Ислам дини » Сүрөттөрү менен намаз » Сүрөттө таяммумдун көрсөтүлүшү




Сүрөттө таяммумдун көрсөтүлүшү


Суроо: Таяммум алууну талап кыла турчу абалдар эмнелер?

ЖООП
Даарат алуу же гусул алуу үчүн суу табылбаса же суу болсо дагы аны колдонууга мүмкүн болбогон абалда таза топурак, кум, ак таш жана таш сыяктуу топурак түрүнөн болгон таза бир нерсе менен Ханафиде убакыт кирүүдөн мурда дагы таяммум алууга болот. Калган үч мазхабда убакыт кирүүдөн мурда алуу жаиз эмес.
Таяммум алууну талап кылган эң башкы абалдар абалдар мына булар:
1- Даарат же гусул үчүн суу таба албоо (Шаарда дайыма суу издөө - фарз.)
2- Суу колдонууга тоскоол болгон оору, суу колдоно турган болсо сууктан өлүү же ооруп калуу коркунучу бар болсо.
3- Суунун жанында зыян бере турчу душман же жырткыч, уулуу айбан бар болсо.
4- Түрмөдө болуп, суу колдоно албаган абал болсо.
5- Өлүм менен коркутулса.
6- Жолчу болуп, жанында иче турган суудан артык суусу жок болсо.
7- Кудук болуп туруп, бирок андан суу алып чыгуу мүмкүнчүлүк болбосо.
Таяммумдун фарзы үч:
1- Ниет кылуу.
2- Эки алакан ичин таза топуракка сүрүп, жүзгө толугу менен масх тартуу.
3- Колдорду таза топуракка уруп, алгач оң, кийин сол колго масх тартуу.
Таяммумдун фарзы эки дегендер үчүн экинчи же үчүнчү фарз бир фарз катары айтылат.

Таяммумдун сүннөттөрү:
1- Топуракка алакандын ичин койуу.
2- Алаканды топурак үстүндө алдыга-арка тартуу.
3- Алаканда топурак бар болсо топурак калбаганга чейин эки колду баш бармактар менен бири-бирине кагуу.
4- Колдорду топуракка коюп жатканда манжаларды ачуу.
5- Бисмиллах менен баштоо.
6- Алгач жүзгө, кийин колдорго масх тартуу.
7- Даарат алган сыяктуу тез кылуу.
8- Сапардагы адам бир миль [1920 метр] ичинде суу бар экендигин билсе издөөсү фарз, эгер так билбей бирок, бар деп ойлой турган болсо анда сүннөт.
9- Биринчи оң, кийин сол колго масх тартуу.
10- Колду топуракка койгондо кубат менен уруу.
11- Колдорго төмөндө түшүндүрүлгөн түрдө масх тартуу.
12- Манжалардын арасына масх тартуу жана мунун кылып жатканда шакеги бар болсо ары-бери жылдыруу.

Таяммум тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөндөгү шилтемени басыңыз.

http://islamdini.kg/gusul-hayz-daarat-namaz/daarat-tayammum/

 

    

Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш