Ислам дини » Алышуу-беришүү » Карызды кечиктирүүнүн күнөөсү




Карызды кечиктирүүнүн күнөөсү


Суроо: Карызды төлөбөй кечиктирүү күнөөбү?

ЖООП

Карызын убагында төлөбөгөн адамдын келип мөөнөтүн узартууну сурануусу керек. Төлөөгө мүмкүнчүлүгү болгонуна карабастан карызын кечиктирүү – күнөө. Хадиси шарифтерде мындай делген:

«Кимде ким мүмкүнчүлүгү болуп туруп карызын төлөбөй кечиктирсе [карызын бергенге чейин] ар күнү амал дептерине зулумдук кылуу күнөөсү жазылат.» [Таберани]

«Төлөбөө ниети менен карызданган адам Кыяматка ууру болуп келет.» [И.Маже]

«Алган карызын төлөөнү каалабаганга Аллаху таала кыяматта «Мунун акысын сенде калтыра тургандыгымды ойлодуңбу?» деп буюруп, анын жакшы амалдарын алып тигиге берет. Эгер карызын бербегендин жакшы амалы жок болсо карыз бергендин жаман амалдарын, күнөөлөрүн карызы барга жүктөйт.» [Таберани]

«Байдын [төлөө мүмкүнчүлүгү бар болгондун] карызын төлөбөй, качуусу – зулумдук.» [Бухари]

[Карызды маалында төлөбөө зулумдук, төлөбөгөн киши болсо заалым делген.]

«Аллаху таала заалым байды сүйбөйт, аны жаман көрөт.» [Беззар]

Карызы бар адам карызын өтөбөй жатып садага бербөөсү керек. Себеби, хадиси шарифте: «Карызы бар болуп туруп берилген садага кабыл болбойт», - делди. (Бухари)

Берилбеген зекет дагы – карыз. Карызды төлөө, зекет берүү – парз. Зекет карызы болгондун берген садагасы кабыл болбойт. Алгач бул карыздарды төлөшү керек. Мына ушул сыяктуу парз карызы бардын нафил намаздары да кабыл болбойт. Сүннөттөр да нафил деп аталат. (Н.Фыкхыййе)

Карызданбоого өтө дакыт болуу керек! Хазрети Локман Хаким: «Карыз жүгүнүн алдында эзилгенден көрө таш ташууну тандаймын», - деген. Себеби, карыздануу адамды куфурга чейин алып жетелейт. Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам»: «Йа, Рабби, куфурга түшүүдөн жана карызга батуудан сага сыйынам», - деп, карыздануунун өтө жаман экендигин билдирген. (Несаи)

Суроо: Подрядчик кура турчу үйдү келишилген күнү колго тапшырбаса кечиккен ар күн үчүн белгилүү бир кечиктирүү компенсациясын берүүсүн келишимге киргизүү жана кечиктире турган болсо бул компенсацияны алуу жаизби?

ЖООП

Ооба, жаиз. Бирок, маалында төлөнбөгөн аласа үчүн жаиз болбойт. Себеби, аласа үйдү тапшырууга окшобойт. Аласасын кечиктирип артыкча талап кылуу пайыз болот. Аласалуунун зыян тартпоосу үчүн акчанын ошол күнкү баасы алтын менен эсептелет. Төлөнө турчу күнү алтын менен берилет. Долларга же кандайдыр бир буюм менен эсептелбейт. Баа делгенде алтын түшүнүлөт, башка товар же акча түшүнүлбөйт. Себеби, буюмдун баасы алтын менен билинет. (Кашфи румуз-и гурер)

Суроо: «Свет, жаратылыш газы, суу акчасын кечиккенден кийин төлөнгөндө алынган артыкча акча - пайыз, чоң күнөө. Кредит карталарын убагында төлөбөгөндө да алынган артыкча акча дагы ушундай», - дегендер бар. Унутулгандыгы үчүн же колдо акча болбогондугу үчүн төлөнбөсө бериле турчу артыкча акча пайыз болобу?

ЖООП

Булар - кечиктирүүнүн жазасы. Кызыл чыракта өтө турган болсоң жаза жазылат, аны пайыз десе дагы жаза. Бир товарды белгилүү бир пайда менен саткан адам «Баланча пайда алам» дегендин ордуна «Баланча пайыз алам» десе пайыз болбойт. Зарылчылыксыз кечиктирүү жазасын алуу дагы күнөө. Ал башка нерсе. Кечигүү жазаларын пайыз десе дагы пайыз болбойт.

Суроо: Бир досума берген акчаны алуу үчүн абдан кыйналдым. Берүүгө мүмкүнчүлүгү болуп турса дагы көнүмүш адаты болуп калганбы билбейм, айтор, канча жолу сурасам дагы бербейт, ар күн башка бир күнгө кечиктирет. Дайым бир себеп айтып мени алаксытат. Карызы жоктой мамиле кылат. Анын баласы да атасы сыяктуу ар кимден акча алып, кайра бербейт экен. Бул жаман мүнөздүн тукумдан калма мүнөз менен байланышы барбы?

ЖООП

Тукумун тарткандар болушу мүмкүн, бирок, «Атам карызда убадасына турбайт, мен да ошондой кылышым керек», - дегендик өтө жаңылыштык болот. Хадиси шарифтерде буюрулду:

«Карыз - диндарлыкка кара так.» [Кудаи]

«Карыз – түнү кайгы, күндүз кордук.» [Дайлами]

«Карыз – дин жана намысты кемитет.» [Дайлами]

«Карызы бар бирөө кабырында түрмөдө.» [Таберани]

«Карызы бар бирөө кабырында чынжырга байланган.» [Тирмизи]

«Карызданып коркуу ичине кирбегиле!» [Байхаки]

«Өлүүлөрүңөрдүн карыздарын төлөөдө шашылгыла!» [Ибни Маже]

Шашылыш берилүүсү керек болгон карызды төлөй элек жатып садага бербеш керек.

Бөлүп төлөнө турчу карыздар мындан сырткары болуп саналат. Буларда төлөө күнү келгенден кийин себепсиз төлөнбөгөн учурда гана бул өкүмгө кирет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш