Ислам дини » Соода, алышуу-беришүү » Сооданын мааниси




Сооданын мааниси


Суроо: Кээ бир адамдар: «Соода – бул үчкө алган нерсени бешке сатуу. Бул динге да анча туура келбейт», - дешет. Соода менен шугулдануу, соодагер болуу жакшы эмеспи?

ЖООП

Динибизде соода дагы, чынчыл соодагер дагы макталган. Бир нече хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Береке соодада». [Абу Давуд]

«Ырыскынын тогузу соодада, бирөө болсо малчылыкта.» [Ибни Саад]

«Жаннатта соода болгондо мануфактурачылыкты буйрук кылмакмын, себеби, Абу Бакр мануфактурачы эле.» [Дайлами]

«Эң жакшы табыш – кол эмгеги менен табылган табыш. Соода дагы жактырылган.» [Хаким]

«Чынчыл соодагер Пайгамбарлар, сыддыктар жана шейиттер менен бирге.» [Тирмизи]

«Чынчыл соодагер Кыямат күнү Арштын көлөкөсүндө болот.» [Дайлами]

«Чынчыл соодагер Жаннаттын эч бир эшигинде күттүрүлбөйт.» [И.Нажжар]

«Эң ылайык табыш мына ушул соодагердики – соодада жалган сүйлөбөйт, сөзүнөн кайтпайт, сатып жатканда товарын мактабайт, алып жатканда да [арзанга алыш үчүн] жамандабайт.» [Дайлами]

«Коркок соодагер куру калат, өткүр соодагер ырыскыга жетет.» [Кудаи]

«Бул үч адам башка бир коргоо болбогон Кыямат күнү Аллахтын коргоосунда болот:

1-Ишеничтүү соодагер,

2-Адилеттүү башкаруучу,

3-Намаз окуу үчүн убакыттын кирүүсүн калтыроо менен күнкөн адам.» [Хаким, Дайлами]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш