Ислам дини » Сүннөт-бидат » Селде ороо, сакал өстүрүү




Селде ороо, сакал өстүрүү


Суроо: Адаттарга байланыштуу сүннөттөрдү кылбоо күнөөбү?

ЖООП

Сүннөттөр адаттарга катыштуу болуп болбоо жагынан экиге бөлүнөт:

Суннат-и худа: азан, камат окуу сыяктуу Ислам дининин шиары (кооздугу). Башка диндерде жок.

Суннат-и заида: көптүк түрүндө суннат-и заваид деп аталат. Расулуллахтын турпаты, кийим кийүү шекили, тамактануу адеби, басып-туруу, жатуусу жана уктоосу, унаага минүүсү, бир ишти оңдон же солдон баштоосу, мубарек чачынын шекили, селде ороо шекили сыяктуу адаттары болуп саналат. (Хадика)

«Расулуллахтын адаттарга тийиштүү сүннөттөрүнө уйуу дагы чоң аброй жана сооп. Бирок, аны орундабоо күнөө эмес, жада калса, макрух дагы эмес. Мисалы, Пайгамбарыбыз төөгө минчү. Төөгө минбөө күнөө же макрух дагы эмес. Араптардын адаты катары мубарек томуктарына чейин узун көйнөк [антари] кийер эле». (Ибни Асакир)
Бүгүн араппыз деген адамдардын көбү антари кийишүүдө. Кыргызстанда бул салт-адат болбогондуктан эркектер антари көйнөк кийишпейт. Заида сүннөт болгондугу үчүн антари кийбөө күнөө же макрух эмес. Селде оронуп жүрүү дагы адат болгон. Арасындагы капырлары да селде оронуп жүрүшчү. Хадиси шарифте: «Селде - араптардын таажы», - деп айтылган. (Байхаки)

Сакал дагы адатка тийиштүү сүннөт. Капырлардан да сакалдуу болгондор бар эле. Бухари, Муслим, Насаи, Абу Давуд, Тирмизи риваят кылган «Сүннөт болгон он нерседен бири – сакал өстүрүү» деген хадиси шариф сакалдын сүннөт экендигин ачык түрдө билдирүүдө. Сакалдын бир тутамдан артыгын кесүү – сүннөт. Бир тутамдан кыска кылып жүрүү – сүннөткө каршы. Сүннөт деп бир тутамдан кыска өстүрүү – бидат. Ушундай бидат сакалды харам иш кылуудан кутулуу үчүн бир тутам өстүрүү – важиб [б.а., фарз.] (Радд-ул Мухтар)
Бахр-ур-раик китебинде: «Эркектер узарган чачтарын өрүүлөрү макрух болот. Себеби, өрүү кээ бир капырларга окшошуу болот», - деп жазылган. Демек, капырлардын адатына окшогондуктан тыюу салынган нерсени кылуу дагы арам эмес макрух болууда. Хадиси шарифтерде айтылган: «Мушриктерге окшобогула, мурутуңарды кскарткыла, сакалыңарды узарткыла.» [Насаи]

«Мажусилер муруттарын узартат, сакалдарын кыскартышат. Аларга каршылык кылып муруттарыңарды кыскарткыла, сакалыңарды узарткыла!» [И.Хиббан]

«Намазды налын менен кылгыла, яхудилерге окшобогула! [Хаким]
«Наалыны болбогон адам маасы кийсин!», [Муслим] [Наалын - басаношкага окшош бут кийим]
Бахр-ур-раиктан түшүндүрүүсүнө караганда бул хадиси шарифтер сакал кыруунун жана жылай аяк намаз окуунун макрух экендигин билдирүүдө. Дагы башка хадиси шарифтерде:

«Яхуди жана христиандар сакал боёшпойт. Аларга окшобогула, боёгула!» [Муслим]
«Чачтарыңарды кызыл же сарыга боёгула, ахли китабга каршы болгула!» [И.Ахмед]
Асхабы кирамдан кээ бирлери боёшту, кээ бирлери боёшподу.Себеби, бул адаттагы буйрукту жана тыйууну орундоо важиб эмес. Бул жерде ошол калаанын адатына уюлат. (Хадика)
Сахабалар сакал кырышчу эмес. Себеби, ошол кезде сакал өстүрүү араптарда адат болгон. Абу Жахил сыяктуу нечелеген капырлар да сакалдуу болушкан. [Эгер сакал жана селде адатка тийиштүү сүннөт болбой, суннат-и худа, б.а., Исламдын шиары болгондо мушриктер мусулмандарга окшобоо үчүн дароо селделерин чечип, сакалдарын кырышмак.
Сүннөт болгон сакалды менсинбеген адам ыймансыз болот. Жүзүн аялдар сыяктуу жалтыратуу, аялдарга окшоо үчүн сакалды кыруу – харам. Аялдарга окшоону ойлобостон жаш жана сулуу көрүнүү үчүн сакалды кыруу – макрух.(K.Саадат)
Заваид сүннөттөрдүн ачыкталуусу
Жогоруда сакал өстүрүүнүн заваид сүннөт экендигин билдирген элек. Хадиси шариф жана фыкых китептери сакал өстүрүүнүн сүннөт экендигин билдирип жатканда, важиб же Ибни Таймийа сыяктуу фарз деген адам сүннөткө жана жумхуру уламага каршы чыккан болот. Ыймансыздарга же аялдарга окшоо үчүн сакалды бир тутамдан кыска кылуу же кыруу – харам. Окшоо ниети болбостон, ошол мамлекеттин адатына моюн сунуу үчүн болсо макрух болот. Кыска сакалды сүннөт деп айтуу – бидат. Сүннөткө маани бербей менсинбесе ыймансыз болот. Сүннөттү кандайдыр бир үзүр, себеп менен калтыруу жаиз. Пайгамбарыбыз алейхиссалам поптор кийген бут кийимди да кийген. (Радд-ул Мухтар, Мавахиб)

Пайгамбарыбыз алейхиссалам узун антари кийип, шалбар жана панталон (шым) кийген эмес. Шалбар кийүү адатта бидат. Адатта бидатболгон нерсени кылуу болсо күнөө эмес. Самолетко отуруу дагы адатта бидат, күнөө эмес. Ушул үчүн адат болгон жерлерде ыймансыздардан келген болсо дагы аялдардын чаршаф жана эркектердин шым жана шалбар кийүүлөрү күнөө болбойт. Пайгамбарыбыз алейхиссалам кээде Рум, кээде арап кийимин кийчү. Тирмизи билдирген хадиси шарифте колдору тар Рум чапанын кийчү. (Мавахиб-и ладунниййа)

Кээ бирөөлөр накылга таянбастан сакал кыруу ыймансыздарга окшоп кала тургандыгы үчүн арам дешүүдө. Бул жаңылыш. Себеби: «Бир коомго окшогон адам ошолордон» деген хадиси шарифиндеги окшоо дегендик ибадаттарды окшоо дегендикти билдирет. Кийим, кебете кешпирге тийиштүү нерселер - адат. Ыплас болбогон адаттарда мусулман эместерге окшоо күнөө болбойт. Ибадатта мусулман эместерге окшоо кээ бир нерселерде макрух, кээ бир нерселерде харам, кээ бир нерселерде куфур болот. Мисалы, крест таккан адам ыймансыз болот. Бирок, мусулман болбогондор дагы кийген кийимди кийүү, чач узартуу, самолетко түшүү, столдо отуруп тамактануу, кашык-вилка колдонуу күнөө болбойт. Себеби, бул жерде адаттагы сүннөттөргө уюлбаган болот.

Заваид сүннөттөрдү кылбоо күнөө болбосо дагы муну өзгөртүп, аны сүннөт деп атоо бидат болот. Мисалы эч селде оронбогон, селде менен жүрбөгөн адам күнөө кылган болбойт. Бирок, сүннөт деп селденин эки учунан бирин оң далыга, тиги учун сол далыга же алды тарапка таштоо же Сүннөт деп кыска сакал коюу бидат болот.

«Мушриктерге окшобоо үчүн сакалыңарды узарткыла» деген хадиси шариф бар деп эле сакал өстүрбөгөн адамды мушрик деп айтууга болбойт. Мубах болгон адаттарда мусулман эместерге окшоонун эч кообу жок. (Хадика)

Заваид сүннөттү дагы жактырбаган жана мазактаган адам ыймансыз болот. Мисалы, бир адам: «Пайгамбарыбыз аялдар сыяктуу антари көйнөк киген эмес», - деп мазактаса ыйманын жоготот. Же сакалды жактырбаган же сүннөткө ылайык сакалы бар адамды мазактаган адам ыймансыз болот. Себеби, Пайгамбарыбыз алейхиссалам кылган иштерди, б.а., сүннөтүн жактырбаган болот. Аллаху таала бардык адамдардын улугу кылып жараткан жана ааламдарга ырайым катары жиберген Пайгамбарын жактырбоо Аллахты жактырбагандык болот. «Эмне үчүн мындай Пайгамбар жибердиң» дегендик болот. Аллахты да, Анын Расулун дагы жактырбаган адамдын ыймансыз боло тургандыгы айдан ачык.

Акыр заманда мусулмандардын фитнага себеп болбоо үчүн диндеринин зарылдыктарын жашыруун кылуулары буюрулган. Ошондуктан, дар-ул-харбда (мусулман эмес мамлекетте) же зулумдук көрбөө, нафака ырыскыдан куру калбоо, амри маруф кыла алуу, мусулмандарга жана Исламиятка кызмат кыла алуу, динин, намысы коргой алуу үчүн сакалын кыруу жаиз, жада калса, зарыл.

Имам Раббани хазреттери буюрууда:

«Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын мына ушундай адат иретинде кылган нерселерин кылбоо бидат эмес. Булар кылуу же кылбоо мамлекеттердин жана адамдардын салт-адаттарына байланыштуу болуу менен бирге алар диний өкүмдөр болуп эсептелбейт. Ар бир өлкөнүн салт-адаттары башка-башка. Жада калса, бир өлкөнүн адаты мезгили менен өзгөрөт. Ушу менен катар адатка катыштуу нерселерде дагы Расулуллахка моюн сунуу дүнүйө жана акыретте адамга көп нерсе пайдасы болуп, түрдүү саадаттарга жол ачат.»

Сакал кыруу жана фитна
СурооДинге кызмат үчүн, фитнага кедерги болуу үчүн сакалды кыруу жаиз делүүдө. Жаиз делип жатса дагы керек деп айтуу кантип жаиз болот?
ЖООП
Фитна деген эмне? Имам Биргиви, Мухаммед Хадими жана Абдулгани Наблуси хазреттери фитнаны «Мусулмандардын арасында бөлүүчүлүк кылуу, аларды кыйынчылыкка, зыянга, күнөөгө түртүү, адамдарды көтөрүлүшкө тукуруу»деп сыпатташкан. Фитнага себеп болуу харам. Сакал өстүрүү сүннөт. Харамга себеп болуу харам. Харам иш кылбоо үчүн сүннөт албетте ташталат. Себеби, динибиздин буйругу ушундай. Мекенге кызмат милдетин өтөө үчүн аскерге бара жатканда бир канча себептен улам чач жана сакалды кыруу шарты бар. Кеспесе эмне болот? Жазаланат, кандайдыр бир зыян табат. Аскерде катардагы аскер, офицер же кызматкер болуп кызмат өтөсө ал жердин эрежесине баш ийбегендиги үчүн албетте жазаландырылат. Болбоду дегенде ишинен айрылат, мунун өзү эле зыян болуп саналат. Жогорудагы дин улуктарынын сыпаттоолорунан зыянга учуроонун дагы фитна экендиги билинүүдө. Фитнага себеп болбоо үчүн сүннөттү таштоо жаиз болуу менен гана тим калбайт, важиб, жада калса, фарз болот.
Болгон окуя:
Сакалдуу жахил дин адамы намаз окуган бир офицерге аны мазактагансып: «Эмне үчүн сакал өстүрбөйсүң? Же эмне ырыскыңан коркуп жатасыңбы? Аллах башка жерден дагы сага ырыскы берет», - дейт. Офицер: «Ырыскыман корккон жерим жок. Мекенди, намысымды, динимди коргоо үчүн парз болгон илимдерди үйрөнүп, эмгек кылып, ыймансыздардан, дин жана мекен душмандарынан жогору болуу себептерин изденүүдөмүн. Дин жана мекен душмандары келип сенин сакалдарыңды бирден жулбоосу үчүн мен сакал койгонум жок», - деген экен.
Үйлөнүү дагы сүннөт. Бул сүннөттү дагы калтырган адам күнөө кылган болбойт. «Үйлөнбөгөн бизден эмес» деген хадиси шариф үйлөнбөгөн адамдын ыймансыз боло тургандыгын көрсөтпөйт. Үйлөнбөгөн сүннөтткө уйбаган болот. Үйлөнүү сүннөтүнө же сакал өстүрүү сүннөтүнө уйбаган күнөө кылган болуп саналбайт. Жада калса, мазхабсыз Юсуф Кардави дагы сакал темасында Ахли сүннөткө ылайып минтип жазууда: «Ибни Таймиййа: «Мушриктерге каршылык кылгыла, сакалыңарды узарткыла» деген хадис сакал кыруунун харам экендигин көрсөтүүдө», - деди. Фетхте Ийаддан алып макрух делди. Мубах дегендер да болду. Туурасы, хадис сакал узартуунун важиб экендигин көрсөтпөйт. «Йахуди жана Насара сакал боебойт. Силер аларга каршылык кылып боегула» деген хадисти карап сакал бойоонун важиб экендигин айткан аалым болбоду. Бул хадис мустахаб экендигин көрсөтүүдө. Салаф-и салихиндин мезгилинде сакал узартуу адат болчу. (Ал-халал вал-харам)

Сакалга баа бербеген адам ыймансыз болот. Жүзүн аял сыяктуу жылтыратуу, аялдарга окшоо үчүн сакал кыруу, ээктин алдын кырып, жаакта сакал калтыруу - харам. Себеби, аялдардын эркектерге жана эркектердин аялдарга окшоолору – харам. Аялдарга окшоону ойлобостон жаш жана сулуу көрүнүү үчүн сакал кыруунун макрух экендиги «Кимйа-и саадат» китебинде жазылуу. Кайталайбыз: Сүннөт менен харам же сакрух бир жерге келгенде харамды же макрухту кылбоо үчүн сүннөт ташталат.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан