахлил, тахмид жана Курани карим окуу, дуба кылуу сыяктуу ибадаттардын сообун багыштоо да жаиз. Бир адам кандайдыр бир ибадатты орундап жатканда же орундап бүтүп, мисалы, намаз, орозо, садага, Курани карим окуу, ажылык, умра, олуянын кабырын зыярат жана кайтыш болгон адамга кепин берүү сыяктуу ибадаттарды орундап жатып сообун өлүү жана тирүү, башкаларга хадия кылууга (белек кылууга, багыштоого) ниет кылса болот. (Атфал-ул муслимин)

Имам Шафии жана Имам Малик хазреттери: "Бир гана дене аркылуу орундалган ибадаттардын сооптору өлгөн кишиге хадия кылынбайт”, - деп айтышты. Бирок, кийин келген Шафии аалымдары: "Эй, Рабби! Окуганыман пайда болгон соопту өлгөндөргө васыл кыла көр (бере көр)!” деген сыяктуу дуба кылса васыл боло тургандыгы билдирилди.

Белгилүү болгондой, өлгөн адам үчүн Курани карим окулат. "Окулган Курандын сообу өлгөн адамга барбайт” дегендердин айткандары жаңылыш экени ачык айкын көрүнүп турат. Хадиси шарифте айтылды:

"Көрүстөндөн өтүп бараткан бир киши 11 Ихлас окуп, сообун кабырдагыларга багыштаса, өлгөндөрдүн саны канча болсо ошончо сооп берилет.” [И. Ахлагы]

Бир адам фарз болобу, нафил болобу кандайдыр бир ибадатты орундап жатып же орундап бүткөндөн кийин сообун өлгөн жана тирүү баарына багыштай алат.

Намаз, орозо, ажылык, садага, Курани карим окуу, олуянын кабырын зыярат, курмандык, зикир сыяктуу ибадаттардын соопторун башкаларга багыштай алат. Багыштаган адамдын өз сообу кемибейт жана бардык момундарга да сообу тийет. Тактап айтканда, багышталгандарга бөлүнбөй, ар бирине бирдей тийет.

Ар бир ибадаттын сообун Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын ыйык рухуна да багыштоого болот. Ибни Омар хазреттери Пайгамбарыбыз алейхиссалам үчүн умра кылган.

Ибн-ис Сарраж хазреттери да Расулуллах алейхиссалам үчүн он миңден көп хатим окуган жана ыйык рухуна курмандык чалган болчу. (Хидайа)

Ошентип, ар момун кылган ибадаттарынын соопторун алгач Пайгамбарыбыздын ыйык рухуна жана эне-атасына жана бардык момун мусулмандарга багыштоого тийиш! Сообу баарына тең тийет. Өзүнүн сообунан эч кемибейт.

Истигфар кылуу

Суроо: "Өлүүлөрүңөр үчүн истигфар кылгыла!” - деп айтылууда. Өлүүлөр үчүн кантип истигфар кылынат? Истигфар кылуу менен истигфар окуу бөлөк нерселерби?

Жооп: Ооба, бөлөк нерселер. Истигфар окуу "Астагфируллах” деп айтуу же истигфар дубасын окуу. Истигфар кылуу кайрымдуулук, жакшылык кылып, күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себепкер болуу дегендик. Сообу өлгөндөр үчүн деп курмандык чалуу, Куран окуу, мечит салуу жана суу чыгаруу сыяктуу кайрымдуулук иштерин кылуу же башкасына кылдыруу истигфар кылуу болот.

Бир киши: "Йа, Расулаллах, кайтыш болгон эне-атамдын күнөөлөрүнүн кечирилүүсү үчүн эмне кылышым керек?” – деп сурады. Ага: "Алар үчүн дуба кыл, Куран оку жана истигфар кыл!” – деп жооп берди. (Эй, Балам, Илмихали)

Күнөөгө себепкер болуу

Суроо: Бир аят жана бир хадисте: "Бирөө башка бирөөнүн күнөөсүнүн азабын тартпайт”, - деп айтылып жатканда башка бир хадисте: "Жамандыкка себепкер болгон адам ал жамандыкты кылгандын күнөөсүнүн азабын тартат”, - деп айтылууда. Бул бири-бирине кайчы эмеспи? Муну кандай түшүнсө болот?

Жооп: Бири-бирине кайчы эмес. Акыркы хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүчө:

"Динибизде бир "Сүннөтү хасана” чыгарган (жакшы бир жол ачкан) адам анын сообун жана аны менен амал кылгандардын сообун алат, ал жол менен кеткендердин сообунан да эч нерсе кемибейт. Кимде-ким динибизде бир "Сүннөтү саййиа” чыгарса (жаман бир жол ачса) анын күнөөсү жана ал жол менен кеткендердин күнөөлөрү да ага берилет. Ал жаман жол менен кеткендердин кунөөлөрүнөн да эч нерсе кемитилбейт”. (Муслим)

Бир ыйык хадисте жакшылыкка себепкер болгон адамдын сооп ала тургандыгы, жамандыкка себепкер болгон адамдын күнөө ала тургандыгы билдирилүүдө. Күнөөгө себепкер болгон адам өзүнүн күнөөсүнүн азабын тартат. Күнөө кылган адамдын күнөөсү кемибейт, анын күнөөсү башкасына жүктөлбөйт. Күнөөгө себепкер болгон адам дагы ошол эле күнөөгө орток болууда. Эч ким башка бирөөнүн күнөөсүнүн азабын тартпайт, ар бир адам кылган күнөөсүнүн азабын тартууда.

Муртад болуп өлсө

Суроо: Бир адам бизге дуба кылса, акыларын кечирип, соопторун багыштаса, кийин өзү муртад болуп өлсө, анын бизге багыштаган сооптору бизден кайра алынабы?

Жооп: Жок, кайра алынбайт.

Куран окуп багыштоо

Суроо: Окуган Курани каримди кимдерге багыштаган туура болот?

Жооп: Алгач Пайгамбарыбыз алейхиссаламга, башка пайгамбарларга, Ахли байтка, кутман сахабаларга, табииндерге, мазхаб имамдарыбызга, Силсилаи алиййага, машайыхы изамга жана бардык момундарга багыштап, белек кылган жакшыраак болот.

Сообун белек кылуу (багыштоо)

Суроо: Окуган дуба жана зикирлерибизден пайда болгон соопту бир адамга белек кылганыбыздан кийин башка адамга да белек кылсак болобу?

Жооп: Башка бирөөгө да белек кылууга болот, өлүү-тирүү дүнүйөдөгү бардык мусулмандарга белек кылса болот. Ар бир адамга өзгөчө белек кылууга болгону сыяктуу жалпы белек кылууга да болот. Белек кылган адамга ошол эле нерсени кайра белек кылууга болбойт. Мисалы, 70 миң тавхид келмесин окуду. Бул хатми тахлилди кайтыш болгон бирөөгө белек кылган болсо, кийин башка бирөө кайтыш болсо ага дагы багыштай алат. Анан башкалар да кайтыш болсо бардыгына бөлөк-бөлөк багыштай алат. Багышталган хатми тахлилди ошол эле кишилерге кайра экинчи жолу багыштай албайт. Анткени, мурда багыштаган болчу.  

Суроо: Мен Имам Раббани хазреттеринин ыйык Мектубат китебин окуп бүткөнүмөн кийин бир досума: "Окуганыман пайда болгон соопту сага багыштадым”, - деп айттым. Ал болсо: "Китеп окуу сообун багыштоо бидат болот”, - деди. Сооп багыштоо бидатпы?

Жооп:  Ар түрдүү соопту өлүк-тирүү бардык мусулмандарга багыштоого болот. Мисалы, берген зекетибиздин, кылган жакшылыгыбыздын, ажылык ибадатыбыздын, кармаган орозобуздун, чалган курмандыгыбыздын, окуган Курани каримибиздин сообун, башкача айтканда, булардан пайда болгон соопторду өлүк-тирүү бардык момундарга багыштай алабыз. Олуянын кабырын зыярат кылган бир адам зыяраттан пайда болгон соопту башка бирөөгө багыштай алат. Саламдашканда парз сообу пайда болот. Бул парз сообун да багыштай алат. Илим үйрөнүү үчүн китеп окусак пайда болгон соопту дагы башка бирөөнө багыштай алабыз. Бирөөнө ифтар тамагы берсек пайда болгон соопту да башка бирөөгө багыштай алабыз. Бир сөз менен айтканда, багышталбай турган сооптун өзү жок.

Сооп белек кылуу

Суроо: Кылган ибадаттарыбыздын соопторун кайтыш болгон жакындарыбызга багыштаганыбызда алар кабардар болуп, кубанышууда. Көзү тирүү болгон жакындарыбызга багыштаганыбызда алар мындан бейкабар болушууда. Андай болсо аларга сооп багыштабаш керекпи?  

Жооп: Көзү тирүү болсо да, кайтыш болгон болсо да бардык момундарга кылган ибадаттарыбыздын сообун багыштасак болот. Биздин сообубуздан бир да кемитилбестен аларга да ошончолук сооп барат. Кабыл болуусу үчүн алардын кабардар болуусу керек эмес. Башкача айтканда, кабарлары жок болсо деле ал сооптор алардын амал дептерине жазылат.

Бир момун ибадаттарынын соопторун өлүк-тирүү бардыгына багыштай алат. Өзүнүн сообунан бир да кемитилбейт. (Хидая)

Хатми тахлилдин өлүк-тирүү бардыгына пайдасы бар. (Мекатиб-и шарифа)

Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүчө:

"Өзү үчүн же башка бир мусулман үчүн 70 миң тавхид келмесин (хатми тахлил) окугандын күнөөлөрү кечирилет”. (Макамат-и Мазхариййа)

Соопторду багыштоо

Суроо: С. Эбедиййе китебинде: "Парз же напил бир ибадат кылынып жатканда же кылынгандан кийин, мисалы, намаз, орозо, кайыр-садага, хатми тахлил, Курани карим окуу, зикир, таваф, ажылык, умра, олуянын кабырын зыярат кылуу жана өлгөн адам үчүн кепиндик берүү сыяктуу ибадат менен тааттардын сообун тирүү же өлүк бирөөгө багыштоого болот”, - деп жазылууда. Фаидели Билгилер китебинде Фатава-йи Хиндиййа китебинен алынып: "Кылынган ибадаттын сообун башка бирөөгө багыштоо жаиз. Ошентип намаз, орозо, кайыр-садага, ажылык, Курани карим окуу, зикир чалуу жана пайгамбарлардын, шейиттердин, олуянын, салихтердин кабырларын зыярат кылуу, өлгөн адамга кепиндик берүү жана бардык жакшылыктардын соопторун багыштоого болот”, - деп жазылууда. Бул китептерде билдирилгендей, кылынган ибадат жана жакшылыктардын сообун ошондой айтып багыштасак болобу?

1 – Парз же напил, кырк жылдык окуган намаздарымдын жана кармаган орозомдун сообун багыштадым. Алган даараттарымдын соопторун багыштадым.

2 – Өткөн жылы кылган умрамдын сообун сага багыштадым.

3 – Индияга барганымда Имам Раббани хазреттеринин кабырын зыярат кылган элем. Пайда болгон соопту сага багыштадым.

4 – Кошунам каза болгондо ага жасаган кепиндиктен пайда болгон соопту сага багыштадым.

5 – Мен чыгарып берген суудан пайда болгон соопту сага багыштадым.

6 – Мектубат-и Раббани китебин окудум. Андан пайда болгон соопту сага багыштадым.

7 – Мен катышкан диний сукбаттардан пайда болгон соопту сага багыштадым.

Андан башка, Курани карим окуганда багышталган сыяктуу, булар үчүн дуба алуу максатында башкаларга берсем болобу?

Жооп: Жогоруда аталган ибадат жана тааттардын бардыгы өлүк же тирүү бир адамга же бардык мусулмандарга багыштоо жаиз. Бирок, буларды Курани карим сыяктуу дубаларынын кылынуусу максатында башкаларга берүү адат эмес. Көңүлдү тартчу нерселерден сактануу керек.

Өлгөн адам үчүн намаз окуу

Суроо: Намаз окуп, орозо кармап жатамын жана соопторун кайтыш болгон эне-атама багыштап жатамын. Бир молдоке "Бирөө башка бирөөнүн ордуна намаз окуй албайт, орозо кармай албайт” деген хадисти айтып: "Кылгандарың жаиз эмес”, - деп айтты. Молдокенин айтканы туурабы?

Жооп: Туура эмес. Ал хадиси шариф: "Ар бир адам өзүнө буйрук кылынган ибадатты жеке өзү орундоого тийиш. Бир адам башка бирөөнүн же эне-атасынын ордуна намаз окуса, орозо кармаса, эне-атасы намаз менен орозо карызынан кутула албайт”. Деген менен окуган намаздарынын жана кармаган орозолорунун сооптору эне-атасына тийет. Өздөрү кылгандай сооп алышат.(Бахр)

Бирөө: "Йа, Расулаллах, кайтыш болгон эне-атам үчүн эмне кыла алам?” – деп сураганда, Расулуллах (саллаллаху таала алейхи васаллам): "Алар үчүн намаз оку, орозо карма!” – деп жооп берген. (Радд-ул мухтар)

Кармалган орозонун, окулган намаздын сообу эне-атага багышталса сооптору аларга тийет. Кылынган ибадаттардын соопторун бардык мусулмандарга багыштоо керек. Өзүнүн соопторунан эч нерсе кемитилбейт. 

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде: