Ислам дини » Сүннөт-бидат » Бидат деген эмне?




Бидат деген эмне?


Бидат - "сүннөткө (Мухаммед алейхиссаламдын билдирген динине) каршы келүүчү ишеним (ыйман), амал жана сөздөр” дегенди билдирет. Аллаху таала кулдарын өзүнө кулчулук кылыш үчүн жаратты. "Ибадат” – төмөндүк, кулдук дегенди билдирет. Б.а адамдын Раббисине, Жаратуусуна муктаждыгын, алсыздыгын, төмөндүгүн көрсөтүүсү. Бул да ар бир акыл, напси жана эреженин жакшы жана жаман деп кабыл кылганына эмес, бир гана Жаратуучусунун жакшы – жаман дегендерине сөзсүз моюн сунуу, Анын жиберген китеби жана пайгамбарларына ишенүү жана аларга моюн сунуу дегенди билдирет. Бир адам каалаган бир ишти аткарууда Аллахтын уруксат бергенин же бербегенин ойлобой, өз акылынын макулдугу менен аткарса, бул аракети Аллахка кулчулук кылбагандык, мусулманчылык милдетин орундабагандык болуп эсептелет. Эгерде бул кайдыгерлик ишеним маселесинде болсо, ыйман келтирүү бир добуштан бекитилген маселеде болсо, анда бул аракет "куфурга себеп боло турган бидат” болот. Бул иш ыйман маселесинде эмес, сөз менен иш жүзүндө болсо, фыск, чоң күнөө болот. Хадиси шарифте: "Кимде-ким динде болбогон нерсени динге аралаштырса, ал нерсе кабыл кылынбайт”, - деп билдирилген. Демек динде болбогон бир ишеним, бир иш, бир сөз же жагдай динге аралаштырылса жана ага дин-ибадат деп ишенилсе, Ислам дини билдирген нерселерге сырттан бир нерсе киргизилип же алынып ташталып бул амалдан сооп күтүлө турган болсо, бул жаңылыктар, өзгөрүштөрдүн бардыгы "бидат” болот. Булар кылынганда Исламга моюн сунулбаган жана ага ыйман келтирилбеген болот. Диндеги, ибадаттагы эмес, үрп-адаттагы жаңылыктар, б.а., кылууда сооп күтүлбөй турган өзгөрүштөр бидат болбойт. Мисалы, ичип-жегенде, унаада, имараттарда жасалган өзгөрүштөр жана жаңылыктарга динибиз каршы эмес. Ошол себептен столдо, бөлөк идиштер менен, кашык жана вилка менен тамак жеп-ичүү, машина айдоо, самолетто учуу, ар түрдү имарат, үй жана ашкана оокаттарын колдонуу жана бүткүл жаратылыш таануу илимдери жана куралдары динде бидат деп саналбайт. Аларды жасоого жана пайдалуу жерлерге колдонууга болот. Бул фарзы кифайа (жок дегенде элдин арасынан бир канчасынын алектеннүүсү фарз) болуп эсептелген сыяктуу. Мисалы, радиолорду, электрондук машинкаларды жасоого жана аларды ибадаттардын сыртында колдонууга болот. Микрофонду дүнүйөлүк иштерде пайдаланууга болот. Бирок, аны менен азан, Курани карим, мавлид окуу ибадатты өзгөртүү, бидат болот. Азандын алыстан угулуусу үчүн микрофон колдонбош керек, мечит куруп, ал жердеги азанчылар өз алдынча азан айтууга тийиш.

Сахабалардан Анас бин Малик (радиаллаху анх) бир күнү ыйлап отурган эле. Себебин сурагандарга: "Расулуллахтан үйрөнгөн ибадаттарымдын ичинде өзгөртүлбөгөн бир гана намаз калган эле. Эми анын да өзгөртүлүп жатканын көрүп ыйлап жатам”, - деп айтат. Б.а., "азыркы адамдардын көпчүлүгү намаздын шарттарын, важибдерин, сүннөт, мустахабтарын орундашпайт, макрух, муфсид, бидаттарынан сактанышпайт. Ошондуктан ыйлап жатам”, - деп айткан. Алар – пайгамбарлардын, олуялардын, салих (чыныгы) момундардын улуулугун түшүнбөгөндөр. Алардын жолун четке кагып, жеке көз караштары боюнча ибататтарды өзгөртүп жатышат. Анас бин Маликтин (радиаллаху анх) ыйлаганын себеби – намазга кошумчаларды киргизип, кээ бир жерлерин кыскартып, өзгөртүп жатышкандарды көргөндүктөн эле. Мына ошентип, сүннөт, б.а., Исламият өзгөртүлүүдө. Сүннөттү өзгөртүү – бидат.

Бир хадиси шарифте: "Бир үммөт, пайгамбары кайтыш болгондон кийин динде бидат жасай турган болсо, ага окшош бир сүннөт жок болот”, - деп билдирилген. Б.а., куфурга себеп болбой турган бидат жасалса, ошол сыяктуу бир сүннөт ташталган болот.

Дагы бир хадиси шарифте: "Бидатчы бидатын таштабаганча тообо кылууну Аллах ага насип кылбайт”, - деп билдирилген. Б.а., кимде-ким бир бидат чыгарса же болбосо башка бири тарабынан чыгарылган бидатты кылып жүрсө, бул бидатты туура деп эсептеп, андан сооп күтүп жүргөндүктөн тообо кыла албайт. Бул бидаттын зыянынан же куфурга себеп боло тургандыгынан эч кандай күнөөсүнө тообо кылуусу насип болбойт.

Бир хадиси шарифте: "Аллаху таала динде бидат болгон нерсени кылган адамды ошол бидатты Аллах ыраазычылыгы үчүн таштамайынча анын эч кандай амалын (ибадатын) кабыл кылбайт”, - деп билдирилген. Б.а., акыйдада (ишенимде), амалда (ибадатта), сөздө, ахлакта бидат нерселерди кылуудан тыйылбаган адамдын ошол бидаттагы ибадаттары туура болсо да кабыл болбойт. Ибадаттардын кабыл болушу үчүн бул бидатты Аллаху тааладан коркуп, андан сооп күтүп же Анын ыраазылыгына жетүү үчүн таштоо керек.

Бир хадиси шарифте: "Аллаху таала бидатчынын орозосун, ажылыгын, умрасын, жихадын, күнөөдөн баш тартуусун, адилеттүүлүгүн кабыл кылбайт. Камырдан кылдын оңой чыкканы сыяктуу ал Исламдан чыгат”, - деп айтылган. Б.а., ибадаты туура болсо да кабыл болбойт. Сооп жазылбайт. Себеби, куфурга себеп болбой турган бидатты ибадат деп эсептеп орундоодо. Ал эми куфурга себеп боло турган бидат ээсинин ибадаты ансыз деле сахих (туура) болбойт, фарз, нафил ибадаттарынын эч бири кабыл кылынбайт. Бидат напсини, шайтанды ээрчип аткарыла тургандыктан аны жасаган адам Аллаху тааланын буйруктарына жана Исламга моюн сунуудан чыгат. Ыйман жүрөк менен болот. Ислам жүрөк жана тил менен болот. Ыйман жүрөккө таандык. Ал эми, Ислам жүрөк, тил жана дененин бардыгын камтыйт. Жүрөктөгү ыйман менен жүрөктөгү Ислам бирдей нерсе. Бидатчыны таштап кете турган Ислам – тил жана дене мүчөлөрдөгү Ислам. Бидат жолуна түшкөн адам напси менен шайтандын жолуна түшүп, аларга моюн сунат. Динге эч кандай өзгөртүү киргизбей, аны кандай болсо ошондой кабылдаганы менен буйруктарын орундоодо жалкоолук кылып, күнөө кылган адам бир гана фасык, б.а күнөөкөр болот, ал "бидатчы” же "бидат ээси” деп аталбайт. Ал эми, динге жаңыча бир нерсени киргизген же кээ бир ибадаттарды өз акылы менен кыскарткан, динден чыгарып таштаган адамдар фасык да, бидатчы да болот. Ушундай бидат жолунун өкүлү бул бидатын ибадат деп эсептейт, андан сооп күтөт. Ошондуктан, ушул бидаты хадисте айтылгандай туура кылынган ибадаттардын кабыл болушуна да тоскоол болот. Бидатчы эместердин ибадаттан сырткары кылган күнөөлөрү башка ибадаттарынын кабыл болушуна тоскоол болбойт.

Дагы бир хадиси шарифте: "Менден кийин үммөтүмдүн ичинде бөлүнүүлөр пайда болот. Ал кездегилер менин сүннөтүмө жана рашид халифалардын сүннөтүнө баш ийсин! Динде пайда болгон (бидат) нерселерден алыс турсун! Динде жасалган ар бир (жаңылык) өзгөрүш бидат болот. Бидаттын баары адашуучулук. Жолдон адашкандардын барар жери – Тозоктун оту”, - деп кабар берилген. Бул хадис Ислам үммөтүнүн ичине фитна (бүлүк) түшө турганынан, топторго бөлүнүп кете турганынан кабар берет. Алардын ичинде Расулуллахтын жана анын төрт халифасынын жолунда болгон жамаатты ээрчигиле деп айтат. Сүннөт – Расулуллахтын сөздөрү, бардык ибадаттары, иштери, ишеними, кулк-мүнөзү жана бир нерсени көргөндө ага тыюу салбашы.                             

Хадиси шарифте: "Үммөтүмдүн арасында фитне-фасат тараган кезде менин сүннөтүмө жармашкан адамдарга жүз шейиттин сообу берилет!” - деп кабар берилген. "Б.а., адамдар напсин, бидаттарды жана өз акылын ээрчип, Исламдын сыртына чыккан кезде менин сүннөтүмдү карманган адамга кыямат күнү жүз шейиттин сообу берилет. Себеби, фитне-фасат тараганда, динде чындык менен жалган нерсе аралашып кеткен кезде, Исламды кармануу – капырлар менен согушуу сыяктуу оор иш”, - деп айтылат.

Дагы бир хадиси шарифте: "Ислам гарип (эч кимисиз, көмөкчүсүз) болуп башталды. Соңунда да гарип болуп калат. Ошол гарип адамдарга сүйүнчүлөр болсун! Алар адамдар бузган сүннөтүмдү оңдошот”, - деп билдирилген. Б.а., "Исламдын алгачкы жылдарында көпчүлүк элдер мусулманчылыкты билбегени үчүн аны мазакташкан. Акыр заманда да динди билгендер азаят. Алар менден кийин өзгөртүлгөн сүннөтүмдү бидаттардан тазалашат. Бул максатта амри маруф жана нахйи анил мункар кылышат. Сүннөттү, б.а., Исламды карманууда башкаларга үлгү болушат. Ислам илимдерин туура жазып, китептерин таратуу менен алектенишет. Аларды тыңдай тургандар аз, каршы чыга тургандар көп болот. Ошол замандарда көпчүлүк сүйгөн дин адамдары – чындыктын арасына жаңылыштарды да аралаштырып сүйлөгөн, адамдарга напсине жаккан нерселерди айта турган адам болот. Анкени, бир гана чындыкты жана туура нерселерди айткандын душманы көп болот”.

Бир хадиси шарифте: "Исраил уулдары 72 топко бөлүндү. Менин үммөтүм дагы 73 топко бөлүнөт. Алардын 72си отто күйөт, бирөө гана кутулат. Алар – менин жана сахабаларымдын жолун кармангандар”, - деп айтылган. Б.а., Исраил уулдары динде 72 топко бөлүндү. Мусулмандар да динде 73 топко бөлүнөт. Алардын эч бирөөсү капыр болбосо да Тозокто көп убакытка болушат. Расулуллахтын жана анын сахабаларынын ишениминде болгон жана алар сыяктуу ибадат жасоочу топ гана Тозокко кирбейт. Ишеним-ыйман маселесинде ижтихад кылууда Расулуллах менен анын сахабаларынын ишениминен айрылган дин аалымдары ыйман келтирүү милдеттүү болгон жана бир добуштан бекитилген акыйдадан (ишенимден) бөлүнсө, капыр болот. Алар "мулхид” деп аталат. Ыйман келтирүү милдетүү эмес жана бир добуштан (иттифак) бекитилбеген ишенимден бөлүнсө капыр болбойт, ишенимде (акыйдада) бидатчы болот. Алар "ахли кыбла” деп да аталат. Амал жана ибадат маселесинде ижтихад кылган кезде милдеттүү жана бир добуштан билдирилген ибадаттарга ишенбеген адам да капыр, б.а мулхид болот. Бирок, милдеттүү жана бир добуштан билдирилбеген ибадаттардан баш тарткандар, эгер мужтахид аалым болсо гана сооп алат. Анткени, мужтахиддик даражасына жеткен аалымдын китептен жана сүннөттөн түшүнгөнү боюнча амал кылуусуна уруксат берилген. Туура тапса эки, ката кылса бир сооп алат деген кабар ушуларга байланыштуу. Мужтахид болбосо, амалда бидат өкүлү "мазхабсыз” болот. Себеби, мужтахид эмес адамдын ижтихад жасоосу болбойт. Ал бир мужтахиддин мазхабын карманууга милдеттүү. Хадиси шарифте Пайгамбарыбыз: "Ла илаха иллаллах деген адамды күнөө кылгандыгы үчүн капыр деп айтпагыла. Аны капыр деген адамдын өзү капыр болот”, - деп айткан. Акыйдасы, ишеними, ахли сүннөт, б.а туура болгондугу үчүн Тозокко кирбей турган адам кылган күнөөлөрүнөн улам Тозокко кирүүсү мүмкүн. Эгер салих киши болсо, б.а., күнөөлөрүнө тообо кылган болсо же кечирилген, шапаат кылынган болсо, Тозокко эч качан кирбейт. Билүүсү милдеттүү болгон, б.а., мусулмандардын окубагандары да билген аалымдардын бир добуштан билдирген акыйда (ишеним) же болбосо ибадаттан бирин кабылдабаган адам капыр жана муртад боло тургандыктан "Ла илаха иллаллах” деп айтса жана бардык ибадаттарды кылса, бардык күнөөлөрдөн сактанса да, ал адам таухид ээси жана ахли кыбла же болбосо бидатчы мусулмандардын эч бирине кирбейт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш