Ислам дини » Алышуу-беришүү » Соодада мөөнөт айырмасын суроо




Соодада мөөнөт айырмасын суроо


Суроо: Соодада мөөнөт айырмасын суроо жаизби?

ЖООП

Бир товарды пешин арзан, бересеге же мөөнөткө кымбат сатуу жаиз. Мөөнөт айырмасын суроо болсо жаиз эмес. Мөөнөттүү сатуу менен мөөнөт айырмасы экөө эки башка нерсе. Мисалы, 10 сомдук товарды жакшылык кылып 5 сомго сатуу жаиз болгондугу сыяктуу, мөөнөттүү же мөөнөтсүз түрдү 15 сомго сатуу дагы жаиз. Бирок, мөөнөтү толгондон кийин төлөнбөгөн айлар үчүн мөөнөт айырмасын алуу жаиз болбойт. Бирок, кардар карызын бергенге чейин акчанын куну түшсө товардын сатуучу тарабынан сатылган күндөгү кунун сураса болот. Айтсак, сатылган товардын каршылыгы катары 40 сом менен ошол кезде 1 алтын сом алууга боло турган болсо, азыр акчанын куну түшкөндүгү үчүн ошол эле баадагы алтын алалбаса, мисалы, 1 алтын 80 сом болгон болсо кардардан бир алтын же ошол кунда акча суроо жаиз болот. Ушундай кылуу менен мөөнөт айырмасы алынбаган, сатылган товардын куну суралган болот. Сатуучу зыянга учурабагандай эле кардар дагы артык акча төлөбөгөн болот. Бул Имам Абу Юсуфтун кавили. (Радд-ул-Мухтар)

Суроо:  Бирөөнүн өтө шашылыш акчага муктаждыгы бар, айланасындагылардан дагы карыз акча таба алган жок. Бул киши машинесин 100 миңге сатып, ошол эле учурда 120 миңге мөөнөт менен кайра алууда. Бул жаизби?

ЖООП

Жаиз эмес. Эгер машинени пешин 100 миңге сатып, бир канча күндөн кийин 120 миңге мөөнөт менен төлөөгө кайра алсаңыз бул пайыз болбойт. Бирок, бул келишилген эмес.

Саадат-и Абадиййа китебинде мындай делген: Пайыз күнөөсүнөн кутулуу үчүн (Ыйна) жолу менен карыз берүү жаиз болот. Ибни Абидин (Сарф) жана (Кафалат) акырында мындай деп буюрууда: «Ыйна сатышында бай киши он сом баасындагы товарды кедейге мисалы » сомго бересеге сатат. Кедей, товарды алып, башка бирөөнө пешин он сомго сатып, он сом алган болот. Байга  сом карыз болот. Имам Абу Юсуфка карата жаиз.

Ыйна – бул бир товарды бересеге сатып, муну ошол эле мажлисте бул кардардан пешин жана арзан сатып алуу. Экинчи баа пешин болгондугу үчүн мындай сатыш «ыйна сатыш» деп алалган. Эки баа мурдатат чечимделип шарт кылынса сөз бирдиги менен харам. Алдын ала шарт кылынбаса Шафииде жаиз болот. Кардар бул товарды ошол мажлисте башка бирине сатса жаиз. (Хадика, Барика)

Суроо: Мен ар качан 800 сомго пешин сатылган бир товарды бересеге миң сомго сатуудамын. Бир досум сага 800 сом берейин барып пешин ал, ал жерге бере турчу миң сомдук чекти мага бер деди. Бул жаиз болобу?

ЖООП

Китептерде мындай делүүдө;

Бай киши он миң сом кунундагы товарды кедейге мисалы 12 миң сомго бересеге сатат. Кедей киши бул товарды алып, башка бирине пешин он миң сомго сатып, он миң сом алган болот. Байга 12 миң сом карыз болот. Бул түрдөгү сатыш жаиз.

Дагы китердерде мындай делет;

Бай киши миң сом карыз сураган кедейге бир товарды 2 миң сомго бересеге сатат. Кийин досу Алини жиберет. Али болсо өзү үчүн ал товарды кедейден миң сомго пешин алат, бирок, акчасын али бере электе ал товарды байга миң сомго сатат. Акчасын кедейге бер деп айтат. Бай болсо миң сомду кедейге төлөйт. Күнү келгенде кедейден эки миң сомун сурайт. Мындай сатышка Расулуллах алейхиссалам уруксат берген. (Кадихан)

Бул түшүндүрмөгө караганда ал достон 800 сомго алуу үчүн бир сыя калемди же башка бир товарды ага 800 сомго пешин сатасыз. 800 сомду фабрикага алып барып товарыңызды аласыз. Ал дос болсо бир сыя калемди же башка бир товарды сизге миң сомго бересеге сатат. Фабрикага бере турчу миң сомдук чекти ал доско бересиз. Күнү келгенде доско миң сом төлөйсүз. Ушундайча пайыздан кутулган болосуз.

Суроо: Бир товардын пешин баасы 7 сом, он айлык мөөнөт менен алсак 10 сом. Бир соодагер мындай дейт: «Мен сага 7 сом берем, барып товарды ал. 12 айлык мөөнөт менен мага 10 сом төлөйсүң». Бул туурабы? Туура болбосо кантиш керек?

ЖООП

Бул пайыз болот. 7 сомдук товарды пешин 10 же 12 сомго алсаң жаиз болот. Зарылчылыксыз пайызга аралашпоо керек. Мындайча болсо пайызга түшпөйсүз; Соодагер барып ал товарды пешин алат. Бересеге сизге 10 сомго же андан көпгө сата алат. Мунун эч зыяны болбойт. Айын узарта алат, кыскарта алат. Каалаганындай кыла алат. Акчаны пайыз менен бере албайт. Ар ишибизди динге ылайыкташтырышыбыз керек. Динди өзүбүзгө ылайыкташтырбашыбыз керек.

Суроо: Бир товарды мөөнөткө сатууда кечигүү жазасын коюу жаиз болобу?

ЖООП

Жаиз болбойт, пайыз болот. Бирок, карызын сатыш убагындагы алтынга карай куну белгиленип, «Мөөнөтүндө төлөнбөсө аласабызды алтынга карай сурамакчыбыз» делсе ошончолук суроо жаиз болот.

Белгисиз мөөнөткө бөлүп сатуу

Суроо: Мөөнөттөрү белгиленбестен бир жылда ар кайсы аралык менен өтөө шарты менен товар сатуу жаизби?

ЖООП

Жаиз, себеби, убакыт белгилүү. Бир жылдан кийин өтөлүүсү керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш