Ислам дини » Соода, алышуу-беришүү » Эмгек акысына капырга иш кылуу




Эмгек акысына капырга иш кылуу


Суроо: Германияда иштейм. Чиркөөнүн электр жана башка ремонт иштерин жасашыбыз керек, зыяны жокпу? Бир досум болсо машинеси менен суусундуктарды ташыйт, кээде ичкиликтерди дагы ташыттырышат. Ичкилик ташуу күнөө болобу?

ЖООП

Чиркөө ремонтунда иштөө күнөө эмес. Себеби, бул иштин өзү күнөө эмес. (Баззазиййа)

Ибни Абидин хазреттери мындай деп буюрууда:

«Эмгек акы менен капырдын шарабын ташуу, чиркөө оңдоо жана христианга зуннар [поптун белдемчеси] сыяктуу күфүрлүк белгилерин сатуу Имам Азамга карай жаиз.» (Радд-ул мухтар 5\251)

Суроо: Туристтик аймакта дүкөнүм бар. Христиан туристтер крест барбы деп сурашат. Аларга крест сатуу жаиз болобу? Ошондой эле, христиандар көп акча берип, крест чыгаруумду каалашууда. Бизге жасатпашсын деп көп акча сурадым, берели дешти. Алар үчүн крест жасап чыгаруум жаизби?

ЖООП

Крест зуннар сыяктуу күфүр белгиси. Бирок, кээ бир аалымдарга карай сатуу жаиз. Жаиз деген сөз жасалуусу, кылынуусу керек дегендик эмес. Муктаждык болбостон кылбоо жакшы болот.

Суроо: Европада жашайбыз. Чочкого чабандык кылуу жаизби?

ЖООП

Мусулман эмес адамга эмгек акысына чочкого чабандык кылуу Имам Азам Абу Ханифага карай жаиз, алган эмгек акысы адал болот.(Радд-ул Мухтар)

Суроо: Капырлар жасаган оокаттарды, өндүргөн азыктарды, кийимдерди колдонууда же алар менен соода кылууда кооптуу нерсе барбы?

ЖООП

Жок.

Мусулман эмес адамга кызмат кылуу

Суроо: Азыр бир мусулман адамдын Европага барып мусулман эместерге кызмат кылуусу жаизби?

ЖООП

Мусулман эместердин өлкөсүндө капырга эмгек акысына кызмат кылуу жаиз. Ибни Абидин хазреттери мындай деп буюрууда:

«Эмгек акысына капырдын шарабын ташуу, чиркөө оңдоо жана христианга зуннар сыяктуу күфүр белгилерин сатуу Имам Азамга карай жаиз. Мусулман кардарга мажусинин маасысын жасоо же фасыктын кийимин тигүү макрух, себеби, мажусилерге жана фасыктарга окшоого себеп болуу.» (Радд-ул мухтар)

Эч бир динде капыр өлкөсүндө эмгектенүү жана капырга кызмат кылуу тыюу салынган эмес. Динибизде дагы мындай бир тыюу жок. Азыркы мусулмандардын Европага эмгектенүүгө баруусу сыяктуу Мекке мусулмандары дагы убагында Хабашистанга хижрат кылышкан, ал жерде мусулман эместердин иштеринде эмгектенишкен.

Хазрети Юсуф пайгамбар болсо дагы пенделердин кыйын абалда экендиктерин көрүп, капыр падышадан кызмат сурады. Ушундайча адамдарга кызмат кылды. Андай болсо, пенделерге кызмат кыла тургандыгын билген жана муну өзүнөн башка кыла турчу бирөө жок экендигин көргөн адамдын бул ишке бир заалымдын келип отуруусуна кедерги болуу үчүн жана мусулмандарга кызмат кылуу үчүн мусулман эмес башчылардан дагы кызмат суроосунда, имамдык, муфтийлик, ваиздик, мугалимдик сыяктуу мамлекет кызматын талап кылуусунда зыян жок. Бир жакшылык кылбаса дагы жок дегенде мусулмандарга зыян келүүсүнө кедерги болуу дагы ибадат болуп саналат. Кечиримдүү бир себеби болмоюн кызматынан баш тартуу дагы ушун үчүн жаиз эмес. (А.Абадиййа)

«Юсуф алейхиссаламдын дининде мусулман эмес адамга кызмат кылуу жаиз эле, мусулмандыкта болсо жок» деп айтуунун болсо илимий салмагы жок. Мусулман эместерге кызмат кылып эмгектенүү ар динде бар.»

Мусулмандын башчысы, эмири капыр адам болуусу мүмкүн. Мисалы, хадиси шарифте: «Эмир сага «Же мусулмандыкты ташта же өлтүрөм» десе, мусулмандыкты таштаба, мойнуңду сун», - деп буюрулду. (Хаким) [Мусулман болгон эмир (башчы) мусулмандыкты ташта дебейт.]

Капырлардын арасында калып, малынан-жанынан кооптонгон адам аларга жүрөктөн эмес тили менен жакшы мамилесин көрсөтүүсү жаиз. Пайгамбармын деген жалганчы Мусайлама чын сүйлөгөн бир сахабаны шейит кылган эле. Ал сахабанын ишенимин жашыруусу болсо жаиз эле. Чындыгында мушриктер Хазрети Аммарга атасы Хазрети Ясир жана апасы Сумаййа хатунга кыйноо көрсөтүшүп, «Лат жана Узза буту Мухаммеддин дининен жакшы» деп айт дешип, айтпаса кыйноо көрсөтүшчү. Акыры эне-атасы кыйноо менен шейит кылынышты. Хазрети Аммар капырлар кыйноо көрсөтүшкөндө алардын айткандарын тили менен айтты. Аммар капыр болду деп айтышкан кезде Расулуллах алейхиссалам: «Аммар капыр болгон жок, ал баштан-аяк ыйман менен толо», - деп буюрду. Демек күфүр болгон бир сөздү мындай абалдарда бир гана тил менен айтуу жаиз. Расулуллах алейхиссалам Хазрети Аммарга: «Мушриктер кыйнашса дагы ушинтип айт», - деп буюрду. (Ибни Асакир, И.Мажа)

Капырлар жеңиштүү болуп турган жерде чыкдыкты айтпоо жаиз. Шафииде заалым мусулмандар арасында дагы жаиз болот. Мусулмандар карып, алсыз болуп турганда кыяматка чейин ар жерде жаиз. Себеби, момун адам мүмкүн болушунча зыянды өзүнөн алыстатуусу керек.

Имам Куртуби хазреттери «Аллаху таала түшүргөн менен өкүм кылбагандар – капырлар, заалымдар жана фасыктар» деген маанидеги аяти карималардын ахли китеп болгон мусулман эместер үчүн экендигин билдирүүдө. Калган тафсир китептеринде дагы ушундай билдирүүдө.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш