Ислам дини » Сүрөлөр жана дубалар » Кээ бир дубалардын маанилери




Кээ бир дубалардын маанилери


Таңда жана кечте 100 жолу окулса бардык күнөөлөр кечириле турчу таспих:

(Субханаллахи ва би-хамдихи, субханаллахил азим)

Мааниси:

Кемал сыфаттар менен сыпаттанган жана кемчилик сыпаттардан бери болгон Аллахты хамд менен таспих кылам.

Намазда таспихтерди тарткандан кийин дуага колдорду көтөрүп жатканда окулганда күнөөлөр кечириле турган дуа:

(Ла илахе иллаллаху вахдаху ла шерике лех лахулмулку ва лахулхамду ва хува ала кулли шейин кадир)

Мааниси:

Аллахтан башка илах жок. Ибадатка ылайык жалгыз Аллах, Ал бир, ортогу жок, аалам Анын мүлкү, хамд Ага тийиштүү, ал баарына кадыр.

Кыйынчылыктардан кутулуу үчүн окулган калима-и тамжид:

(Ла хавла вала куввата илла биллахилалиййилазим)

Мааниси:

Аллахтан башка күч ээси жок. Бардыгына кубат жана күч берген бир гана затий жана субутий сыфаттардын ээси улук Аллах.

Коркуу жана балээлерден кутулуу үчүн таңда жана кечте үч жолу окулган дуба:

(Бисмиллахиллази ла йадурру меасмихи шей ун фил эрды ва ла фиссамаи ва хувес-семи ул алим)

Мааниси:

Аллахтын улук ысымына сыйынганга жерде жана көктө эч бир нерсе зыян бере албайт, Ал бардыгын угат жана билет.

Назардан жана ар түрдүү зыяндардан коргонуу үчүн окулган дуба:

(Эузу бикелиматиллахиттаммати мин шерри ма халека)

Мааниси:

Бардык жаратылгандардын зыянынан Аллахтын кемчиликсиз сөздөрүнө [аяттарына, б.а., Куранга]калкаланам.[Себеби, аяттарында ачык жана жашыруун ар илим, ар ихсан, ар тадбир бар]

Көз тийгенге окулган дуба:

(Эузу би-келиматиллахиттаммати мин шерри кулли шейтанин ва хамметин ва мин шерри кулли айнин ламметин). [Бул дуба күн сайын таңда жана кечте үч жолу окулуп өзүнүн үстүнө үйлөнсө көз тийүүдөн жана шайтандардын жана да айбанаттардын зыяндарынан корголот.]

Мааниси:

Шайтандардын, жаныбарлардын жана кем көздөрдүн зыянынан Аллахтын кемчиликсиз сөздөрүнө [аяттарга, б.а, Куранга]калкаланам.[Себеби, аяттарында ачык жана жашыруун ар илим, ар ихсан, ар тадбир бар.]

Күнөөлөрдү кечирткен эң баалуу таспих:

(Субханаллахи валхамду лиллахи ва ла илахе иллаллаху валлаху экбер)

Мааниси:

Аллахты хамд жана таспих кыламын. Аллахтан башка илах жок жана Ал эң улук.

Эртең менен жана кечинде окулуу керек болгон истигфар:

(Аллахумма энте рабби лаилахе илла энте халактени ва эне абдуке ва эне ала ахдике ва вадике местетату эузу бике мин шерри ма санату эбуу леке би-ниметике алеййе ва эбуу би зенби фагфирли ла йагфируззунубе илла энте. Ла илахе илла энте субханеке инни кунту минез залимин) [Муну күндө эртең менен окуган адам кечке чейин, кечинде окуган эртең мененкиге чейин өлө турган болсо шейит болот]

Мааниси:

Аллахым, Сен менин Раббимсиң, Сенден башка мабуд жок, бир гана Сен барсың, мени жоктон жараткан Сенсиң жана мен Сенин кулуңмун, күчүмдүн жетишинче Сага берген ахдымда жана сөзүмдө турам, кылган жаман нерселеримдин зыянынан Сага баш калкалайм, мага болгон ниматтарыңды жана күнөөлөрүмдү моюндаймын, менин күнөөлөрүмдү кечир, себеби, Сенден башка багыштоочу жок. Сенден башка эч бир илах жок, Сени бардык кемчиликтерден танзих кыламын. Чындыгында мен напсиме акысыздык кылгандарданмын.

Динде бекем туруп, акыркы демде ыйман менен өлүү үчүн:

(Аллахумма, йа мукаллибел кулуб, себбит калби, ала диник)

Мааниси:

Эй улук Аллахым, көңүлдөрү жакшыдан жаманга, жамандан жакшыга бурган бир гана Сенсиң. Көңүлүмдү дининде бекем кыл, дининен кайтарба, Мусулмандыктан айырба!

Таждид-и ыйман жана нике дубасы:

(Аллахумме инни уриду эн ужеддидел-имане вен-никаха теждиден бикавли ла илахе иллаллах Мухаммедун Расулуллах)

Мааниси:

Йа Рабби, "ла илахе иллаллах Мухаммедун Расулуллах” деп ыйманымды жана никемди тазаладым.

Эртең менен кечинде окула турчу ыйман дубасы:

(Аллахумма инни эузу бике мин эн ушрике бике шей-эн ва эне алему ва эстагфиру-ке ли-ма ла-алему иннеке энте) алламул-гуйуб)

Мааниси:

Аллахым билип туруп ширк кошуудан сага баш калкалайм. Билбестен кошкон болсом мени кечир, Сен бардыгын билесин.

Тамак дубасы:

(Эл-хамду-лиллахиллези эшбеана ва эрвана мин-гайри-хавлин минна ва ла куввех. Аллахумме атимхум кема атамуна. Аллахуммерзукна калбен такыййен, минешширки бериййен ла кафирен ва ла шакыййен велхамдулиллахи раббилалемин)

Мааниси:

Бизди күчүбүз, кубатыбыз жокто бизди ниматтары менен тойгузган жана суусообузду кандырган Аллаху таалага хамд болсун. Йа Рабби, бизге бул тамактын даярдалуусунда эмгеги сиңген жана бизге ниматтарды икрам кылгандарга Сен да икрам кыл. Йа Рабби, биздин көңүлүбүздү ширк жана жамандыктардан корго. Бизге динибиздин буйруктарына баш ийген көңүл насип кыл.

Шүгүр дубасы:

(Аллахумма ма эсбаха би мин ниматин эв би-эхадин мин халкыке, фе минке вахдеке, ла шерике леке, фе лекел хамду ва лекешшукур)

Мааниси:

Йа Рабби, мага жана калган жараткандарыңа берген маддий жана манавий ниматтарың таңга (кечке) чейин биздин жаныбызда болуусу бир гана Сенден. Сенин ортогуң жок. Сага хамд жана шүгүр кылабыз. [Кечинде окуганда (Ма эсбаха) дегендин ордуна (Ма амса) деш керек.]

Салават: [Эң кыскасы]

Аллахумма салли ала Мухаммед ва ала али Мухаммед.

Мааниси:

Аллахым, Мухаммед алейхиссаламга жана Анын аалине салат-у салам болсун.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш