Ислам дини » Алышуу-беришүү » Кредит алуу жана кредит картасын колдонуу




Кредит алуу жана кредит картасын колдонуу


Суроо: Банктын кредити менен үй жана машина алууга болобу?

ЖООП

Зарылчылык болбосо да үй нафакадан болгондуктан үйү болбогон адамдын кредитке үй алуусу жаиз болот, бирок, зарылчылыксыз машина же соода үчүн кредит албоо керек. "Кызматтар үчүн” (за услуги) деп бир өлчөм акча алынып, пайызсыз кредит берилип жаткан болсо ушундайча берилген кредитти алуу жаиз болот.

Суроо: Ар кандай чыгымдарда, соода-сатыкта кредит картасын колдонуу жаизби?

ЖООП

Кредит картасын колдонуу жаиз. Кредит картасы менен бир буюмду бөлүп төлөө шарты менен кымбатыраак алуу дагы жаиз. Зарылчылыксыз кредит картасынан колмо-кол акча алып пайызын төлөө жаиз эмес. Ошону менен катар зарылдыгы болмоюнча кредит картасынын карызын убактылуу төлөбөй кечиктирүү үчүн айып пулун төлөө жаиз болбойт. Ушул сыяктуу электр, суу эсептөөчүлөрүн да төлөбөй, айып пул төлөө жаиз эмес. Акча таба албаса же унутуп коюп кечиктирген болсо күнөө болбойт.

Пайызга кредит алуу

Суроо: Үй жана азык-түлүк сыяктуу нафакадан болуп санала турган нерселерден башка зарылчылыксыз кредит алып, пайызын төлөө жаиз болбойт. Нафакадан болуп эсептелбей турган буюмдарды алуунун жаиз болуусу үчүн кандайдыр бир жолу, чарасы жокпу?

ЖООП

Зарылдык болгон жагдайда пайызга болсо да кредит алуу жаиз болот, анткени, "Зарылдык харамдарды мубах кылат” делген. Ошондой бир абал туулуп, зарыл болуп саналып же саналбай тургандыгы белгисиз болсо мындай жагдайларда пайызсыз акча алуунун бир нече жолу мына мындай:

1- Азыркы кезде кредит картасы менен соода-сатык кылынып жүрөт. Бир буюмду бөлүп төлөө шарты менен кредит картасы аркылуу 50000 сомго алынган болсо бул затты башка бирөөнө 45000 сомго сатууга болот.

2- Кредит картасы менен алтынды бөлүп төлөө шарты менен 50000 сомго алган болсо башка зергерге алдын ала (наличка катары) 45000 сомго сата алабыз.

3- Жүзөгө аша турчу пайыз үчүн "кызматтардын чыгымы, комиссия” сыяктуу себептер деп белгиленген болсо пайызсыз алынган болот. Себеби, соода-сатыкта, белек берүүдө, антта, никеде, назырда (адакта) максатка эмес сөзгө каралат.

4- Машина, жумуш орду, станок сыяктуу бир нерсе ала турган кезде ошол жердеги банк же болбосо кайсы гана банк болбосун алына турчу буюмду өзү сатып алып белгилүү мөөнөттө төлөө шарты менен кымбатыраак сатса, мисалы, 3000 долларлык буюмду 4000 долларга сатса пайыз болбойт, жаиз болот.

Кыскасы, динибизге моюн сунгусу келген адамга бир чарасы табылат

Нафака жана пайыз

Суроо: Диний китептерде: "Нафака – ичип-жей турган азык, кийим-кече жана турак жай”, - деп билдирилген. Булардын бирине жете албаган бир адам зарыл жагдайга учурап, пайызсыз ала тургудай карыз акча таба албаса нафакасын камсыз кыла турчу өлчөмдө пайызга карыз акча алуусу жаиз болобу?

ЖООП

Ооба, зарылчылык болгон жагдайда нафака үчүн жаиз болот. (Эшбах шархы, Уйун-ул басаир)

Машина сатып алуу

Суроо: Азыркы мезгилдин шарттарында банктын кредити менен машина сатып алуу жаизби?

ЖООП

Азыркы мезгилдин шарттарында Бишкек сыяктуу чоң шаарларда мусулмандын өзүн жана үй-бүлөсүн күнөөдөн, харамдан коргош үчүн машина алуусу шарт болот, себеби, харамдан кутулууга тырышуу фарз болуп эсептелет. Харам кылуу кообу болбосо машина алуу кажет эмес. Зарылдык болгон кезде банктан кредит алуу дагы жаиз болот. Манилүүсү машина зарыл болуп саналабы же саналбайбы ошону аныктоо керек.

Кредит картасынын бонустары

Суроо: Эки же андан да көп шериктеши бар компанияларда актив катары иштей турган же арткы планда болгон шериктештер компания белгилеген түрдө айлык алат. Компаниянын кирешеси менен чыгашасына орток болот. Шериктештердин бири өз атына же компания атына орун алган банктын же компаниянын кредит картасын компанияга товар таап келүү үчүн колдонот. Бул карталар менен жумшалган акча үчүн бонус иретинде колмо-кол акча же белгилүү соода-сатык үчүн бонус катары самолет билети же баланча убакытка, баланча жерде эсалуу деген сыяктуу ар түрдүү белектерди берет. Бул берилген белектер компанияга тийиштүүбү же кредит картанын ээсинеби? Ошону менен бирге компаниянын шериктештеринин бирине же кызматкерлеринин бирине фирмалардан ар түрдүү белектер келет. Бул белектер компанияга тийиштүүбү же белек жиберилген адамга тийиштүүбү?

ЖООП

Кредит картасы менен компанияга алынган буюмдардан жыйналган пайдалар жана компаниянын атына берилген белектердин баары компаниянын акысы болуп саналат. Кызматкер же шериктештердин бири: "Мен өз кредит картам менен алдым” же "Белек менин атыма келди”, - деп бул белектерди өзү алса компанияга кыянаттык кылган болот. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

"Аллаху таала мындай дейт: Шериктештердин бири башкасына кыянат кылбай жүргөн убакыт бою мен эки шериктештин үчүнчүсүмүн. Кыянат кыла турган болсо араларынан кетем.” (Абу Давуд)

Бир шериктештиктен Аллаху таала чыга турган болсо ал жерге шайтан кирет жана ал компанияда бакытсыздык башталат. Бул белектер менин аракетим менен келди, бул бонустар менин кредит картама тийешелүү деп ээ болууга тырышуудан колдон келгенче сактануу керек.

Кредит картасынын белектери

Суроо: Кредит картасын колдонуучуларга бериле турчу белек бонустарын, телефон бирликтерин колдонуу жаизби?

ЖООП

Ооба, эч кандай зыяны жок.

Кредитке үй алуу

Суроо: С.Абадиййа китебинде: "Эч бир мамлекетте, эч кимден, банктан жана кооперативден зарылдык болмоюнча эч бир себеп менен карызга акча алып, пайызын төлөө жаиз эмес”, - делген. Эч бир мамлекетте делгенине караганда Франция, Германия сыяктуу мусулман болбогон мамлекеттерде дагы кредитке үй алуу жаиз болбойбу?

ЖООП

Ичип-жей турган азык-түлүк, кийим-кече жана турак жай (үй) нафакага жатат. Ошондуктан, үйү жок адамдын Франция, Германия сыяктуу мусулман болбогон мамлекеттерде кредитке (пайызга) үй алуусу жаиз болот. Анткени, ошол С. Абадиййа китебинде мындай делген:

"Франция, Германия – дар-ул харб (капыр мамлекет) болуп саналат. "Мултака” китебинде мындай деп билдирилген: "Дар-ул харбда мусулман менен капыр арасында пайыз болбойт”. "Мажмаул анхур” китебинде:  "Хадиси шарифте: "Дар-ул харбда мусулман менен капыр арасында пайыз болбойт”, - делген.”

Көрүнүп тургандай үйү болбогон адамдын ижарага үй алууга мүмкүндүгү болсо да үй нафакага жаткандыктан кредитке үй сатып алуусу жаиз болот. "Жаиз болбойт” деп айтуу ушул маанилүү китептерди кабыл кылбагандык болот.

Билим берүү кредити

Суроо: Муктаждыгы бар бир студент берилген билим берүү кредити менен окуса, билим алса болобу?

ЖООП

 

Муктаждыгы бар болсо ушундайча билим алса болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш